Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Бейөкмөт уюм – беймаза мыйзам


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин жыйынында “Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору экинчи окууда колдоо тапканы коомчулукта талаш-тартышка кайрадан жем таштоодо.

Бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырууда. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса демократиялык принциптерге, жарандык коомдун өнүгүшүнө кандай кедергисин тийгизиши мүмкүн, бул маселеге башка өлкөлөрдүн илеби тийип жатабы, же мамлекеттин улуттук коопсуздугуна кам көргөн мыйзамдуу чарасыбы? Ушул жана башка суроолорго «Азаттыктын» «Арай көз, чарай» берүүсүндө жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова, «Кылым шамы» бейөкмөт уюумунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Жолдош Орозов катышты.

«Азаттык»: Надира айым, сиз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болуп турганда ушул мыйзамдын долбоорун иштеп чыккандардын бир элеңиз, кабыл алууга жетишпей калгансыздар. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө эмне себеп болгон, эмне түрткү болгон?

Надира Нарматова: Кыргызстанда "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Мезгил өттү, турмуш өзгөрдү дегендей, ал мыйзам бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калгандыктан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Андан кийин мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан маселелер турду. Ошондон улам биз парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаттары - Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана мен болуп ушул мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгып, сунуш кылганбыз. Бешинчи чакырылышта мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Алтынчы чакырылыштын депутаттары биз баштаган демилгени улантып, көптөгөн талкууларды, угууларды өткөрүштү. Эми минтип экинчи окууда депутаттардын 73 добушу менен колдоо таап отурганы, бул мыйзамдын маанилүү экендигин айтып турат. Мамлекеттин коопсуздугу, ички тартибин сактоодо мындай мыйзамдын керектиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү болууда.

«Азаттык»: Азиза айым, комитет төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбоору экинчи окууда эки жери өзгөртүлгөнүн билдирди. Биринчиден, эл аралык бейөкмөт уюм дегенге так аныктама берилди, экинчиден, алар ачык өз бюджетин жарыялоосу кажет. Биз тараптан бейөкмөт уюмдардын укугун бузуп жаткан эч кандай берене жок деп айтты. Демек мыйзам бир топ жумшарды десек болобу?..

Азиза Абдирасулова: Бейөкмөт уюмдар үч жылдан бери бул мыйзамды өткөрбөөгө күрөшүп келебиз. Мындан сырткары бул мыйзам долбоору Венеция комиссиясы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ЕККУ тарабынан өтө терс баасын алган. Биз 11-апрелге чейин мыйзам долбоорунун биринчи варианты менен тааныш элек. Талкууларыбыз, талаптарыбыз да ошонун айланасында болуп келген. Бешинчи чакырылыштагы мыйзам долбооруна караганда бүгүнкү долбоор бир топ өзгөргөн. Мисалы, көп талашты туудуруп келген “чет элдик агент” деген сөз азыркы долбоордо жок. Мурда отчеттуулуктун өтө катаал жолун сунушташса, азыркыда бир топ жеңилдеген. Биздин кооптондурган кылмыш жоопкерчилиги деген бар эле, азыркыда ал дагы жок.

“Азаттык”: Жолдош мырза, эфирдин алдында айттыңыз, бул мыйзам мамлекеттин коопсуздугу үчүн зарыл дедиңиз. Коопсуздукту сактай турган башка мыйзамдар деле бар эмеспи?

Жолдош Орозов: Ар бир кыргыз мен ойлогондой ойлосо анда колдойт. Чет өлкөдөн каржыланып жаткан уюмдар отчетун бериш керек, бербесе, өзү каалагандай жүрө берсе, анда шек туудуруп жатпайбы. Шек туулган жерде “тыңчы”, “агент” деген сөздөр өзүнөн-өзү жармашат. Азиза эжелер тынчсыздана турганга эч негиз жок...Ар бир уюм кыймыл-аракети жөнүндө отчетун берип койсун деген талап болуп атат.

«Азаттык»: Надира айым, дал ушундай эле мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынгандан кийин бир топ бейөкмөт уюмдар куугунттукка кабылып жатышат, Кыргызстанда ошондой кырдаал болушуна тынчсыздангандар көп...

Надира Нарматова: Ар бир мыйзам ошол мамлекеттин муктаждыгына, зарылчылыгына жараша иштелип чыгат. Мыйзам чыгарууда депутаттар башка өлкөлөрдүн, кошуна мамлекеттердин мыйзамдарын да карайт, салыштырат. Анан өзүбүздүн улуттук ички саясатыбызга, менталитетине, тартибине, адеп-ахлагына, урмат-сыйына жараша керектүүлөрүн алабыз. Мындай тажрыйба бардык өлкөлөрдө бар.

«Азаттык»: Мыйзам талкууланып жатканда бир аз эле укук коргоочулар митинг өткөрүп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланат деп билдирүү тараттыңыздар, ага кандай далилдер бар?

Азиза Абдирасулова: Мыйзам долбоорунун мурдагы вариантында жүз пайыз дискриминация болсо, азыркысында алардын токсон беш пайызы алыныптыр. Калган 5-6 пайызында дагы эле дискриминация бар. Мисалы, өкмөттүк эмес уюмдарга диний уюмдар, ошол эле саясий партиялар ж.б. көп уюмдар кирет. Бирок, бул мыйзамдын жобосу аларга таратылбайт, бизге окшогон бейөкмөт уюмдарга гана иштейт. Дискриминация дегеним ушул...

Талкууунун толук вариантын видеодон көрүңүз:

XS
SM
MD
LG