Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясында талаштуу жагдай түзүлүп, кош бийлик пайда болду.

Депутаттардын бир тобу 30-июнда Абдыжапар Бегматовду лидер кылып шайлашканын жарыялашкан. Бүгүн фракция катчылыгы лидерлери алмашпаганын айтып, расмий билдирүү таратты. Айрым саясий серепчилер бул көрүнүштү тажрыйба топтоо же “балалык оору” катары сыпатташса, кээ бирлери эл өкүлдөрүнүн принципсиздиги деп баалашты.

Фракциядагы лидер талаш

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын катчылыгы 2-июлда тараткан расмий билдирүүдө депутаттардын бир тобу 30-июнда мыйзамсыз жол менен Абдыжапар Бегматовду лидер кылып шайлашканы айтылат. Катчылык партиянын, фракциянын курамынан чыккан депутаттар лидер шайлоого укугу жоктугун, документтин эч кандай юридикалык мааниге ээ эмес экенин билдирүүдө.

Ал эми мындан эки жума мурда бул фракцияга лидер болуп шайланган Максат Сабиров ушул тапта өз милдеттерин аткарып жатканын айтат:

- Фракциядан чыгып кеткен топтор биригип азыр кайра “Республика” фракциясы "биздики" деп чыгып жатышат. Фракция, катчылык иштеп атат. Мен лидер бойдонмун. Мындан мурдараак эле мени он киши шайлаган. Биздин саясий кеңештин чечими бар, булар партиядан да чыккан. Анан кантип “Республика” фракциясына кийлигишкенге укугу бар.

“Республиканын” саясий кеӊеши “Кыргыз Республикасынын саясий партиялары жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакында эле “Өнүгүү” (Асылбек Режавалиев, Мирлан Бакиров, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров) жана “Бир бол” (Алтынбек Сулайманов, Абдыжапар Бегматов, Нурбек Мурашев, Исхак Пирматов) партияларын түзүп кеткен депутаттарды катарынан чыгарган. "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам боюнча Кыргызстандын жараны бир гана саясий партияга мүчө боло алат.

“Республика” фракциясынын айрым мүчөлөрү эки апта мурда шайланган Сабиров депутаттардын башын бириктирип, фракция лидери катары иштеп кете алган жок деп сындашууда.

Фракциянын мурдагы башчысы Назарали Арипов дагы Абдыжапар Бегматовду лидерликке шайлагандардын бири. Ал фракцияны күчтөндүрүү максатында мурда чыгарылган депутаттарды кайра киргизүү чечими кабыл алынганын билдирди:

- “Республика” фракциясы биригип, мурдагыга караганда күчтөндү деп ойлойм. Баарыбыз биригип азыр жакшы болду. Жетекчини шайлоо боюнча да депутаттар өз оюн билдирип, Бегматовду татыктуу деп тапты. Бул табийгый көрүнүш. Мындан саясат жасоонун кереги жок. Сабировдун 20 күн ичинде кайра кетип аткан себебин өзүнөн сураш керек. Эмне үчүн ал убагында депутаттарды топтоп, уюштуруп кала алган жок.

Ал ортодо фракциянын катчылыгы катардан чыгарылган депутаттар кайра киргизилди деген мааламаттарды төгүндөдү.

“Республика” - парламенттеги эң чачыранды фракциялардын бири катары сындалууда. Серепчилер буга чейин төрт жолу фракция башчысы алмашканын, мүчөлөрү төрткө бөлүнгөнүн буга далил катары белгилешүүдө. Эми минтип фракция лидеринин тегерегиндеги талаштуу жагдай жаралды.

Мунун алдында фракциянын катарынан чыккан депутаттар Шаршенбек Абдыкеримов, Алмазбек Батырбеков жана Элмира Жумалиева фракциянын курамына кайра киргизилди. Алар парламенттеги башка депутаттык топторго мүчө болгондуктан, “республикачылар" өткөн жылдын 15-майында атайын чечим менен аларды фракциядан чыгарган болчу.

Бирок Алмазбек Батырбеков бул тууралуу алар да маалымат каражаттарынан укканын айтат.

- Буга байланыштуу биз кайрылган эмеспиз. Биздин тиешебиз жок. Өздөрү эле карап, өздөрү эле чечим чыгарып атышат. Мурда дагы фракциядан чыгаруу чечими ушундай болгон. Биздин пикирди угуп, чогуу иштешелиби деген суроо да болгон жок. Депутаттык топтон биз чыкпайбыз, ал ошол бойдон калат.

Калыптана элек система

Айрым саясий серепчилер бул көрүнүштү тажрыйба топтоо же “балалык оору” катары сыпатташса, кээ бирлери эл өкүлдөрүнүн туруктуу позицияда болбогону жана саясий партиянын принциптерин билбегени себеп болууда дешет.

Саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков муну Кыргызстанда көп партиялык системанын калыптана электиги менен байланыштырат:

- Бир партияга, фракцияга киргенден кийин анын позициясын аягына чейин колдоо керек. Партиянын табияты же принциби ушундай. Эгерде колдобосо, лидерлери менен көз караштары туура келбесе анда фракциядан да, партиядан да чыгып кетиш керек. Бул өтө принципиалдуу маселе.

Коомчулукта болсо 2010-жылдагы шайлоодон кийин парламентке көз карашы, пикири, позициясы дал келбеген, каражат бириктирген депутаттар келген деген пикир басымдуу.

Саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов парламенттеги азыркы болуп аткан жагдайларды келечекте чоң тажрыйба болчу көрүнүштөр деп эсептейт:

- Парламентке кирген беш партиянын ар биринин ичинде ушундай көрүнүштөр болууда. Кээ бири катардан чыгып атат, айрымдары кайра кирип атат дегендей. Муну тажрыйба топтоо процесси, өсүүнүн "балалык оорусу" катары караса болот. Экинчиден, шарт, кырдаал өзгөргөн сайын, ар ким өз көз карашын өзгөртүп турат да. Мисалы эл аралык кырдаал, өлкөнүн ичиндеги саясий күчтөрдүн катнашы өзгөрүп жатат. Ошол жагынан алганда саясатчы дагы тигил же бул партияга тишелүүлүгүн өзгөртүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал сенек болуп тура бербейт да.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык “Республика” саясий партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлүп, Жогорку Кеңеште 23 мандат алган. Кийинчерээк айрым депутаттар "Өнүгүү" жана "Бир бол" партияларына, айрымдары фракцияга кирбеген депутаттык топторго өтүп кеткен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG