Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Дүйнө колдогон "Аялдар маршы"


Дүйнө колдогон "Аялдар маршы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:52 0:00

Вашингтондогу "Аялдар маршына" жүз миңдеген адам катышып, Дональд Трамптын инаугурациядан кийинки президенттик алгачкы күнүндөгү эл аралык каршылык акциясынын кульминациясына айланды. Вашингтондогу акцияга тилектештик билдирген нааразылык жүрүштөрү дүйнөнүн жүздөгөн шаарларында болуп өттү. Алардын арасынан эң массалык акциялар Сидней, Лондон, Париж, Братислава, Барселонада болду. Вашингтондогу аялдардын жүрүшүн колдогон акция Бишкекте да болуп өттү. Жалпысынан ишембиде дүйнө жүзүндө 700 жерде демонстрациялар өтөрү айтылган. Солчул партиялар, феминисттик жана жашыл кыймылдардын активисттери уюштурган акциялар аялдардын укуктарына көңүл буруп, коомдогу тең укуктуулук жана энелерди коргоо маселелерин көтөрүштү.

XS
SM
MD
LG