Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

Парламент өкмөттүн шаштысын кетирди


Президент парламенттин сунушун четке кагып койсо да Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрүүгө укугу бар.

Президент парламенттин сунушун четке кагып койсо да Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрүүгө укугу бар.

Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты.

Парламенттин акыркы жыйынын соңку сааттарында өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин колдогон 45 депутаттын расмий катын “Ар-намыс” фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев парламент төрагасына тапшырып, күн тартибине киргизүүнү суранды:

- Баш мыйзамдын 85-беренесине, регламенттин 135-беренесине ылайык кыргыз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Буга 4 фракциядан 45 депутат кол койду. Муну төрагага расмий түрдө тапшырам.

Бирок бул маселе 29-июндагы жыйындын күн тартибине киргизилген жок. Анткен менен Иманалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эми парламент төрагасы бул маселе боюнча кезексиз жыйын чакырат же күзүндө парламент өз ишин баштаганда маселе алгачкылардан болуп каралат.

Өкмөттү кетирүүнү каалаган 4 фракциянын депутаттары кайсы фракциянын өкүлдөрү кошулбай койгону айтылган жок. Бирок буга чейин “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана КСДПдан айрым депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөөгө даяр экенин аталган фракциялардын төрагалары билдиришкен эле. Мындан улам эксперттер өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун партиялаштары болгон “республикачылар” мындай демилгени колдогон жок деп болжоп жатышат.

Өкмөт ишенимди актаган жокпу?

Депутаттардын өкмөттү кетирүү максатында кол топтой баштаганы өткөн жумада белгилүү болгон. Мындай демилгенин башында “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” фракцияларынын айрым депутаттары турганы айтылган.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү биринчилерден болуп кол койгонун айтып, бул кадамын мындайча негиздеп берди:

- Экономикалык өсүштүн темпи төмөндөп кетти. Экинчиден, коррупцияга каршы күрөштө өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче тоскоол болгондой түрү бар. Мисалы, президент Атамбаев мындан төрт ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт ал мыйзамдарды катып жатканы ачыкка чыкты. Коррупцияга каршы күрөштө, инвестициялык климатты жакшыртууда адилеттүү сот системасы эң негизги факторлордун бири. Соттук реформада өкмөт четтеп, байкоочу катары туруп алды. Мамлекеттик мүлктү, бюджетти мыйзам бузуулар менен башкарып, кээде шалаакылыгын көрсөтүп жатат. Мисал катары "Мегакомду" келтирсек болот.

Баш мыйзамга ылайык, 41 депутаттын колу топтолсо, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламенттин күн тартибине коюлат. Ал эми чечим болсо 61 депутаттын добушу менен кабыл алынышы керек. Өкмөттү кетирүү демилгесин көтөргөндөр бул ирет 45 депутаттын колун чогулта алышты.

Бирок буга чейин мындай позициядагы депутаттардын саны мындан көп экени айтылган. Маселен, эки күн мурда депутат Ширин Айтматова өкмөттү кетирүү үчүн 55тен ашык депутат кол койгонун билдирген эле. Маселени парламентке алып чыгарда депутаттардын санынын азайышын өкмөттүн мындай демилгеге каршы аракет көрүп, ар кандай соодалашуу жүргүзгөнү менен түшүндүрүлүүдө.

Андай аракеттердин ачык эле жүрүп жатканын “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев айтып чыкты:

- Демилге көтөрүп, кол койгон депутаттардын арасынан көпчүлүгү өздөрү кол коюшуп, анан өкмөткө барып, министрлер менен сүйлөшүп, өз жумуштарын бүтүрүп, тизмеден фамилиясын чийдирип жатышат. Ушундай соодалашуунун негизинде көптөгөн депутаттар койгон колдорун чакырып алып, өкмөт менен коюн-колтук алышып калды. Ошентсе да бүгүнбү, же эртеңби бул маселени кабыргасынан коюп, өкмөттү кетирүү үчүн аракет көрөбүз.

Өкмөттүн мүчөлөрү болсо, парламенттеги аракеттерге өз жообун кайрый элек.

Анткен менен бүгүнкүдөй кырдаалда өкмөттү кетирүү демилгесинин көтөрүлүшүн орунсуз аракет катары баалагандар да чыгууда. Алар Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө аз гана убакыт берилгенин айтып, өлкөдөгү туруктуулук сактоо керек деген жүйөнү карманышууда.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Кыргызстанга азыр туруктуулук керек. Айрыкча туризм үчүн эки ай сезон калды. Муну жакшылап өткөрүп алышыбыз керек. Бул жагынан алганда өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин көтөрүлүшү туура эмес деп ойлойм. Албетте өкмөткө кине тагууга бир топ орчундуу негиздер бар. Ошентсе да азыркыдай кыйын кырдаалда күзгө чейин болсо да иштешине убакыт беришибиз керек.

Көшөгөнүн артындагы оюнчулар

Адистер азыркы өкмөттү кетирүү аракеттеринин артында бир нече себеп жатканын айтышууда. Биринчиси, өлкөдөгү экономикалык абал оорлошуп, казынада каражат тартышыгы байкалууда. Мындай абалда өкмөттү садага чабуу менен элди алагды кылып туруш керек.

Ошондой эле парламенттеги демилгечи күчтөр күздөгү саясий жараяндар алдында өкмөт башчысына сес көрсөтүп, анын тизгинин тартуу аракети айтылууда. Дал ушул себеп азыркы кырдаалды түшүндүрүүдө ынанымдуу экенин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев белгилейт:

- Өкмөт менен биргелешип иштейли деп аны менен коалицияга кирген депутаттардын кайра аны кетирүүгө аракет көргөнүнүн себептери бар. Мына күзүндө Бишкек шаардык кеңештин шайлоосу болуп, мэр шайланат. Ошто мэр шайланат. Булар абдан эле чоң фигуралар. Айрым партиялар ушул шайлоолорго активдүүлүгүн көрсөтүп, мурдагы белгилүү партияларды чаңында калтырууда. Ошол себептен бул жерде саясий соодалашып, таскагы катуу партиялардын таасирин азайтайын, сес көрсөтөйүн деген максаттар жатат. Эми азыркы премьер-министр кайсы партиянын жетекчиси жана кандай ийгиликтерге жетишип жатканы белгилүү эле да.

Ал эми саясат таануучу Бакыт Бакетаев болсо өкмөт курамын өзгөртүүнү каалаган депутаттардын кадамын парламенттик системадагы мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Анын баамында, депутаттардын көпчүлүгү мындай демилгени колдогон күндө деле анын ишке ашышы узакка созулат:

- Жогорку Кеңеш депутаттары күн сайын өкмөттү “кет” деп камчылап туруш керек. Бул - депутаттардын иштеп жатканынын белгиси. Эгер депутаттар өкмөттүн айтканынан чыкпай калса, мына ошондо парламентти да, өкмөттү да кетириш керек болот. Болбосо азыр өкмөт кайнап жатат. Ар дайым дал ушундай болуп кайнап туруш керек.

Эми түзүлгөн кырдаал депутаттар көздөгөндөй өнүгүп, парламенттегилердин жарымынан ашыгы өкмөткө ишеним көрсөтпөсө, Баш мыйзам боюнча акыркы чечимди президент кабыл алышы керек. Анда президент парламенттин бул демилгесин колдоого да, четке кагууга да укугу бар.

Бирок азыркы кырдаалды эске алып, президент Алмазбек Атамбаев өкмөттү отставкага кетирбейт деген пикирлер басымдуудай. Себеби буга чейин президент бир нече ирет мамлекетке туруктуулук жана өкмөткө иштөөгө убакыт керек экенин айтып келген. Бирок Атамбаев парламенттин сунушун четке кагып койсо да Жогорку Кеңеш 3 ай ичинде маселени кайрадан көтөрүүгө укугу бар. Анда президенттин өкмөттү таратуудан башка аргасы жок калат. Бирок өкмөттөгүлөр мындай кырдаалды алдын алып, буга жол бербеши толук мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG