Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Иракта жардыруу уюштургандардын бири тажикстандык экени кабарланууда


Ирактагы терактка “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды. 24-сентябрда Ирактын Тикрит шаарындагы жанкечтилердин жардыруусунан 12 адам өлүп, 23ү жаракат алганы кабарланган.

ИМ тобунун интернетке чыгарган билдирүүсүндө, топтошуп турган полициячылардын жанына барып жардырууну ишке ашырган төрт жанкечтинин үчөө ирактык, Абумухаммад Точики аттуу төртүнчүсү тажикстандык экени айтылат.

Тажик бийлиги ушу тапта миңден ашуун жараны ИМ жана башка террордук топторго кошулуп кеткенин билдирүүдө. Алардын 300ү өлгөнү да маалымдалат.

XS
SM
MD
LG