Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Жээнбеков: Каталардын үстүнөн иштеш керек


Бүгүн парламент кезексиз сессияга чогулду. Жыйында каралчу маселелер туурасында ЖК төрага орун басары Асылбек Жээнбеков "Азаттыкка" маек курду.

- Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү талкууну жаратчу маселе. Айрым эксперттер бул маселе жок дегенде эки-үч күн каралып, талкууга салыныш керек эле деп атышат. Парламент бир күндө бул маселени талкуулап бүтө алабы?

- Бүгүнкү күн тартибине эки маселе коюлган: Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү жана БШКнын президент тараптан сунушталып жаткан эки мүчөсүн шайлоо. Мен бул маселелерди керек болсо түнгө чейин иштеп карап бүтөбүз деп ойлойм. Анткени айрым талаш-тартыш маселелер чечилип калды. Мурунку отурумда соттор тарабынан көрсөтүлгөн өкүлдөр боюнча кайчы пикирлер болгон. Азыр бул маселе чечилди, соттор тарабынан башка талапкерлер сунушталды.

- Парламент сот бийлигин толук көз каранды абалда кармаш үчүн ушундай механизмди киргизди деген сөз бар. Укук коргоочулар Сотторду тандоо кеңешинин курамына талапкерлерди кароо парламенттеги партиялык кызыкчылыктар аркылуу "жең ичинен" жүргүзүлдү деп айтышууда.

- Андай дооматтар четке кагылат. Сотторду тандоо кеңешине 24 адам мүчө болот. Алардын сегизи оппозициядан, сегизи коалициялык көпчүлүктөн жана сегизи соттордон. Ошондуктан бул жерде талаш-тартыш жарата турган, бир тараптуу деген сөздөрдөн алыс болушубуз керек.

Кеңешке талапкерлер да абдан тандалып өткөн. Мисалы КСДП фракциясы боюнча айтсам, бул орунга 20 чакты талапкерлер болду. Ошонун ичинен экөөнү тандадык.

- Президент Роза Отунбаева бүгүн парламент төрагасы Ахматбек Келдибековго жолдогон катында БШК мүчөлөрүн шайлоодогу мыйзамдык мүчүлүштүктөрдү оңдоого чакырган. Кезексиз сессияда парламент ушуга көңүл бурабы?

- Көңүл бурулат. Эмнеге дегенде бүгүн каралчу маселелердин бири ушул. БШКга президент тарабынан көрсөтүлгөн эки мүчөсүн шайлайбыз. Мындан сырткары Акылбек Сариевден да ушул багытта кат түштү. Ал катка да депутаттар көңүл бурабыз. Айрым жерлерде укуктук талаадан кетип калсак бүгүн аны кайтарып алып келе алабыз деп ойлойм.

Жогорку Кеңеш жападан жалгыз мыйзам чыгаруучу орган. Мыйзамдарга толуктоолорду, өзгөрүүлөрдү киргизе ала турган орган. Биз мыйзамдык талаага кире албасак, ким кирет дегендей эле кеп. Кудай буйруса айрым жерлерде мүчүлүштүктөр болсо биз оңдошубуз керек.

- Акылбек Сариев менен Эрик Ирыскулбековдун БШК мүчөлүгүнө талапкерлиги өткөн сессияда колдоо тапкан эмес. Президент тарабынан ошол эле эки талапкер кайра сунушталган эле. Эгер бүгүн да алар колдоо таппаса, парламент дагы кезексиз сессияга чогулабы?

- Менин билишимче президент тарабынан мурда өтпөй калган талапкерлер эмес, башкалар сунушталууда. Азыр аны ачыктап бере албайм. Жогорку Кеңеш да кайра эле ошол талапкерлерди бере берген болбойт деп кайрылганбыз.

- ЖКнын акыркы сессиясында бир топ мыйзам байкалбай кабыл алынып, мүчүлүштүктөр эми чыгып аткандай. Мисалы улутташтырылган мекемелер туурасында жана шайлоо маалында ММКлардагы жарнамалык материалдардын баасы туурасында көп талкуулар жаралууда?

- Депутаттардын, фракциялардын талабы боюнча маселеге кайра добуш берүүгө кайтып келүүгө Жогорку Кеңештин укугу бар. Айрым маселелер боюнча мүчүлүштүктөр болсо депутаттардын демилгеси менен кайра кароого укугубуз бар.

Негизи сиз айтып жаткан маселе туура. Биз координациялык кеңеште акыркы орчундуу делген ондон ашуун мыйзамды карайлы, калганын күзүндө шашпай, талдап чыгалы деген элек. Бирок көпчүлүк аны колдобой, 50дөн ашуун маселе чыгып кетти. Негизи бир күндө 50дөн ашуун мыйзамды караган болбойт.

XS
SM
MD
LG