Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Депутаттар тендерди тескегиси келет


Кыргыз депутаттарынын басымдуу бөлүгү бизнес чөйрөсүнөн келгени айтылып жүрөт.
Кыргыз депутаттарынын басымдуу бөлүгү бизнес чөйрөсүнөн келгени айтылып жүрөт.

ЖК депутаттары бийлик өкүлдөрү менен алардын туугандарына таандык делген компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.

Бийлик башындагыларга таандык ишканалардын мамлекеттик тендерге катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорду депутаттар Дастан Бекешов жана Ширин Айтматова иштеп чыккан. Алар Кыргызстанда бийлик төбөлдөрү кызматынан пайдаланып, өз ишканаларын тендерлерден утушуна таасирин тийгизген учурлар арбын экени айтышууда.

Андыктан Дастан Бекешов өзү сунуштаган мыйзам долбоору жемкордукка бөгөт коёруна ишендирип жатат:

- Биздин өлкөдө министрлердин, депутаттардын компаниялары, алардын жакын туугандарынын компаниялары бар. Ошол компаниялар көбүнесе мамлекеттик тендерлерге катышып, утуп чыгат экен. Алардын кандай жол менен утканы текшерилбейт. Мына мисалы, Жогорку Кеңеште эле алсак, парламентке ичүүчү суу алып келген компания бир депутаттыкы, кагаз саткан ишкана дагы бир депутаттыкы. Дүйнөдө бул тажрыйба коррупция катары кабыл алынат. Бизде мындай көрүнүш көп болгону үчүн ага тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Бекешов мындай мыйзамдар Жапония, Сингапур, Түштүк Корея сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынып, иштеп жатканын кошумчалады. Анткен менен айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун ак ниет ишкерлерге бут тосуу катары баалап жатышат.

Маселен, Социал-демократтар фракциясынын лидери, мурдагы ишкер Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорду кылдат талкуулаган соң кабыл алуу зарылдыгын айтууда:

- Мурдатан түзүп алган ишканасы болуп, тендерге катышып, башкаларга караганда ыңгайлуу бааны сунуштаса, анда эмне үчүн ал компания катышпоосу керек? Эгер чиновник болуп туруп, ишкана түзсө башка кеп. Ошондуктан муну абдан кылдат талкуулоо керек болуп турат. Бир жагынан популизм жыттанган жагы бар, экинчи жагынан чындык жагы да бар.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жогорку кызматтагылар ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынган. Бирок көпчүлүк жетекчилер бизнесин өз жакындарына каттатып коюп, өз ишин улантып келишет.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова дал ушундай абалда өлкөдө мындай мыйзамдын кабыл алынышы аз да болсо бийликтегилердин жемкордукка аралашуусуна тоскоол болмок деген пикирде:

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова
- Негизи биздеги мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик кызматтагылар ишкердик жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок буга карабай жетекчилер туугандарына каттатып алып, ишкердигин жүргүзүп жатат. Эми мындай мыйзам кабыл алынып, механизмдер так көрсөтүлсө акырындык менен муну көзөмөлгө алууга болот. Анын үстүнө жакындан тарта мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын мүлкү тууралуу декларацияны текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөдүбү.

Ал эми Коомдук иликтөөлөр институтунун директору Рита Карасартованын айтымында, тендер өткөрүү иши Кыргызстанда ачык жолго коюлган эмес. Андыктан алгач тендер өткөрүүнүн эрежелерин ачыкка чыгаруу зарыл:

- Тендер өткөрүүнү ачык-айкын кылып, автоматташтыруу керек. Мисалы, көмүр сатып ала турган болсо Үсөнов мынча сом, Асанов мынча сом сунуштады дегендей. Ошондо коомчулук да кабардар болуп, кандай баа менен кетип жатканын билишет. Мына ушуну жолго коюу зарыл.

Бийлик башындагылардын мамлекеттик тендерге катышуусу боюнча маселе быйыл жай башында козголгон эле. Анда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакындарына таандык “Градиент” фирмасы жол куруу боюнча тендерге катышып, утуп чыкканы, ага вице-премьердин таасири болгону айтылган. Бирок Тайырбек Сарпашев мындай дооматтарды четке кагып келет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG