Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жети-Өгүздө дайынсыз жоголгон экинчи балыкчынын сөөгү табылды


Балык уулап чыгып дайынсыз жоголгон Тойчубек Абдышевдин сөөгү 22-январда, түштөн кийин жээкке жакын жерден табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургундар билдиришти.

Абдышевдин жанындагы шериги Эрмек Жыргалбек уулунун сөөгүн мындан үч күн мурун куткаруучулар суудан таап чыгышкан. Тойчубек жана Эрмек тайке-жээн болгон. Ал экөө 16-январда Жети-Өгүздүн Жеңиш айылынан көлгө балык уулаганы кетип, дайынсыз жоголушкан.

29 жаштагы Тойчубек Абдышев Саруу айылынын, ал эми 19 жаштагы Эрмек Жыргалбек уулу Жеңиш айылынын тургуну болчу.(AsM)

"Азаттыктын" жоголгон балыкчылар тууралуу тарткан видеобаяны:
Жети-Өгүз: балыкка ажал айдаганбы...
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

XS
SM
MD
LG