Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Партиялар каржы булагын ачыкка чыгарабы?


Жогорку Кеңеш. Бишкек. 2014-жыл.
Жогорку Кеңеш. Бишкек. 2014-жыл.

​Юстиция министрлиги саясий партияларды каттоо тартибин катаалдатып, алардын каржы булагын көзөмөлдөө демилгесин көтөрүп жатат.

Ага ылайык, партиялардын сырттан алган каржылык колдоосу мыйзамсыз экени аныкталса, ал каражат мамлекетке чегерилет. Анткен менен кээ бир саясатчылар бийликке жакпаган партияларга бул мыйзам башка өңүттөн иштеп, ишмердүүлүгүн токтотууга шылтоо болуп бериши ыктымал деп чочулап жатышат.

Юстиция министрлиги “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгилөөдө. Буга чейин коомчулукта шайлоо алдында айрым партиялар чет өлкөлүк кайсы бир уюмдан же таасирлүү адамдан каржылык көмөк алыптыр деген сын-пикирлер айтылган.

Азыркы мыйзамда партиялар он кишиден түзүлсө, министрлик муну 120га көтөрүүнү сунуштоодо. Мындан сырткары саясий партиялар өздөрүнүн каржылык булактары тууралуу ар бир эки жылда коомчулукка ачык отчет берип турушу керек. Министрликтин Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси Эмир Зулпиевдин ырастоосуна караганда, партиялардын сырттан алган каржылык колдоосу мыйзамсыз экени аныкталса, ал каражат соттун өкүмү менен мамлекетке чегерилет.

Орусиянын мурдагы президенти, азыркы премьер Дмитрий Медведев жана “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун жолугуусу. 2010-жыл.
Орусиянын мурдагы президенти, азыркы премьер Дмитрий Медведев жана “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун жолугуусу. 2010-жыл.

- Азыр иштеп жаткан мыйзамда саясий партиялардын укуктары каралып, милдеттери жазылган эмес. Биз милдеттерин да киргизип, белгиленген мыйзамдардын негизинде салык органдарына финансылык отчетторун тапшыруу, Борбордук шайлоо комиссиясына жана ЖМКларга эки жылда бир жолу топтомо отчетту берүүнү сунуштаганбыз. Ошонун негизинде каржылар каяктан алынып, каякка чыгымдалып жатканы билинмек.

Мыйзам долбоорго ылайык, саясий партияларга өлкө сыртындагы жеке адамдардан жана уюмдардан каржылык колдоо алууга тыюу салынат. Ошондой эле диний, тартип коргоо, аскерий уюмдар тарабынан жана кайрымдуулук иретинде берилген каражатты алууга чектөө киргизилет. Зулпиев учурда айрым партиялар булак катары банктан алган насыяларын да көрсөтөрүн, жаңы долбоордо булактын бул түрү таптакыр алынып салынганын айтты. Бул Кыргызстандагы насыя берүүчү банктардын жетекчилери чет элдиктер экени менен негизделүүдө.

- Бүгүнкү күндө саясий партиялардын булагы болуп насыялар да көргөзүлүп жүрөт. Биз муну алып коюуну сунуштап жатабыз. Анткени насыя берген мекемелер, банктардын көбү чет өлкөлүк жарандардыкы. Демек, ал каражатты чет өлкөлүк жарандан жана юридикалык жактардан алып жаткан болот.

Аталган мыйзам долбоорду парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 31-мартта талкуулап, колдоп берди. Комитеттин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов башка өлкөлөрдүн таасирлеринен сактануу үчүн мындай мыйзам керек деп эсептейт.

- Чет жактын таасирлерин биз байкап турабыз. Мисалы, эмне деген гана диний агымдардын өкүлдөрү жүрөт. Алар биздин саясий партияларды каржылап жатканын байкап жатабыз. Саясий партиялардын лидерлери шайлоо мезгилинде чет жактардан көрсөтүп-көрсөтпөй, мыйзамдуу-мыйзамдуу эмес финансылык колдоо күтүп, сурашып жүргөндөрү эч кимге жашыруун эмес. Мисалы, Орусия, Кытай ж.б. башка мамлекеттерден. Саясий партиялар мамлекетти, коомду башкарууга катышып жаткандыктан алардын каржылык булагы, ишмердүүлүгү ачык-айкын көрсөтүлүшү керек.

Партиялардын каражатын көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алуу демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлгөн. 2009-жылы ушундай эле мыйзамды Юстиция министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы, Финансылык чалгындоо кызматы, Улуттук Банк жана коррупция менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттик биргеликте иштеп чыгары айтылган эле. Былтыр да айрым депутаттар өздөрү демилге көтөрүп, кайра аны кайтарып алышкан. Айрым коомдук уюмдар партиялардын каржы булактарынын көмүскөдө болгону Кыргызстандагы парламенттик системанын өнүгүшүнө тоскоол болот дешип, аны ачыкка чыгарууну талап кылышкан эле.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2009-жылы ушундай эле мыйзамга каршы пикирин билдиргени менен учурда аны колдоп жатат. Өзгөчө чет жактан берилген каржы булактары болсо, ал тартипке салынышы керек деп эсептейт.

- Негизинен цивилизациялуу өлкөлөргө бул мыйзам керек. Бирок ар бир чектөөлөр тескери максатта пайдаланылып калышы да мүмкүн. Аны да эске алуубуз зарыл.

Анткен менен кээ бир саясатчылар мындай мыйзамды кабыл алуунун артында бийликке жакпаган партияларды тизгиндеп, алардын каржылоосун кыркууга жана бул партияларга кошумча түйшүк артыруу максаты турат деген пикирин билдиришүүдө. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов партиялардын каржы булагын көзөмөлдөөчү механизмдер жок деген ойдо.

- Чындыгында бул шайлоодо да чет жактан каржылоо болушу мүмкүн, боло берет. Түздөн түз бийликке тиешелүү партияларга финансылык каржылоо болот. Бирок аны көзөмөлдөөчү механизмдер жок. Ошондуктан бул жөн эле көз боёмочулук сыяктуу болуп жатат. Бийликтин өзүнүн стратегиясы бар. Конституцияны өзгөртүү да ошол шайлоого байланыштуу. КСДП жана ага тийиштүү бир нече “куурчак” партияларды парламентке өткөрүү.

Кыргызстанда партиялар лидерлеринин, шайлоодо партия атынан тизмеге кирген талапкерлердин жана алардын идеясын колдогон айрым демөөрчүлөрдүн эсебинен жашайт. Бирок Кыргызстанда расмий катталган 199 партиянын дээрлик бардыгы каржылык булагын ачык көрсөтүп отчет бербейт. Азырынча Кыргызстандагы партиялар да жана демөөрчү тарап да каржы маселесин ачыкка чыгарууга даяр эмес экенин буга чейинки талкууларда КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирген. Депутаттар партияларга байланыштуу бул мыйзамды мөөнөттөрү бүткөнгө чейин кабыл алып берүү ниетинде. Кыргызстанда быйыл күздө парламенттик шайлоо өтөрү маалым.

XS
SM
MD
LG