Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Жогорку Кеңештеги депутаттык орундарга партиянын тизмесин шайлоочунун рейтингдик добушу аркылуу (преференция) аныктоо демилгеси парламент депутаттары тарабынан кайрадан көтөрүлүүдө.

Депутаттык мандат берүү жана андан ажыратууда фракциянын жана Борбордук шайлоо комиссиянын укуктук ченеми кандай болушу керек, депутаттык орундун тагдыры шайлоочунун добушу мененби же партиялык эреже менен чечилиши керекпи, деги бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу, демократиялуу жолу кайсы ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Жанар Акаев жана тарых илимдеринин доктору, профессор, саясий серепчи Алыбек Акунов катышты.

"Азаттык": Жанар мырза, депутат боло тургандардын партиялык тизмесин преференция аркылуу аныктоо сунушу менен чыктыңыз. Бул маселе бул убакка чейин да көтөрүлүп, бирок кайра унутулуп калгандай болгон. Деги анын чоо-жайы, төркүнү эмнеде?

Жанар Акаев: Мен бул демилгени парламент жыйынында айтып чыгууга аргасыз болдум. Мандаттын айынан Борбордук шайлоо комиссиясы келип, депутаттар арасында кызуу талаш-тартыш болуп жатканда проблеманы чечүүнүн бир жолу катары айттым. Аны мыйзам катары иштеп чыгып, сунуш кыла турган менден башка деле депутаттар жетиштүү.

Преференциялык добуш берүү деген эмне? Партиялар шайлоого катышат, бюллетенге талапкерлердин тизмеси кошо кирет. Келечекте электрондук табло болуп калса бул оңой болот. Биринчи шайлоочу тандаган партиясына добуш берет, анын аягында ошол партиядан талапкерлердин да тизмеси болот. Шайлоочу каалаган адамына “ушуларды депутат катары көргүм келет, колдойм” добуш берет. Эртеси эле кайсы партия канча добуш алганы,120 талапкердин кимиси канча добуш алганы да чыгып калат. Азыркыдай “сен аз добуш алгансың кетишиң керек, мандатыңды тапшыр” деген сөз болбойт, ызы-чуу токтогонго негиз болобу деп ойлойм.

"Азаттык": Ал үчүн бир топ мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек го?

Жанар Акаев: Сөзсүз. Азыр бардык фракция лидерлери муну терең ойлонуп жатышат. Мындай абалда калтырууга болбойт. Шайланбай атып парламенттеги мандат талаш жалпы эле парламентаризмдин өнүгүшүнө доо кетирди, партиялык система араңдан зорго калыптанып жатканда мындай көрүнүштөр кедергисин тийгизүүдө. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө менимче парламент даяр, бул убакка чейин эле “Ата Мекен” фракциясынын лидери ж.б. депутаттар сунуш менен чыккан. Мисалы, республиканы тогуз округга бөлүү ж.б. Бул деле ошого окшош демилгелердин бири. Азыр деле Нарындын кулунун Нарынга, алайлыкты өз жерине жиберип жатпайбы. Андан сырткары тизмеде “алтын ондук” деген бар экен. Ага өтө эле кадыр-барктуу же акчалуу адамдар кирет деген сөздөр бар эмеспи...

"Азаттык": Алыбек мырза, преференция жолу канчалык өзүн актаган ыкма же депутаттык тизменин туруктуулугуна жетише алабызбы?

Алыбек Акунов: Мындай ыкма чет өлкөлөрдүн тажрыйбасында бар. Мунун негизинде партиялык тизмени шайлоочулар аныктайт деген түшүнүк жатат. Бирок бул ыкма көбүнчө эки палаталуу парламенти бар өлкөлөргө таандык. Төмөнкү палатасы боюнча шайлоочулар конкреттүү адамдарга добуш беришет. Эгер ушундай боло турган болсо, аймактардан келе турган өкүлчүлүктөр толук болбой калышы мүмкүн. Анткени бир аймактан көп депутаттар шайланса, башкаларынан болбойт.

"Азаттык": Мүмкүн биздин парламентти кайра эки палаталуу кылуу керектир?

Алыбек Акунов: Бир кезде бизде парламент эки палаталуу болгон. Ошондо экөөнү тең эле эл шайлайт деп жогорку палатанын түзүлүү принцибин бузуп коюшкан. Мыйзам чыгаруучу палата өкүлчүлүктөрдүн палатасы болгон эмес. Ошондуктан бизде эки палаталуу парламент болгону менен дүйнөлүк тажрыйбага, илимге да туура келбей калган. Мисалы, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда парламенттин жогорку палатасында аймактардын чоң-кичинесине, элдин санына карабай бирдей сандагы депутаттар келип отурат. Алар өкүлчүлүк милдеттерди аткарат.

Жанар Акаев: Преференциялык ыкмалар Ирландия, Австралия, Индияда да бар. Бирок эске ала турган нерсе аймактардан, улуттук азчылыктардан өкүлдөр аз келип калуу коркунучу бар, гендердик баланс бузулушу мүмкүн. Бирок аймактардын маселесин тогуз округга бөлүп, чечип коюуга болот деп ойлойм.

Алыбек Акунов: Барып-келип эле өзүбүз жок жерден пайда кылып алган көйгөйдүн тегерегинде азап чегип жатабыз. Эң негизги көйгөй – мыйзамдардын аткарылбай жатышы. Шайлоого бараткан партиялар өздөрү “биринчи орунда турасыңбы, 120-турасыңбы мааниге ээ эмес, добушту көп алсаң алдыга жыласың” деп ачык айтып жатканынын өзү мыйзамсыз. Эки эле партиянын КСДП жана "Ата Мекендин" тизмеси бузулган жок. КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “биздин тизме бузулбайт, мыйзамдын чегинде иштейбиз” деп билдирди. Бирок алар башка партияларга мыйзамды бузбоо боюнча таасир көрсөтө алган жок окшойт.

Жанар Акаев: Биз канчалык күчтүү мыйзам киргизбейли, Кыргызстанда айрым фракция лидерлери мыйзамды буйтап өтүүнү катуу өздөштүргөн. Көйгөй куулган депутаттардын аз добуш алып калгандан чыкты. “Сен эки миң добуш алдың, баланчаев беш миң добуш алды” деп арызды күчтөп жаздырып алып, отурушпайбы.

Алыбек Акунов: Партиялык тизмеге киргенден кийин ага бир районду берип, мынча добуш ал дегендин өзү мыйзамсыз. Талапкер республиканын башка аймактарынан деле добуш алышы мүмкүн. Мисалы, алайлык жигит Алай районунан эле эмес, Бишкектен, Ысык-Көлдөн да колдоо табышы мүмкүн.

Америкада шайлоо бир мандаттуу округдарда болот. Бирок депутаттарга талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга тиешелүү. Кээ бир округдардан өмүр бою шайланган депутаттар бар. Мен дагы бир жолу айтайын, бир мандаттуу округ болобу, партиялык тизме болобу кеп анда эмес, маселе мыйзамдын иштебей жатканында, жоопкерчиликтин жоктугунда.Талапкерлерди округдарга жиберүү да мыйзамда каралган эмес, бул партиянын саясий технологиясынын бир бөлүгү.

Жанар Акаев: Мен фракциялардын ички ишине кийлигише албайм. Бирок мен билгенден депутаттарды зордоп арыз жаздырып парламенттен кетирүү бул башталышы эле. Тилекке каршы, мындай нерселер дагы уланат. Ким фракция лидерине жакын болсо, ким көп акча коротсо кандай жол менен болсо да парламентке алып келишибиз керек деген ой күчтүү болууда.

Алыбек Акунов: Президент жаңы жыл алдында парламенттик республикага толук өтүшүбүз керек, тереңдетип, кеңейтели, деген тилегин айтты. Парламенттин бүгүнкү кейпин карап отуруп, мамлекетти кантип башкарат деген ой туулат. Өздөрүнүн ичиндеги маселелерди чече албай жатышса, мыйзамдарды карөзгөйлүк менен бузуп жатышса, ушул парламентке кантип ишенебиз? Буларга президенттин ыйгарым укуктарын кантип беребиз?

Шайлоодо добуш берүүдө партиялардын программасына эмес, ким канча акча берсе ошого жараша добуш беришпедиби. Партияларга кезекке турбадыбы, ким көп акча берет деп. Мыйзам иштебесе, жоопкерчилик суралбаса эч бир ыкма иштебейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG