Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Жаңы акыйкатчы шайланды


Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө. 3-октябрь, 2013.(Парламенттин фото кабарчысы Ашыркул Оморов тарткан сүрөт.)
Жаңы шайланган акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө. 3-октябрь, 2013.(Парламенттин фото кабарчысы Ашыркул Оморов тарткан сүрөт.)

Жогорку Кеңеш бүгүн өлкөнүн башкы укук коргоочусу - акыйкатчылыкка Бакыт Аманбаевди шайлады.

Бакыт Аманбаевдин талапкерлигин 102 депутаттын 52си колдоду. Ушул эле күнү жаңы акыйкатчы депутаттардын алдында ант берип, Акыйкатчы институтун жакшыртууга болгон аракетин, билимин жумшай турганын айтты. Экинчи турга өткөн экинчи талапкер депутат Асия Сасыкбаевага депутаттардын 45и добуш берген.

Бакытбек Аманбаев соңку учурда “Айыл деми” гезитинин баш редактору болуп иштеп келген, 45 жашта. Буга чейин “Азаттыктын” кабарчысы, 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин КТРКнын рекламалык-коммерциялык бөлүмүнүн жетекчиси, 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кыска мөөнөттө Ош мэри Мелис Мырзакматовдун орун басары, бир айдай Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы болуп иштеген. Парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын тизмесинде болгон. Президенттик шайлоодо Адахан Мадумаровду сүрөгөндөрдүн бири.
Тасма: Жаңы акыйкатчы "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди

Жаңы акыйкатчы: тажрыйбам жетиштүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00


Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоо бул жолу оңой-олтоң болгон жок. Кечээ 49 талапкердин ичинен 61ден жогору добуш алган Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Асия Сасыкбаева ("Ата Мекен") жана журналист, “Айыл деми” гезитинин башкы редактору Бакытбек Аманбаев экинчи турга өткөн. Жумуш күнү узартылып, кечки сегиз жарымга чейин отурушканына карабай депутаттар бул күнү башкы укук коргоочуну шайлай алышкан жок. Буга добуш берүүдө ашыкча бюллетендердин чыгып калганы себеп болду. Мындай көрүнүш депутаттар ортосунда кайым айтышууга алып келди.

Депутат Жылдызкан Жолдошева бул жагдай бүтүндөй парламентти уятка калтырганын айтып чыккан:

- Биз коомчулуктун алдында уят болдук. Азыркы болуп өткөн нерседен прецедент түзүлдү. Биринчи турду да, азыркыны да жоюш керек. Жаңыдан комиссия шайлап нөлдөн баштайлы. Ансыз болбойт. Төрт бюллетен ашык, Борбордук шайлоо комиссиясында иштегенде бир бюллетен чыкканда комиссия алмашып, шайлоо кайрадан өтчү. Бул деле ошондой шайлоо кампаниясы. Мындан кийин таза шайлоо болсун. Ошондо биздин жүзүбүз жарык болот. Бүт баарыңар уят кылдыңар.

“Ар намыс” фракциясынан эсептөө комиссиясына кирген депутат Майрамкүл Тиленчиева колунан үч бюллетенди депутат Нурбек Мурашев жулуп алганын айтып чыкты. Мурашев “Республиканын” атынан комиссияга мүчө болгон. Ушундан соң “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары эсептөө комиссиясындагы өз депутаттарын чакырып алышты.

- Эртең биз парламентке сөз тийбеши үчүн төрт бюллетен эмнеге ашыкча чыкканын териштиришибиз керек. Башка комиссия түзүп таза шайлоо өткөрүшүбүз керек”, - деди атажуртчу Акматбек Келдибеков.

Шайлоонун биринчи турунда талапкерлердин арты 1, алды 69 дорбуш алды. Укук коргоочу, Акыйкатчылыкка талапкер Токтайым Үмөталиева добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун, добуштарды саноодо мүчүлүштүктөр кеткенин белгиледи.

- Добуштар бурмаланды. Биз шайлоонун жыйынтыгы бүткөнгө чейин эле ким канча добуш аларын билгенбиз. Добуштарды эсептегенде деле суммасы өтө өсүп, катышкан депутаттардан көп чыгып жатат. Эки талапкердин өтүшү мурдатан даярдалган. Өтө чоң мыйзам бузуулар болду.

Тасмада: Акыйкатчы шайлоо: 2-октябрь, 2013

Акыйкатчы шайлоо
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00


Акыйкатчыны шайлоо маалында депутаттар кабинада эмес ар кайсы жерде, өз-өз ордуларына отуруп шайлап жатышты. Депутаттар чакырылганда эмес, катар-катар барып бир жерде үйүлүп калган учурлар болду. Айрым талапкерлер акыйкатчыны шайлоо өтө эле саясатташып кеткенин белгилешүүдө. Бул институттун маанисин түшүнбөй жатат деп депутаттарды сындашты. Кээ бирлери бул орун үчүн алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун, акча таратылганын да айтышты. Бирок кимдер ушундай жолго барганын ачык айтышкан жок.

Акыйкатчылык үчүн сынак июнь айында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган соң жарыяланган. Бул орун үчүн жалпысынан 49 талапкер ат салышты.

Кыргызстанда акыйкатчы институту мындан 11 жыл мурда түзүлүп, алгачкы акыйкатчы азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу болгон. Андан кийин бул кызматты укук коргоочу Турсунбек Акун аркалап келди.

XS
SM
MD
LG