Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Кыргызстанда кыргыз жана орус тили боюнча парламенттик талаш коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Депутаттардын Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилде иш алып барууга болгон чакырыктары орус тилдүү жарандар арасында нааразычылык жаратууда. Талдоочулар мындай талаштар өлкөдөгү ансыз да араң турган улут аралык кастык сезимин курчутушу ыктымал деп эскертип жатышат.

Айрым депутаттардын парламент жыйындарын кыргыз тилинде гана алып барып, Жогорку Кеңеште кыргызча гана сүйлөш керек деген чакырыгы орус тилдүү саясатчылардын каяшасын жаратты.

Депутаттардын кыргызча сүйлөшүн өжөрдүк менен талап кылган депутат Урулкан Аманбаева "бул мыйзам ченемдүү талап, аз улуттардын укугун тебелебейт" деп далилдөөдө:

- Мамлекеттик тилди өз деңгээлинде көтөрүү тууралуу маселени көтөрүп жатабыз. Менин пикиримде бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Муну коомчулуктун баары эле билиши керек. Баш мыйзамда жазылган боюнча мамлекеттик тилде сүйлө десек эле эмне үчүн эл душманына айландырганын түшүнбөйм.

Буга кошумча депутат Исмаил Исаков парламенттин ишин жана документтерин жалаң кыргызча жазыш керектигин сунуштады. Бул позицияны кармангандардын жүйөсү боюнча, орус тилине расмий макам берилүү менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө бөгөт коюлууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова ушундай пикирди кармангандардан:

- Бул жерде кыргыз жеринин абасын жутуп, жашап жактан соң өздөрүнүн аң-сезими жана мекенчилдик сезими менен гана кыргызча үйрөнүп, кыргыздар менен тең ата кыргызча сүйлөшү тууралуу гана сөз болушу мүмкүн. Муну менен катар өзүнүн эне сүтү менен келген тилин үйрөнө берсин. Ага тыюу салган эч ким жок.

Улуттук азчылыктын укугу

Бирок бул демилгелер орус тилдүү депутаттардын каршылыгына кабылды. Алар мындай аракет орус тилдүүлөрдүн укугун тебелегенге тете деп жатышат.

Депутат Ирина Карамушкина бул кадамдар улут аралык араздашууларга жол ачышы мүмкүн экенин билдирди:

- Жогорку Кеңеште бардык документтер кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп сунушталып жатат. Кыргыз тилинде баарыбыз эле түшүнө бербейбиз да. Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм. Ошондуктан мындай сунуштар менен кыргыз тилин билбегендердин укугун тебелеп жатышат. Анын үстүнө бизде расмий тилдин макамы жөнүндө мыйзам бар. Бул мыйзам такыр эле иштебей калды. Учурда мамлекеттик органдардан баштап, мектептерге чейин орус тилиндеги бардык нерсени алып, кыргызчаны гана калтырууга аракет жасалып жатат. Мындай бир тараптуу саясат жакшылыкка алып барбайт.

Муну менен катар парламентте кыргыз тилине үстөмдүк маани берүүнүн арты орус тилдүү калктын Кыргызстандан көчүп кетишине өбөлгө болот дегендер да чыгууда.

"Московский комсомолец Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов депутаттардын тилдик негизде жиктөө аракети кабатырлантаарын белгилейт:

- Биз орус тилдүүлөр деп орустарды гана эмес, Кыргызстанда жашаган украин, немис, өзбек, уйгурларды билебиз. Муну менен катар Советтер Союзу учурунда окуп, билим алгандардын көпчүлүгү үчүн да орус тили улуттар аралык тилге айланган. Анан ушундай кырдаалда айрым депутаттардын кадамдары орус тилдүүлөрдүн нааразычылыгын гана жаратпастан, кемсинтүү катары кабыл алынып жатат. Мындай кадамдар өлкөдөн кетүүгө болгон каалоону жаратууда. Ал эми алардын арасында өз ишин мыкты билген, колунан бир нерсе келгендер көп.

2010-жылдагы улут аралык жаңжалдан бери ансыз да олку-солку абалда турган Кыргызстанда тил маселесинин кабыргадан коюлушу орунсуз деди кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Замира Дербишова. Анын айтымында, тилди өнүктүрүү талыкпас, сабырдуу аракеттер аркылуу гана жетишилүүгө тийиш:
Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Бирок толугу менен өздөштүрдүм деп айта албайм.

- Бул маселеге кылдаат мамиле жасашыбыз керек. Себеби учурда тил маселесин кандай кааласак, ошондой пайдаланып жатабыз. Бул туура эмес.

Биринчиден, Баш мыйзамда эки тилге бирдей укук берип койгонбуз. Ошондуктан биз “жалаң эле кыргыз тилинде сүйлөйсүңөр” десек мыйзамдык жактан туура эмес болуп калат. Экинчиден, тил - өзгөчө көрүнүш. Муну күчкө салууга болбойт. Андан көрө ага шарт түзүп беришибиз керек. Тил өзү ошол абалга жетиши керек.


Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүүсүн милдеттендирген мыйзамдык жоболор көп жыл мурда айтылган. Бирок бул жагынан айтаарлык жылыш болбогонун талдоочулар белгилеп жүрүшөт. Жаңы президент Алмазбек Атамбаев да ант берүү аземиндеги сөзүндө ар бир жарандын бала бакчадан тарта кыргызча өздөштүрүүсүнө шарт түзүүгө чакырган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG