Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупцияга айыпталгандарды жоопко тартуу мөөнөтүндөгү чектөөнү алып салууга каршы чыгышты.

“Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан мыйзам долбоору Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупция боюнча иштердин мөөнөтүндөгү чектөөнү алып салуу максатын көздөйт.

Өмүрбек Текебаев бул мыйзам учурдагы жемкордукка каршы күрөшкө дем берерин айтып, чукул арада кабыл алуу зарылдыгын билдирип келген. Бирок аталган мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңеште экинчи окууда талкууланып, кабыл алынган жок. Бул мыйзам долбооруна жыйынга катышкан 99 депутаттын 55и каршы добуш берди.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева аталган долбоордун өтпөй калышын коррупцияга каршы күрөшкө бут тосуу деп атап, мыйзам долбоорду парламенттеги “колу таза эмес” депутаттар колдобой койду деп билдирүүдө:

- Айрым депутаттардын артында коррупцияга аралашкан мыйзамсыз иштер бар болсо керек. Ошондуктан, бул мыйзам долбооруна каршы болуп, өткөрбөй коюшту. Бирок аталган мыйзам долбоору кимдир бирөөгө багытталбастан, мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо максатын көздөгөн болчу.

Анткен менен Сасыкбаеванын пикирин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева колдобойт. Жолдошева аталган мыйзам долбоорго каршы добуш берүү себебин “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Учурдагы мыйзамдарды так колдонуу менен деле коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө болот. Бирок кийинки мезгилде менин кесиптешим (Текебаев - авт.) мыйзам чыгаруу менен өч алууну ишке ашырып жатат. Бул мыйзам тандалмалуу жол менен оппозицияга каршы колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан колдогон жокпуз. Ал эми мен өзүм бул мыйзамдан корккондой деле деле кылмыш кылган эмесмин.

Негизи учурдагы Кылмыш-жаза кодексиндеги ченемге ылайык, жемкордукка шектелген жаран 10 жыл ичинде жоопкерчиликке тартылбаса, тиешелүү мөөнөт аяктаган соң андан бул айып алынат. Эксперт Азамат Акелеев учурдагы депутаттардын арасында да жемкордукка аралашкандар көпчүлүктү түзгөнү үчүн аталган мыйзам долбоорду өткөрбөөгө аракет күч болду деген пикирде:

- Биздин Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары мамлекеттик кызматтардан келишкен. Алардын арасында, коррупциялык иштерге аралашкандар да бар болсо керек. Бул мыйзамдан чочулап, толук талкуулабай, кабыл албоого тырышкандары ачык-айкын эле көрүнүп калды.

Ошол эле учурда Асия Сасыкбаева добуш берүү да мыйзам бузуулар менен коштолуп, жыйынга катышпаган депутаттардын ордуна башка эле эл өкүлдөрү каршы деген добуш берип койгонун айтууда. Мындан улам Сасыкбаева Жогорку Кеңеш төрагасына бул мыйзам долбоорду кайрадан добушка коюуну өтүнүп кайрылганын да кошумчалады.

Чындыгында эле Сасыкбаева билдиргендей, коррупционерлерди жазалоонун мөөнөтүн узартууну сунуштаган мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын айрымдары кечээги жыйынга катышпаганын, алардын ордуна башка эл өкүлдөрү добуш берип койгонун бүгүн айтып чыгышты. Маселен, “Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев сыртка чыгып кеткен учурда башка депутат анын ордуна добуш бере салганын айтты:

- Мен кечээ телеге интервью берейин деп чыксам, менин ордума башка бирөө басып салыптыр. Болбосо, бул мыйзамды мен колдойм. Биринчи окууда да колдоп добуш бергем.

“Ата-Журт” фракциясынан депутат Азамат Арапбаев да ушундай жүйөөнү келтирди:

- Мен кечээ жыйынга катышкан эмес элем. Негизи ал мыйзамды мен колдойм. Бирок белгисиз себеп менен менин ордума башкалар добуш берип салыптыр, азыр териштирип жатам.

"Республикачы" Нурбек Алимбеков ал күнү жумушка келбесе да, анын ордуна башка бир депутат добуш бергенин айтууда.

Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешов депутаттар арасында бири-бирине добуш берүү көнүмүшкө айланганын билдирүүдө. Ошондуктан, депутаттарды тартипке чакыруу үчүн кескин чараларды кабыл алуу керек деп эсептейт:

- Мындай көрүнүштөр Жогорку Кеңештин кадыр-баркына шек келтирип жатат. Буга каршы туруу үчүн добуш берүүнү түз алып көрсөтүү керек эле. Ал болбосо, жыйынга катышпаган депутаттардын бир-экөөн мандатынан ажыратуу керек болуп жатат. Ошондо гана башка депутаттар мындан чочулап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылмак. Бул боюнча төрага менен сүйлөштүм. Бирок азырынча аракет байкалбайт.

Бекешов бул маселе Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинде жакынкы күндөрү талкууланарын да кошумчалады.

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш 2011-жылы башталган. Былтыр ноябрь айында Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп, анда жемкордук мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлге жеткени айтылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG