Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Үгүт учурунда артыкчылыктардан баш тартуу декларациясына кол койгону менен шайлангандан кийин депутаттар муну ишке ашырууга шашылбай турат. “Азаттык” “Жигиттик сөз” макулдашуусунун демилгечилеринин бири, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова менен маектешти.

«Азаттык»: Сиз менен шайлоо алдында маектешкенде маанайыңыз оптимисттик эле. “Ишенем, коом өзгөрөт, доор өзгөрөт” деген сөздөрдү айткансыз. Азыр кандай пикирде болуп жатасыз?

Карасартова: Азыр деле үмүт бар. Себеби депутаттар арасында популисттик билдирүүлөр менен катар чынында эле мындай кадамга чакыргандар да болуп жатат. Бирок “Арабызда муктаждар бар” деп колунда бар, кедей деле эмес депутаттар айтып чыгууда.

Албетте, бул маселенин баарын чечсе болот. Конституцияга өзгөртүү киргизбестен деле.

Биз декларацияга кол коюп жатканда Баш мыйзам тууралуу ойлогон эмеспиз. Кол тийбестикти толук алып салуу жөнүндө деле маселе болгон эмес. Анткени ар бир бийлик бутагынын өз статусу болот. Бирок жанагынтип мыйзамдан аша чаап, “кандай гана кылмыш козголбосун, адегенде бизден уруксат сурашы керек”, “уруксатты биз беришибиз керек” деп өздөрүн өздөрү колдогон, кымбат автоунаа тепкен сыяктуу көрүнүштөргө көңүл буруу үчүн жакшы иштин жөрөлгөсү болсунчу деп баштаганбыз.

Кыскасы, ар кайсы мыйзамдарга өзүлөрүнө керектүү нерселерди киргизип кете беришкен. Социалдык жардамын, пенсиялык жардамын ж.б. Ал эми тереңирээк карай турган болсок, ал жерде маселе толтура. Мисалы, пенсия. Эки жолу депутат болгон адам персоналдык пенсия алат деген норма киргизилген. Эки жолу депутат болуу бүгүнкү күндө оңой эле. Акырын киресиң тизмеге, 1-2 ай депутат болуп отурасың да чыгып кетесиң... Кайра тизмеге кирип, шайланып келгенден кийин дагы депутат болуп аталып каласың.

Ошондуктан жаңы парламент келгенче баарын иреттеп, коомчулукка чыгарып алалы деген ой болчу.

Тилекке каршы, ушундай кичинекей, болбогон бир нерсеге келгенде айткан сөзү башкача, жасаган иши башка болууда. Чоң нерседен баштап алышып “Конституцияга өзгөртүү киргизели дегенбиз, демилге кылганбыз, бирок, тилекке каршы, болбой калды” деп айтуу үчүн... Чынын айта турган болсок, мыйзам менен эле өзгөртүү киргизип койсо болот!

“Азаттык”: Биздин окурмандардан “Добушуңарды 1000 сомго саттыңар эле, эми ошону беш жыл бою сактап үнөмдөп жеп жата бергиле” деген сыяктуу пикирлер түшүүдө. Сиздер эгер декларация ишке ашпай калса, жигиттик сөзүнө турбагандарга таасир эте аласыздарбы?

Карасартова: Эки күн болду, биз депутаттарга кайрылуу жолдодук. “Бул силердин убадаңар. Шайлоо учурунда декларацияга кол койгонсуңар, милдеттенме алгансыңар” деп сылык жазып эскерттик. Бул болбой калса, кийинки кадамыбыз – пресс-конференция.

Парламентте бул маселе добушка коюлат болушу керек. Ошонун жыйынтыгы кандай болот, ким кандай добуш берет, ошону коомчулукка ачык жарыялайбыз.

“Азаттык”: Добуш жетпей калсачы?

Карасартова: Жогоруда Сиз окурмандардын пикирин мисалга келтирдиңиз го “Шайлаган депутаттарыңарга эми беш жыл чыдагыла” деп жазып жатканын. Ошондой эле болуп калат анда. Бирок кимдин ким экенин билебиз. “Бизди өлтүрбөгөн нерсе акыры сабак болуп келет” деген сөз бар эмеспи. Мындан биз өлүп калбайбыз, бирок чоң сабак алабыз. Кайсы партиянын артында кандай маскарапоздор турганын билебиз.

“Азаттык”: Турак-жайга муктаж депутаттар бар деп айтылууда. Балким, 120 адамдын тизмесин ачык жарыялап, чынында эле муктаждардын себебин көрсөтүп, үй менен камсыз кылуу туура эле болоттур?

Карасартова: Буга чейин журналисттик иликтөө жүргүзгөн кабарчылар үйү жок экенин айткан депутаттар ал жакка туугандарын киргизип койгонун айтып чыгышпады беле. Менимче, жашай турган жерим жок деп айтуу алар үчүн маанилүү.

  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG