Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Президент Атамбаев карыларды куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жолдоду. Анда ар бир адам ата-энесинин алдында карыздар экени, ал эми бардык жаран өмүрүн өлкөгө, балдарга, коомго арнагандарга жоопкер экени айтылат.

"Мамлекеттик саясаттын акыбети, коомдун адеп-ыйман деӊгээли улуу муундун жашоосунан, карыларга жасалган камкордугунан даана көрүнөт. Кыргызстан элинин улууларга урмат мамилеси, өзгөчө камкордугу - эзелтен келаткан салт. Элибиздин «Карысы бардын ырысы бар» деген накыл кеби маанисин жоготпойт. Улуу муундан кийинкилер каармандыктын, патриотизмдин, чыдамкайлыктын үлгүсүн алууга тийиш", - деп айткан мамлекет башчы улгайгандарга бекем ден соолук, кайрат жана узак өмүр каалаган.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарылануусун улантууда. Ал 19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун жыйынына баратканда жүрөгү кармап, Түркияда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барган. Президенттик аппарат буга чейин Алмазбек Атамбаев ушул аптанын аягында бейтапканадан чыгышы мүмкүн экенин билдирген. ​(NT)

XS
SM
MD
LG