Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Аткаминерлер: Күлүктөрдүн куну канча?


Өмүрбек Бабанов Таластагы иш сапары учурунда, 27-январь, 2012.

Өмүрбек Бабанов Таластагы иш сапары учурунда, 27-январь, 2012.

Өкмөт башчынын аргымагы Кыргызстанга кантип келген, анын куну, наркы канча?

Дегеле Кыргызстанда асыл тукум ат кармаган кандай аткаминерлер бар?

Бабановдун асыл тукум англис тукумундагы аргымагы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда. Өкмөт башчы тулпарды өз каражатына сатып алганын айтса, «Ата Мекен» партиясы аны пара катары алган деп далилдөөгө аракет кылууда.

Өмүрбек Бабановдун атка жакындыгы мурдатан эле айтылып келаткан. Качан гана аны кызматтан кетирүү талкуусу чыкканда анын асыл тукум аттары көпчүлүктүн көөнүндөгү маселеге айланды. Маалыматтар боюнча, таза кандуу англис тукумундагы Айлэндерван аттуу күлүктүн туягы кыргыз жерин ушул жылдын 20-апрелинде баскан. Расмий документке ылайык, аргымакты Стамбул калаасынан түркиялык ишкер Хункар Адали жөнөтүп, бул жактан күтүп алган да өзү болгон.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, бул аргымак Кыргызстанга мыйзам чегинде келген:

- Бул аргымак Кыргыз Республикасына келгенде бардык процедуралар аткарылып, кагаздар толтурулган. Бул жылкыны жөнөтүүчү да, алуучу да Ханкар Адали болгон. Бул жерде кандай төлөмдөр болгон дегенге келсек, шарттуу түрдө 56 миң сом төлөнгөн. Салык кодексинин 258-беренесинде импорттолуучу асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана үрөндүк материалдарды, минералдык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарын КНСтан бошотулат.

Аргымакты учактан түшүрүп, ээсинин колуна тапшырып берген «Манас менеджмент» ишканасы экен. Бирок алар атты түшүргөнү үчүн 3,5 миң сомдун тегерегиндеги акыларын алышкан эмес.

Акы албоону «Манас» эл аралык аба майданынын жетекчиси Эрик Шайдиновдун жардамчысы Акыл Жамангулов өтүнгөнүн "Манас менеджмент" компаниясынын вице-президенти Аскар Осмоналиев мойнуна алды. “Манас менеджменттин” 20 пайыз акциясы мамлекетке таандык.

Ат чылбыры Бабановго кантип тийди?

Түркиялык ишкер Хункар Адали ушу тапта Манас аэпортуна аэронавигациялык мунара куруп жаткан “Серка” фирмасынын жетекчиси. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы түркиялык ишкердин аргымагы көп өтпөй өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун энчиси болуп калганы тегин жерден эмес деп эсептешет. Атап айтканда, асыл тукум атты Бабанов “Серка “фирмасынын жетекчисинен пара катары алган деп шектенип жатышат.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев мындай дейт.

-“Ата Мекен” фракциясы бул фактылар Бабанов пара алды деп шектенүүгө негиз боло алат деп эсептеп, төмөндөгүдөй чечим кылат: башкы прокуратурада жана мамлекеттик коопсуздук комитетинде ушул айтылган иштер боюнча кылмыш иши козголсун.

Бирок Өмүрбек Бабанов өкмөттүн жыйынында бул дооматтарга жооп кылып, күлүктү сатып алганын, андан эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирди. Анын айтымында, аргымак Бишкектеги ат жарышка катышуу үчүн келип, экинчи орунду алган жана бутунан жаракат алып калгандан кийин аны Хункар Адалиден сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.

- Анда жакшы ат экен деп, биз сүйлөшүп туруп, расмий түрдө кагазга кол коюп, мен атты сатып алдым. Ал менин жеке ишим. Мен эч бирөөнүн алдыда эмнени сатып алганым боюнча эсеп-кысап бере тургандай немем жок. Мыйзам бузуу барбы-жокпу, мен ойлойм Шамил Атаханов (УКМК төрагасы) текшерет. Керек болсо башкы прокуратура да текшерет.

Аттын мурдагы ээси, ишкер Ханкар Адали да 17-августта билдирүү таратып, анда ат ышкыбозу катары Түркиядагы жана чет өлкөдөгү ат чабыштарга катышып жүргөнүн, ошондон улам 1-майда Бишкекте өткөн “Жазгы дерби” деп аталган жарышка Айлэндэрван күлүгүн алып келгенин белгилеген. Бирок жарышка аргымакты өзү эмес уулу Батур Адали салганын, экинчи келген аргымагына кыргызстандык ат сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун байкап, алгач аны белек кылгысы келгени айтылат. Бирок анын белегинен баш тартышкан экен. Билдирүүдө ошондон кийин бул аттын тукуму Кыргызстанда калып, жылкы чарбасы өнүксүн деген максатта Өмүрбек Бабановго сатканы белгиленген.

Айта кетсек, «Жазгы дерби» деп аталган ат жарыш быйылкы жылы 1-майда Бишкектеги Аккула ат майданында өткөн. Анда 1800 метрге казакстандык күлүк биринчи келсе, экинчи болуп, сөз болуп жаткан Айлэндэрван күлүгү чыккан. Ошол жарышта үчүнчү болуп Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун Фастум күлүгү келген эле. Мындан сырткары, ал мелдеште1600 метр аралыктагы ат чабышта 1-орунду Моксер ысымындагы ысыкаталык Али Карапетовдун күлүгү, ал эми экинчи орунга премьер-министр Бабановдун Жен-Лен аргымагы, үчүнчү болуп депутат Алтынбек Сулаймановдун Угана күлүгү келгенин айта кетели.

Аргымактын куну канча?

"Ата Мекен" фракциясы премьер-министрдин Айлэндэрван аргымагынын дүйнөлүк баасы 500 миңден 1,5 млн долларга чейин турарын айтууда. Алар бул бааны ушул аттын бир туугандарынын, анын атасынан тараган аттардын баасына салыштыруу менен айтып жатканын белгилешүүдө. Бирок Бабанов тулпарды баасы 20 миң доллар гана алганын айтууда.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров ушул эле баада сатып алууну Өмүрбек Текебаевге сунуштады:

- Эгер Өмүрбек Текебаевдин ал аргымак боюнча сын пикири болсо, анда аны Өмүрбек Бабановдон 20 миң долларга сатып алса болот. Эгер ал аргымак 1,5 млн. же 1 млн. доллар турса, 20 миң долларга сатып алып, башка кишилерге 1 млн. долларга сатып жиберсин.

“Ата Мекендин” лидери мындай шартты кабыл алып, бирок күлүктүн бардык документери туура болгондо гана сатып аларын жооп кылды. “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев аргымактын ата-тегин жана таза кандуулугун жүйөө кармап, анын баасы 20 миң доллар экенине ишенбесин айтат:

- Ат багып жүргөндөрдүн баары күлүп: “кыргыздын же Чүйдүн жөнөкөй байталын казактар бизден 20-30 миң долларга сатып алып жатат. Андай асыл тукумдагы жана ата теги уламышка айланган аттар бул баада турушу мүмкүн эмес” деп жатышат. Мага да бирөө чалып, “чын эле сатат бекен, сатса мен алайын” деп, тамашалап айтты. Анткени, андай аттардын баасы мындай турбайт. Кызыгып сурап көрсөңөр, биздин жорголор эле 20-30 миң доллар деп бааланып жатат.

Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, Айлэндэрван 2007-жылы туулган, быйыл ал 1 асый болду, уламышка айланган жылкы тукумунан. Атасы Монтжу 1996-жылы Ирландияда туулуп, кезинде баасы 17 млн доллар турган болсо, анын атасы Салдерс Велс 1981-жылы АКШ да туулуп, учурунда 10 млн. 500 миң долларга бааланган. Ал эми Айлэндэрвандын 4-атасы Нортен Дансер 1962-жылы туулган экен. Анын баасы кезинде 13 млн. эки жүз миң доллар болгонун айтышууда.

- Ошол асыл тукумдагы, ошол аттын атасынан чыккан башка аттар биржаларда ошондой баага сатылганын тактап чыктык.

Келишимде кынтык барбы?

Өмүрбек Бабанов Айлэндэрван аргымагын түрк ишкеринен белек же пара катары эмес, накталай акча 20 миң долларга сатып алганын ырастаган келишимди УКМКга да берди. Бирок “атамекенчилер” документтен кынтык таап, аны жасалма деп атап чыкты. Алардын белгилешинче “сатуу-сатып алуу” келишимине 11-майда Бишкекте кол коюлган.

Бирок алар Чек ара кызматынын маалыматына таянып, Хункар Адали ал учурда Кыргызстанда болбогонуна көңүл бурууда. Чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленовдун колу коюлган маалыматта Хункар Адали Бишкекке 5-апрелде келип, 22-апрелде Кыргызстандан чыгып кеткени белгиленген.

Ошол эле кезде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев күлүктү Кыргызстанга учак менен алып келүү чыгымы эле 30 миң доллар деген ишенимде:

- Мен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан дүйнөдөгү кадыр-барктуу жокей клубдардан сурап, бул аттын баасы канча экенин тактоону талап кылам. Ат Кыргызстанга жүк ташуучу учак менен келген. Анын баасы эң кеминде 20-30 миң доллар болот деп айтып отурушат.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров эгер “сатуу-сатып алуу” келишиминен “Ата Мекен” партиясынын лидеринин шеги болсо, анда аны укук коргоо органдары аркылуу текшерип алуусун сунуштады.

- Эгер арыз менен кайрылса укук коргоо органдары аны текшерип чыгышы керек. “Сатуу-сатып алуу” келишими туура түзүлгөнбү же жокпу, жасалмабы-жасалма эмеспи, укук коргоо органдары чечиши керек. Укук коргоо органдарынын ордуна бул жасалма деп айтып чыккандыгы таңкалдырат.

Аңызга айланган аткана

Мындан тышкары, “атамекенчилер” Бабановдун жылкылары эмне үчүн Чолпон-Атадагы президенттин иш башкармалыгына караштуу №54 асыл тукум жылкы заводунда кармалып турганына да кызыгышууда. Алар Чолпон-Атадагы ат заводдун жетекчиси Каныбек Качыкеевге таянып, ал атканада өкмөт башчынын 13 аты кармалып турганын да билдирүүдө.

Буга Өмүрбек Бабановдун жообу мындай болду.

- Чолпон-Атадагы аткана боюнча айтсам, Текебаев ал атканын барып көрсүн, кандай абалда турганын. Айына миң сом ижара (ар бир атка) төлөнөт. Ал жерде менден башка төрт киши биригип карап жатабыз, дагы бош орундар, сарайлар турат. Жем-чөбүн мен Бишкектен өз акчама алып барып жатам. Мейли, мен аттарды башка жерге кармайын, бирок бу да болсо мамлекетке пайда болуп жатпайбы.

Чолпон-Атадагы аткана демекчи,”Ата Мекен” фракциясы коомчулукка сунуш кылган видео тасмада өкмөт башчынын саяпкери анын Чолпон-Атада багылып жаткан аттары, алардын тарыхы жана тукуму боюнча айтып бергени жазылган. Саяпердин аты-жөнү ким экени белгисиз.

"Ата Мекен" фракциясы парламентте сунуштаган видеотасмадан




Ат минген аткаминерлер

Ал ал болсун. Деген менен Кыргызстанга кандай гана жол менен болбосун асыл тукум күлүктөрдүн келишин жактагандар арбын. Маселен, премьер Бабанов түптөгөн “Республика” партиясынын парламенттеги фракция башчысы Алтынбек Сулайманов Манас бабабыздан бери күлүк аттар тартуу болуп келатканын мисал тартты:

- Манас атабызга дагы Кылжейренди, Тай буурулду белек катары беришкен. Бул кыргыздын салты. Белек катары таза кандуу аттар келген болсо, анын эмнеси жаман.

Алтынбек Сулайманов да Кыргызстанда асыл тукум жылкыларды кармаган саналуу адамдардын бири. Бул иш кирешелүү эмес, бирок ар бир кыргыз баласы мүмкүнчүлүгү болсо, ат кармаганы жакшы дейт депутат. Анын айтымында, Кыргызстанда буудандардын баасы 100 миң доллардан жогору эмес.

- Биздин Кыргызстанда учурда 1 млн. долларлык ат жок. 50 миң долларлык аттар бар. Эң жогорку чеги 100 миң долларга барып такалат. А негизи көпчүлүк аттар 10, 15, 20 миң доллар турат. Бизде араб күлүктөрү, ахалтекин тукумундагы жана көп немис аттары бар. Ошондой эле рысактар, өзүбүздүн жаңы кыргыз асыл тукум жылкылар бар. Ал эми өзүмдүн ондон ашык таптап аткан күлүк жылкыларым бар.

Жыйырма жылдан бери ат таптап, жарыштарга салып жүргөндөрдүн дагы бири - Бишкектин мэри Иса Өмүркулов. Ал бул өнөр чоң аталарынан бери келатканын, азыр өзү күлүк таптап, жарышка салып жүргөнүн айтты.

- Кыргызстандык күлүк аттарды кыргыз саяпкерлери көп учурда, басымдуу учурда деп айтсак да болот, Казакстанга барып чаап жүрүшөт. Аны эл аралык жарыштар деп айтсак да болот. Андан ары барып чабылган жылкылар жөнүндө кабарым жок экен. Мен өзүм да кеминде 15 жылдан бери Казакстанга барып чаап жүрөм.

Өмүркуловдун белгилешинче, учурда дүйнөдө баасы 30 млн. долларды чапчыган асыл тукум жылкылар кезигет.

- Бүгүнкү күндө дүйнөдө 15, 20, 30 млн. доллар турган жылкылар бар. Алар канынын тазалыгы менен айырмаланат. Аттын каны канчалык таза болсо, дүйнөдөгү рекорддорду да ошолор койот, бул биринчиден. Экинчиден, андай аттарды кармоо аброй катары да эсептелет.

Саясаттагы жылкы баласы

Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти, ат кулагы менен тең ойногон каскадер Эдил Молдалиев бир топ мамлекеттерге барып, ат үстүндө көркөм тасмаларга тартылып жүрөт. Ал дүйнөдөгү асыл тукум жылкылар боюнча мындай дейт:

- Дүйнөдө англис тукумундагы аттар абдан кымбат турат. Алар араб күлүктөрү менен аргындаштырылып отуруп, ушундай асыл тукум жылкыларды өстүрүшкөн. Ошон үчүн эң каны таза күлүктөр анлис жылкылары. Дүйнөдө Англиянын ханышасы, араб шейхтери, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдор ат кармап, чабышат. Былтыр Лондондо болуп, испан каскадерлору менен бирге киного тартылганбыз. Ошондо жалаң колунда бар адамдар ат кармашарын көрдүк. Испанияда деле бай кишилер кармайт жылкыларды. Жапонияда деле, дүйнөнүн баарында эле ошондой, колунда бар адамдар гана күлүк ат кармайт. Казакстанда мисалы Үчкемпиров деген Москвадагы олимпиада чемпиону бар, ошол ат кармайт. Андан тышкары, Даулет Турлыханов кармайт. Эң мыкты аттар казак туугандарда экен. Ал эми Кыргызстанда болсо жакында мелдеш өткөндө да көрдүк, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов ат кармашат. Феликс Куловдун да аттары бар. Орусияда болсо мисалы, Шойгунун өзүнүн атканасы бар.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун күлүктөрүнөн чыккан чыр качан басылары белгисиз. Так айтканда, саясый араздашуулардын ортосуна жылкы баласы туруп калды. Жаныбарда эмне айып, экинчи жагынан алыстан алынып келинген аттар саясый оюнда башкы каарман болуп жатканын кайдан билсин.

Бирок кеңири коомчулук жакыр деген Кыргызстанда кунуна баа жеткис жүздөгөн жылкы баласы бар экенин билип калды көрүнөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG