Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Парламентте нике күбөлүгү жок адамдарга нике кыйган имамдарга айып пул салууну караган мыйзам долбоору даярдалууда.

Депутаттардын айтымында, бул мыйзам коомдогу үй-бүлө институтун бекемдеп, үй-бүлөнүн алдындагы эркектердин жоопкерчилигин күчөтмөкчү. Анткен менен диний өкүлдөр бул мыйзамдын кемчиликтери арбын экендигин айтышууда.

Имамга айып салуудан маселе чечилеби?
Биз нике болсун, бирок сөзсүз мамлекеттик каттоого алынсын деп жатабыз...
Айнуру Алтыбаева

Бүгүн Жогорку Кеңештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү колдоого алды. Ага ылайык, нике күбөлүгү жок адамдарга нике кыйгандыгы үчүн диний кызматкерлерге 1000 сом айып пул салынат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева мыйзамдын зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Конституция боюнча үй-бүлө мамлекет тарабынан катталат. Эркектер болсо бул жерден экини, тигил жактан дагы экини төрөтүп коюп жүрөт. Мындан мамлекет да жүдөп кетти. Мамлекеттик каттоосу жок балдар жана аялдар же алиментке, же жерге, үйгө ээ боло албай кыйналышууда. Биз нике болсун, бирок сөзсүз мамлекеттик каттоого алынсын деп жатабыз.

Алтыбаеванын айтымында, диний кызматкерлер нике кыяр алдында үйлөнүп жаткан адамдардын мамлекеттик нике күбөлүгү бар-жогун тешерүүгө алышы керек. Депутаттар бул мыйзам коомдогу үй-бүлө институтун бекемдеп, үй-бүлөнүн алдындагы эркектердин жоопкерчилигин күчөтөөрүнө үмүт артууда. Адам укугун коргоо уюмдары да коомдо мыйзамсыз көп аял алуунун айынан аялдардын укугу тепселип жаткандыгын, аталган мыйзам ага чек койорун белгилешүүдө.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мамлекеттик нике күбөлүгү жок турмушка чыккан аялдардын тагдыры аянычтуу бүткөн учурлар көп экенине токтолду:

- Бизде нике кыйып, экинчи аялы болгон, андан кийин керегиң жок деп чыгарып койгон бир аял жашап жатат. Ал бүгүн-эртең төрөйм деп турат. Эркектерге эч кандай жоопкерчилик жок болуп жатат.

Бирок бул мыйзамга диний кызматкерлер каршылыгын билдирүүдө. Алар мыйзамда турмуш чындыгы эске алынбагандыктан, анын коомдо иштеп кетеринен күмөн санашууда.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов буларды билдирди.

- Кээ бир жерлерде айыл өкмөттөрүнө, же Жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрүнө баруу кыйынчылыктарды туудурат, айрыкча айыл жерлеринде. Эгер күбөлүк алганга чейин үйлөнүп калган болсо, булардын никеси кыйылбай тура бериши мүмкүн. Ошонун айынан никесиз жашоо башталып кетет. Аны менен никесиз балдардын төрөлүшү жана нарк-насилдин төмөн түшүп кетиши келип чыгат. Экинчиден, нике кыйган молдого берет элем деген акчалары да көбөйүп кетет. “Бул нике кыйганыңыз үчүн биздин ыраазычылыгыбыз, ал эми бул болсо төлөй турган айып пулуңуз", -деп берип, адамдарга да эки эсе кыйынчылык жаралат.

Нике кагазга жашынгандар
Бир эле аял түрмөгө биринчи башка адамдын, кийин дагы башка адамдын аялы болуп кирген учурлар бар...
Жолдошбек Бузурманкулов

Анткен менен нике кыюу учурунда молдолордун жоопкерчилиги жок болуп жаткандыгы да сынга алынууда. Өкмөт алдындагы Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков түрмөдө отурган адамдын аялымын деп, молдодон нике кыйылгандыгын тастыктаган кагаз көтөрүп, абактарга келген сойкулар да болуп жаткандыгын айтып чыкты.

Аталган мекеменин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бузурманкулов бир эле аял түрмөгө ар башка адамдын аялы болуп келип жаткан учурлар бар экенин айтат:

- “Баланча аял түрмөдө отурган баланча деген кишинин аялы. Ал экөөнүн ортосунда мечитте нике кыйылган” деген кагазга молдо колун коюп берет экен. Анан ошол кагазды алып, “баланчанын аялымын” деп, түрмөдөгү атайын жолугушууларга кирет. Ошентип бир эле аял эки ирет кыргыздын, дагы бир жолу орустун жана дагы бир жолу кореецтин аялы болуп келген.

Буга карата муфтий Чубак ажы Жалилов Мамлекеттик нике күбөлүгү жок, бирок балдарын көтөрүп келген аялдарга кагаз берип, үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү аракети болгондугун белгиледи. Бирок муфтий муну менен алектенген башка да топтор болушу мүмкүндүгүн четке какпайт:

- “Бала-чакаларыбыз бар” деп, справкаларын алып келип,“никебиз да кыйылган, ошону ырастап кагаз берип койсоңуздар” деп келишет. Мындай адамдарга нике кыйгандагы күбөлөрүн чакырып келип, бир-эки жолу справка берилген. Бирок бул бардык учурда эле муфтияттыкы эмес. Өздөрү деле жасап алып кире бериши мүмкүн.

Кыргызстанда кийинки кезде мамлекеттик нике каттоосуна турбастан имамдар аркылуу никеге туруу көрүнүшү кеңири орун алууда. Коомчулукта мунун арты аялдардын жана балдардын укуктарынын бузулушуна алып келүүдө деген пикирлер арбын.

Ал эми сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралышы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG