Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата Журт” партиялары бир талапкер чыгарат


Партия лидерлери.
Партия лидерлери.

“Бүтүн Кыргызстан” жана “Ата Журт” партиялары быйыл күзүндө өтчү президенттик шайлоого бир талапкер чыгарат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн оппозициячыл күчтөрдүн саясий форумунда “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтуусунда, учурда талапкер катары ким чыгары белгисиз.

“Биз бириккенбиз. Мадумаров, Келдибеков же Ташиевдин ичинен бирдиктүү талапкер катары бирөө чыгат. Азыр бул боюнча чечим кабыл ала элекпиз”, - деди Ташиев.

Былтыр жыл аягында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев бириккенин жарыялашкан.(YrU/BkA)

XS
SM
MD
LG