Линктер

Азыркы заманда адамдардын маалымат алуу булактарын чектөө мүмкүнбү? Кыргызстанга окшогон эркин өлкөлөрдө мүмкүн эмес. Бизде ондогон теле, радиоканалдар, жүздөгөн интернет сайттар, гезиттер иштеп атат, эл өзү тандап окуп, угуп, көрө алат. Түндүк Корея, Иран жана бизге коңшулаш айрым өлкөлөрдө бийликтегилер өзүлөрүнө жакпаган интернет булактарын жаап салышкан, ошентсе да аларга кирүүнүн улам бир жаңы жолдору табылып, компьютердик техника эркиндикке чектөөлөрдү жок кылуунун улам бир күчтүү ыкмасын таап жатат. Гугл өңдүү компаниялар жакында дүйнөлүк маалымат желеси – интернетти бүткүл жер жүзүндө (айыл-апа, тоо-ташка чейин) бекер пайдалана алабыз деп ишендирүүдө. Азыркы заманда ага аз эле калды дебеске арга жок.

Жогорку Кеңештин төрт депутаты: "Республика-Ата Журттан" Жыргалбек Турускулов, Таабалды Тиллаев, СДПКдан Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов 1993-жылы күчүнө кирген Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду даярдап, ушул жумада комитеттен өткөрүштү. Эми шашылыш парламенттин күн тартибине кезексиз талкууланчу маселе кылып киргизип, жайкы эс алууга тараганча бул маселени бир жактуу бүтүрүп кеткенге камданып жатышыптыр. Эмнеге анчалык ашыгып калышты? Же Кыргызстанда андан башка чукулунан кабыл алынып, эл турмушун жакшырта турган мыйзамдар жокпу?

Эмнегедир көпчүлүк эксперттер бул мыйзам “Азаттык” радиосун жабууга багытталган деп кабыл алышты. Бизден башка деле чет жактан каржыланган маалымат каражаттары аз эмес, бирок негедир бизди биринчи эстешти. Анысында да логика бар. Анткени ар беш жыл сайын Кыргызстанда “Азаттык” радиосун жабуу аракеттери болуп келген, жаап да салышкан, бирок андай чечим узакка барган эмес.

Эң башкысы – элдин кулагын, көзүн, аң-сезимин чектеп салуу мүмкүн эмес. Ушул күндө кыргызстандыктар BBC, CNN, Skynews, Euronews, Al-Jazeera, дагы башка жүздөгөн каналдарды каалаганча көрүп атышат. Кыргызстан интернет пайдалануучулар саны жагынан Борбор Азияда баарынан алдыда. Ооба, азырынча элибизди өнүгүү жолуна түртмөлөй турган, биздеги, дүйнөдөгү, региондогу талылуу маселелерди талкуулап талдай турган сапаттуу берүүлөрдү өзүбүздү-өзүбүз каржылап чыгарууга даяр эмеспиз. Андай күн да келээр. Азыр кыргызстандыктардын далайы дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап иштеп, окуп атышат. Алардын арасынан билим, байлык топтогон адамдар келечекте өз мекенинде алдыңкы маалымат каражаттарын ачып, кыргыз прессасын андан ары өнүктүрөт деп ишенебиз. Арасында башка өлкөнүн паспортун алса да, жүрөгү Кыргызстан деп соккон, жан дилинен күйүп бышкан мекендештердин жолун тосуп салуу да туура эмес. Чыгыш Европада, анын ичинде биз жашап аткан Чехияда эң мыкты телеканалдар Канадада, Британияда жашап жетилген кыйынчыкма чехтерге таандык. Эл ошолордун телеканалдарын жан талашып көрөт. Анткени алар техникалык жана мазмун жагынан башкалардан ат чабым алдыда.

Дүйнө жүзүнө, тарыхка кылчайсак, маалымат каражаттары өнүккөн сайын, коомдун ыкчам өнүгүүсүнө жол ачылат, жагымдуу шарт түзүлөт. Журналистика бул коомдук кесип, саясатчылардын коррупция, кылмыштуулукка аралашканын жазгандар аларга жакмак беле? Биздин ишибизди биз кызмат кылган коом өзү таразалап алат. Кимдир-бирөөгө жагалданып акча тапкыдай, депутаттар, ашынган байлар же бийлик тарап бизди жакшы көргүдөй кесип эмес бул.

Маалымат каражаттарынын ишин чектейм, оозун жабам деген адамдар да тарыхта калышат. Анткени сөз эркиндиги – биздин элдин башкы жетишкендиктеринин бири эмеспи. Аны президент Атамбаев да кезеги келген сайын кайталап келатат.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG