Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди. Шайлоонун 30-октябрда өтүшүн колдоп 107 депутат добуш берди. Мунун алдында парламентте шайлоонун мөөнөтү кызуу талкууга себепчи болду.

30-июнда парламентте сүйлөгөн Р. Отунбаева президенттик шайлоо күнүн аныктоого байланышкан мыйзамдардын күчүнө киришин өздөрү кечеңдетип, бирок аны кесепеттерин президентке оодарууга аракет жасаган күчтөр бар экендигин айтты.

Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президенттин дооматтарын четке кагып, "президент саясий интригаларга аралашып алды" деп айыптады.


Жогорку Кеңештин эс алууга кетээр алдындагы жыйынтыктоочу отурумунда мамлекет башчысы Р. Отунбаева шайлоо күнүн аныктоого байланыштуу кайрылуу жасады. Анткени парламент бул жыйналышында шайлоо күнүн жарыялабаса, анда аны аныктоонун мөөнөтү сентябрь айына жылып кетмек.

Мамлекет башчысы ага карата шайлоо боюнча мыйзамдарды күчүнө киргизүүнү атайын создуктуруп жатат деген негизсиз дооматтар айтылгандыгын белгиледи.

Р. Отунбаева парламенттеги айрым депутаттар тарабынан мына ушундай саясий оюндар уюштурулуп жаткандыгына токтолду:

- Каралып, кабыл алынганы менен бүгүнкү күнгө чейин ал мыйзам мага кол коюуга келген жок. Жарыяланган маалыматка караганда ал мыйзам депутат Ө. Текебаевдин кароосунда төрт күндөн бери жатып, анын макулдугу болмоюн ал эч жакка жылбайт экен.

Урматтуу депутаттар, өзүңөр калыс карап көрсөңүздөр, кимдер шайлоо боюнча мыйзамдардын күчүнө киришин создуктуруп, кимдер бул жерде саясий оюндарды жасап жаткандыгын баамдайсыңар.


Анткен менен “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент тарабынан айтылган мындай сын пикирлер менен макул эмес.

Текебаевдин айтымында, буга чейин шайлоолор жөнүндө жана борбордук шайлоо комиссиясы туурасындагы мыйзам долбоорлору президентке жөнөтүлүп, бирок ага өз учурунда кол коюлган эмес. Мунун түпкү себептерин депутат шайлоо боюнча мыйзамдардын президенттин айланасындагы саясий күчтөргө жага бербегендигинен көрөт.



Ө. Текебаев президент өзү бирөөлөрдүн тилине кирип, ыңгайсыз абалга калтыра турган саясий оюндарга аралашып алды деп айыптады:

- Шайлоо системасын жана шайлоо комияссиясын реформалоону кимдер жүргүздү? Жогорку Кеңеш жасады ошонун баарын. Бирок президент мына ошол жаңы өзгөрүүлөрдү колдоп, кол койгондун ордуна андай-мындай деген негизсиз сындар менен мына ушул убакытка чейин сүйрөп келди.

БШКнын азыркы төрагасы А. Сариев "парламент кабыл алса да ал мыйзам менен иштебейм" деп ЖКдан добуш ала турган аткаруучу чиновник адам ага каршы ачык моюн толгогон. Эгерде Р. Отунбаева аны дагы бир жолу өткөрөм деп дээликтирип, артында чоң бир күч турбаганда ал адам мына ошондой өзүм билемдикке бара алат беле? Мунун бардыгы мына ошондон башталган оюндар. Президент эси болсо мына ушундай оюндардан бийик туруп, бардык саясий күчтөргө бирдей мамиледе болуш керек эле
.

Өзгөрүлмө чечимдер

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу эски мыйзамдын негизинде парламент БШКнын сегиз мүчөсүн бекиткен. Бирок президент БШК курамы жаңы мыйзамдын негизинде бекитилиши керек деген жүйө менен өзүнүн талапкерлерин көрсөтпөй койгон болчу. Парламенттин жыйынтыктоочу отурумуна шашылыш келген президент шайлоонун мөөнөтүн бүгүнкү күндөн калтырбай дайындоону эл өкүлдөрүнөн суранды.

“Ата Журт” фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев президенттин саясий туруму улам-улам өзгөрүлүп жаткандыгына таң калды:

- Президент шайлоолор боюнча мыйзам кабыл алынмайынча шайлоо күнүн жарыялоого болбойт деген болчу. Эми бүгүн келип алып, шайлоо күнүн дайындай берсе болот деп жатат.

Өткөндө өзүнүн маалымат кызматынын оозу менен "парламент БШК курамын туура эмес шайлады, мыйзамга кол коюла элек" деп чыккан болчу. Бүгүн болсо өзү кайра ага карабастан эле БШК курамына сунуштай турган мүчөлөрүн шашылыш бекитип жатат. Бул деген президент өзүнүн позициясын күндө ар кандай кылып өзгөртүп жатат дегенди түшүндүрөт.


Мунун алдында президенттик шайлоо күнүн аныктоого байланышкан саясий оюндарды серепчилер Р. Отунбаеванын айланасындагы жана ал топко каршы саясий күчтөрдүн тирешүүсү катары баалашкан. Серепчилердин баамында, шайлоо күнү кечеңдеп, кийинки жылга өтүп кете турган болсо, Баш мыйзам боюнча ыйгарым укуктары декабрда аяктай турган Р. Отунбаеванын артындагы топ президенттик шайлоону өткөрүүгө болгон “көзөмөлдү” өздөрүнүн каршылаштарына тарттырып жибериши мүмкүн эле.

Ошентип 30-июнда кечке жуук Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 30-октябрга белгилеген токтомду кабыл алды. Шайлоонун 30-октябрда өтүшүн колдоп 107 депутат добуш берди.

Конституцияга ылайык келерки президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин мөөнөтү аяктаарга эки ай жана президенттик шайлоо мөөнөтүнө төрт ай калган күн
ү дайындалышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG