Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Жогорку Кеңеш бир жылдан ашуун убактан бери ишке чыкпаган депутат Нурлан Сулаймановдун мандатынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чакыртылып алынышын сындап чыкты.

Парламентте ар кандай себептер менен жумушка чыкпаган, айда-жылда көзгө бир жылт этип көрүнгөн депутаттар арбын. Ошол эле учурда алардын кеңешчи, жардамчылары айлык алып иштеп келет. Мындай жагдай салык төлөөчүлөрдүн сынына кабылууда.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" оппозициялык фракциясынын депутаты Нурлан Сулаймановду мандатынан ажыратуу чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн апта соңунда кабыл алган. Ага Сулаймановдун бир сессия аралыгында 30 күн бою ишке чыкпаганы себеп болгон. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ооруп жатканы тууралуу баракча (больничный) төрт айга чейин гана берилет.

- Төрт айдан кийин ишке жараксыз кагазы мыйзам боюнча берилбейт. Адам же майып категорияга чыгышы керек, же айыгып жумушка келиши зарыл. Бир жарым жыл больничныйда жүрөт деген мыйзамга туура келбейт, - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеңиш Акматов.

Нурлан Сулайманов

Нурлан Сулайманов

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановго карата коррупция боюнча кылмыш иши 2012-жылдын июнь айында козголгон. Көп өтпөй анын дарыланганы башка мамлекетке кеткени кабарланган болчу. Эл өкүлү ошол убактан бери парламенттин бир да жыйынына катышкан эмес. Жогорку Кеңештин Регламенти жана этика боюнча комиссиясынын төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, комитетке Сулаймановдун дарыланып жатканы боюнча аныктама кагазы келген.

- Сулайманов ошол убактан бери айлык алган жок. Машинасын иштеткен жок, ага май да алган жок. Ал эми Түлеев бир жылдан бери камакта отурат. Ал бензин алган жок, бирок айлык алып атат. Анткени ал депутатка соттун өкүмү чыга элек. Курманбек Осмонов дагы чет жакта, Орусияда дарыланып жатат. Ар бир депутат боюнча өзүнчө чечим чыгат. Балким депутаттар жок болсо дагы жардамчылары иштеп жаткандыр, балким аймактарга барып жаткандыр.

Анткен менен айлык алып, жыйынга чанда катышып же такыр катышпаган бир катар депутаттар бар экенин салык төлөөчүлөр сындап келишет. Андай депутаттардын катарына Шаршенбек Абдыкеримов, Исхак Пирматов, Улан Чолпонбаев, Болот Шер, Курманбек Осмонов, Нурлан Сулайманов, камактагы депутаттар Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеевди жана башкалар кирет.

Курманбек Осмонов

Курманбек Осмонов

Депутат өзү жок болгону менен алардын жардамчы, кеңешчилери кадимкидей айлык алып иштеп келишет. Эл өкүлү өзү жок болсо жардамчылар, кеңешчилер эмне иш кылышат? Бул суроого Сулаймановдун кеңешчиси Нурлан Каимбаев төмөндөгүдөй жооп берди:

- Оорусуна байланыштуу справка, документтерди тапшырып иштеп атабыз. Мен консультант катары айлык алам. Орчундуу каттар келсе өзүнө байланышабыз.

Ал эми Курманбек Осмоновдун жардамчысы эл өкүлү жокто эмне иштер менен алек болуп жатканын айта алган жок. Башкы прокуратура "Кумтөр боюнча пайдасыз келишим түзгөн" деген айып менен коррупция беренеси боюнча "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновго былтыр октябрда кылмыш ишин козгогон. Осмонов дагы ден соолугуна байланыштуу ошол убактан бери жумушка чыга элек. Жардамчыларына айлык бербей койгон же кызматтан кетирген мыйзамга дагы, адам укуктарына дагы туура келбейт экен.

Ошол эле маалда Өмүрбек Абдрахмановдун бир жолу жыйынга катышпай калганы парламенттин комитетинде каралганын депутат өзү билдирди. Ал кээ бир эл өкүлдөрүнүн жумушка келбегени жаап-жашырыларын минтип белгиледи:

- Жумушка келбеген кишиге айлык берилбеши керек да. Кечээ мени карашыптыр, үч жылдын ичинде бир жолу келбей калган экенмин. Алтыбаевага "депутаттар жылдап деле келбей жатпайбы" деп айттым. Маселен, “Ата Мекенде” да бар ошондой депутат. “Жанындагылар басып коет экен” дешет. Болот Шер, Аюу деген (Шаршенбек Абдыкеримов – авт.) депутат бар. Алар дегеле келбейт. Алардан башкалары деле.

Көзгө көрүнбөгөн, жыйындарга катышпаган, эл өкүлү деп аталганы менен элге чыкпаган депутаттардын көбүнүн жүйөөлүү себептери бар экен. Алардын дээрлик бардыгы ооруп аткандыгы тууралуу дарыгерден кагаз алып келишет. Мындай шартта алардын маселесин комитет да караганга укугу жок.

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө көз салган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Гүлзада Медералиева оорулуу депутаттарды орун бошотууга үндөдү.

- Борбордук шайлоо комиссиясы Сулаймановду мандатынан ажыратса, анда башкаларга да ошондой мамиле кылбайбы. Эгерде ошончо убактан бери ооруп атса, жумушка жараксыз болсо анда башкаларга орун бошотуп беришпейби.

Көп депутаттардын жыйынга катышпаганы, жадагалса кворум болбой калган учурлар Жогорку Кеңеш үчүн жаңылык деле эмес. Ушундан улам жыйынга себепсиз келбеген жана кечигип келген депутаттардын айлыгынан кыскартуу сунушталган болчу. Бирок көбүнесе бизнес менен алектенген эл өкүлдөрүн бул ыкма чочута алган жок өңдөнөт. Кийин алардын тизмеси телеканалдардан көрсөтүлүп турмай болгон. Азырынча бул дагы ишке аша элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG