Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Киевде Орусияга каршы акция өттү


Украинадагы Орусияга каршы акция.
Украинадагы Орусияга каршы акция.

“Путин токто! Согуш токто!” деп аталган эл аралык акциянын алкагындагы Киевдеги Эгемендик аянтындагы митингге жүз чамалуу активист катышты. Алар колдоруна Украинанын желегин жана Орусияда тыюу салынган “Оңчулдар кыймылынын” кара-кызыл түстөгү желекчелерин кармап турушту. Ошондой эле митингчилердин колунда Орусиянын Украинага карата баскынчы аракеттерин токтотуусун талап кылган транспоранттар болду. Митингдин уюштуруучулары орус бийлигинен аскерлерин украин аймагынан чыгарып кетүүсүн, Донбасста, Крымда жана Орусияда камалып турган украиналыктарды бошотуусун талап кылышты. Ошондой эле алар ЕККУ баштаган эл аралык уюмдарды аймактагы ишин күчөтүүсүн сурашты.

Мындай акциялар Киевден тышкары Днепр, Запорожье, Одесса, Львов жана башка шаарларда болуп өттү.

"Путиндин Украинадагы согушу токтосун!" деп аталган акция өткөн жылдын июнь айынан бери үчүнчү жолу өтүүдө.

21-январь күнү ЕККУ Донбасстагы өкүлчүлүгүн кошумча жабдуулар менен камсыздап, жаңжал аймагын күнү-түнү көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берери маалымдалган. ЕККУнун бул демилгесин Украинанын куралдуу күчтөрү да колдоого алган.

XS
SM
MD
LG