Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Өкмөт "Кумтөрдүн" айынан кетеби?


Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар, 14-март, 2013.
Кумтөр алтын кениндеги жумушчулар, 14-март, 2013.

Жогорку Кеңеш 9-октябрда “Кумтөр” боюнча “Центерра Голд” менен жетишилген меморандумду талкуулап, бир пикирге келе алган жок.

Талкуу учурунда өкмөт аталган меморандумдун Кыргызстан үчүн пайдалуулугун далилдөөгө аракет кылса, айрым депутаттар премьер-министр Сатыбалдиевди кызматтан кетирүү демилгесин козгоп чыкты.

"Менин да Кыргызстанда жашагым келет"

Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү “Центерра голд” менен жетишилген меморандумда мүмкүн болушунча Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон деп, депутаттарды ишендирүүгө аракет кылды. Алардын айтымында, эгер муну Жогорку Кеңеш колдоп берсе, Кыргызстан 50 пайызына ээлик кылган жаңы ишкана Кыргызстанда түзүлмөк жана кошумча киреше 65 млн. долларга көбөймөк.

Жантөрө Сатыбалдиев депутаттарды куру сөздөргө жетеленбей, конструктивдүү чечимдерди кабыл алууга чакырды:

- Сүйлөшүүдөн башка жол жок. Эгер соттошо турган болсок, бизди өтө оор процесстер күтүп турат. Мен Кумтөр боюнча талаптарды аткарып, бир күндө улуттук баатырга айлансам болмок. Бирок эртеси Кыргызстандын экономикасы, акыбалы эмне болот эле. Мен ал үчүн да жооп берем. Менин да Кыргызстанда жашагым келет.

Анткен менен депутаттарды өкмөттүн аргументтери жана жооптору ынандыра алчудай эмес. Эл өкүлдөрү Кыргызстандын үлүшүн жок эле деген 60 пайыздан ашыруу зарылдыгын айтышса, арасынан бул маселени референдумга алып чыгууну сунуштагандар да болду. “Ата-Журт” фракциясы болсо, Кыргызстан бир тараптуу келишимди жокко чыгарууга барышы керек деген сунушун парламентке алып чыкты. Муну менен алар өкмөт жүргүзгөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгына макул эместиктерин билдиришти.

“Атажуртчу” депутат Мыктыбек Абдылдаев мындай дейт:

- “Ата-Журт” фракциясы Кумтөр долбоору жөнүндөгү макулдашууну денансациялоо боюнча элдик демилгени колдоп, парламентке сунуш кылат. Биздин сунушту күн тартибине киргизип, добуш берип коюунуздарды суранабыз.

"Пушка менен атсаңар да колдобойбуз"

Сатыбалдиев өкмөткө ишеним жок болсо, анда сүйлөшүүгө депутаттар да кирүүсүн сунуштап жатат. Ал аралыкта “Ата Мекен” фракциясы өкмөттүн отставкасын көтөрдү. “Атамекенчи” депутат Эркин Алымбеков төрагалык кылган Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечимин парламентте жарыя кылды.

Ал эми фракция лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги талкууда Сатыбалдиевге кескин сынга алды:

- Президент менен премьер-министрдин сөзү бир болуп, алар сүйлөшүп алган болсо гана парламентти тарата алат. Парламентти коркутуп, меморандум боюнча добушка кол койдуртам дейсиңби?! Пушка менен атсаңар да биз колдобойбуз.

“Ата Мекен” лидеринин сынына карата өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жообу мындай болду:

- Сиз антип мени коркутпаңыз. Биринчиден, парламентти таратам деген сөздү мен айткан жокмун. Көрсөтөм десеңиз, эми көрөбүз да, эмне эле коркутуп жатасыз!? Ишеним көрсөтпөө дегенди мен айткан жокмун, аны өзүңүздөрдүн депутаттарыңыздар айтып жатат.Мен ошолорго гана жооп кылдым.

Бирок жогорудагы сунуштар боюнча добуш берүүгө депутаттар үлгүрөн жок. Бул маселелерди кароону Жогорку Кеңеш 10-октябрда да улантмакчы. Ал эми Кумтөр маселесин Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан кезде президент Алмазбек Атамбаев ал боюнча пикирин билдирип, депутаттарды катуу сынга алды.

XS
SM
MD
LG