Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков коалициялык көпчүлүк тууралуу “Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Коалициянын тегерегинде көп сөздөр жүрүп жатат. Коалиция куроо мүмкүнчүлүгү бул ирээт Социал-демократтар фракциясына берилет, сизди негизги оюнчу деп айтышууда. Коалиция кандай форматта түзүлүшү мүмкүн? “Ата Журт” фракциясындагылар баары кириш керек деп билдирүүдө, “Ата Мекен” болсо бийликтеги тең салмактуулук сакталышы үчүн КСДП коалицияга кирбеши керек дейт.

Турсунбеков: Мунун баары азырынча сөз бойдон калууда. Себеби конкреттүү эч нерсе жок. Ошол эле учурда коалицияга киребиз деген атажуртчулар бар. “Ата Мекендин” ичиндегилер деле коалицияга киришибиз керек деген ниетин билдирип жатышат. Ошон үчүн мындай, же тигиндей болот деп айтуу кыйын. Бирок кандай гана болбосун, биз бул коалицияны жаңылоо, кеңейтүү туура болот деген ниеттебиз.
Акырындап парламенттик система өзүнүн ишке, жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп кетти.

Өзүңүздөр жакшы билесиздер, шайлоо учурунда көптөгөн саясий күчтөр биздин партиянын талапкерин колдоп чыгышты. Бул факт да кандайдыр бир деңгээлде саясий күчтөрдүн биригишине көмөк көрсөткөн, өбөлгө болгон көрүнүш болду. Дал ошол биримдикке умтулуу аракети мындан ары да күчөйт. Ушундан улам коалицияны жаңылайбыз деген бекем ишенимде турабыз.

“Азаттык”: Жакынкы билдирүүңүздө Алмазбек Атамбаев ант кармап, өкмөт тарагандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы кызматтан кетиши керек дедиңиз. Бирок төрага өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча ордунда кала алат дешет. Сиз төрага кетиши керек деп саясий логикага карап айттыңызбы, же мыйзамда ошондойбу?

Турсунбеков: Мен логикага таяндым. Эгерде “Ата Журт” коалицияга кирбей калса деген маселени айттым. Муну да баса белгилеп коеюн. Эгерде “Ата Журт” коалицияга кирсе, анда азыркы төраганын мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Эгер фракция коалицияда калса, ал ордунда калат, Конституция боюнча да 80ден кем эмес добуш керек. Ошондуктан бул жагын да сөзсүз эске алыш керек. Эгерде коалицияга кирбей калса, анда сөзсүз кетиши керек. Бул менин пикирим.

“Азаттык”: Өкмөт башчынын тегерегинде имиштер чыгып жатат. Ал жерге ар кимди кудалай башташты. Кечээ Жоомарт Оторбаев болот экен деп сөз чыкты. Премьерликти бекитүүдө президенттин ролу кандай болушу мүмкүн?
Парламенттик башкаруу Кыргызстанда өзүнүн жолун салып уланып кетет деген терең үмүттө турам.

Турсунбеков: Биринчи кезекте өкмөт башчысы коалициянын түзүлүшүнө жараша болот. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бул боюнча “Республика” фракциясынын өз позициясы бар. Ошондой эле башка партиялардын да позициясы бар. Коомдук пикирди да эске алуу керек. Мунун баары коалиция түзүлгөндөн кийин билинет.

“Азаттык”: Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнүнө бир жылдан ашып калды. Бул система кулайт, өзүн актабай калды деп айтылууда. Мына бир жылдан ашык убактан бери иштеп жатасыздар. Кыргызстанда парламенттик башкаруу кыртыш алды деп ишенимдүү айта аласызбы?

Турсунбеков: Менин аракетим да, Кыргызстанда парламенттик система орноп калышына кызыкдар саясий күчтөрдүн бардыгынын аракети бул система көбүрөөк иштеп турганга, жакшы жактарын көрсөтүүгө багытталган, ушундай болот деген үмүтүбүз бар.

Бийликтин бир колго топтолбошу, бир адамдын көзүн карабоо, ошондой эле коомдогу маанилүү маселелерге келгенде ар түрдүү көз караштарга, кызыкчылыктарга, коомдогу жең ичинен ичип-жегендерге каршы күрөшүүгө келгенде парламенттик башкаруу өзүнүн башка башкарууларга караганда артыкчылыгын көрсөтүп жатат. Ошондуктан акырындап эл да парламенттик башкаруунун жакшы жактарына ынана баштайт. Парламенттик башкаруу Кыргызстанда өзүнүн жолун салып уланып кетет деген терең үмүттө турам.

Бир жылдын ичинде, албетте, чуру-чуулар көп болду. Ал да болсо парламенттик башкаруунун негизиндеги чуулар. Анткени коалициялык көпчүлүккө кирбей калган күчтөр, коалициядагы кээ бир күчтөр, айрым бир амбициялуу депутаттардын кызыкчылыгына байланыштуу аракеттер болду. Коалицияны оодаруу аракеттери болду. Бирок ошол эле айрым оппозициялык фракциялардын ичиндеги күчтөрдүн жардамы менен өкмөт да, көпчүлүк да сакталып калды. Акырындап парламенттик система өзүнүн ишке, жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп кетти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG