Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Азыркы Жогорку Кеңештин шайланып, ишин баштаганына ушул күндөрү бир жыл толду.

Артта калган мезгилде кыргыз парламенти алгылыктуу эмне иш жасады, коалиция эмне үчүн бирдиктүү боло алган жок, бир фракциянын үстөмдүгү орнодубу, парламентти таркатуу демилгесинин негизи барбы же суу кечпеген аракеттерби, дегеле учурдагы Жогорку Кеңеш парламентаризмди калыптандырууда көз каранды эмес бийлик бутагы экенин көргөзө алдыбы, ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп табууга аракет кылабыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин төрага орун басары Алтынай Өмүрбекова жана “Референдумга жол жок” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Кадыр Кошалиев катышты.

“Азаттык”: Алтынай айым, Кадыр мырза, 2015-жылы 4-октябрда азыркы Жогорку Кеңеш шайланып, ишин баштады эле. Бир жыл аралыгында кыргыз парламенти алгылыктуу эмне иш жасады, кайсы маселени чече албай калды?

Коалициянын төрт фракциядан турганы да оңой эмес. Ар биринде өзүнчө ой-пикир бар. Менимче, демократиялык өлкөлөрдө парламентке тиешелүү процесстер болуп жатат.

Алтынай Өмүрбекова: Өзүңөр билгендей бул чакырылышта алты партия өз ишин аткарып жатат. Бир жыл аралыгында 300гө жакын мыйзам долбоору каралды, алардын 60-70 пайызы өкмөттөн келди, жалпысынан 70тен ашык жыйын өттү. Өкмөттүк саат, күндөр өтүп жатат. Элге керектүү орчундуу маселелер каралып, чечилип жатат. Бир жыл ичинде көп эле иштер аткарылды, Жогорку Кеңеш өзүнүн мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдүк функциясын аткарып жатат.

“Азаттык”: Алтынай айым, сиз айтып жаткан маселелер Жогорку Кеңештин түздөн түз милдети эмеспи, коомчулукта коюлуп жаткан кинелердин бири парламент Кумтөр маселесин Кыргызстандын пайдасына ылайык чече албай жатат, эмне үчүн бул маселе күн тартибинде жок деген суроолор көп?

Алтынай Өмүрбекова: Кумтөр маселеси күн тартибинен түшүп калган жок. Жакында Координациялык кеңеш болуп, ошол жерде комитет төрагасы өкмөткө Кумтөр боюнча маселени качан даярдайсыңар, качан карайбыз деген суроо берген. Жакын арада жаңы өкмөт башчыбыз Кумтөр боюнча отчету менен келиши керек.

Жогорку Кеңештин Кумтөр маселесине тиши өтпөдү, Өзбекстан эки жолу чек араны бузганда тиешелүү реакция жасаган жок. Ага караганда биздин депутаттар үчүн Көчмөндөр оюнуна баруу маанилүү болду.

Кадыр Кошалиев: Мындан 25 жыл мурда 350 депутаттан турган “легендарлуу парламентибиз” бар эле. Ошондон берки парламент чакырылыштарынын ишин салыштырып келем. Табият мыйзамы боюнча бардык нерседе жыл өткөн сайын өнүгүү болушу керек. Тилекке каршы, жылдан жылга Жогорку Кеңештин сапаты начарлап жатат. Анын себеби эмнеде деген суроо туулат.

Менин оюмча, эгемендик жылдарынан бери биздин жалпы саясатыбыз, Конституциябыз, идеологиялык, чарбалык иштерди жүргүзүүдө улуттук баалуулуктардан четтеп, башкаларды туурап келатканыбыздан улам болууда. Азыркы Жогорку Кеңештин Кумтөр маселесине тиши өтпөдү, Өзбекстан эки жолу чек араны бузганда тиешелүү реакция жасаган жок. Ага караганда биздин депутаттар үчүн Көчмөндөр оюнуна баруу маанилүү болду. Анысы аз келгенсип элдин баары эс алууда жүргөндө, 84 депутатка кол койдуруп Баш мыйзамды өзгөртүү ишин баштап жиберишти. Эмне үчүн кайсы бир комитет карабайт, бул өзгөртүүлөрдүн демилгечиси ким, аны эч ким билбейт...

“Азаттык”: Кадыр мырза, болуптур, сиз мүчө болгон “Референдумга жол жок” кыймылы азыркы Жогорку Кеңешти таратуу демилгесин көтөрүп жатат. Парламентти таратууда коюп жаткан негизги жүйөңөр эмне, эмнеге таянып жатасыздар? Сиздердин бул аракетиңерди популистик кадам деп сыпаттагандар аз эмес...

Кадыр Кошалиев: Биринчиден, ар бир бийлик бутагы өзүнүн ыйык милдетин так аткарышы керек. Эң башкы маселе, биздин Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүүнүн процедуралык талаптарын так сактоо менен элге алып чыккан жок. Коомдук талкуудан өткөрүү, Конституциялык палатанын корутундусун алуу ж.б. эреже-талаптардын баары одоно бузулду. Ошондон улам Жогорку Кеңеш президенттик бийликтин бир бөлүмүнө айланып калды деген пикирлер чыкты.

Маселе, фракциялар эмес, комитеттер аркылуу көтөрүлсө болмок. Бул кандайдыр бир үстүнөн саясий бийликтин кысымы, кызыкчылыгы менен жасалып жаткан кампанияга окшошуп жатат. Ошондуктан биз парламенттин элдин, коомдун, улуттун алдындагы милдетин аткарбагандыгы үчүн аны таркатуу боюнча элдин пикирин билели деп, жакындан бери кагаз жүзүндө, электрондук түрдө да кол топтоо улантылууда. Биздин демилгени эл колдоп жатат.

“Азаттык”: Алтынай айым, Жогорку Кеңештеги төрт фракциядан турган көпчүлүк коалициянын бир жылдык ишмердүүлүгүнө анализ кылганда биримдикке эмес, ажырымга кеткен учурлар көп болду деген пикирлер бар, буга оюңуз кандай?

Алтынай Өмүрбекова: Парламент - тирүү организм. Парламенттик демократияны түзүп жатканда биз коомдогу маселелер, ага байланыштуу талаш-тартыштар көчөдө эмес, Жогорку Кеңештин ичинде чечилиши керек деп айтканбыз. Коалициянын төрт фракциядан турганы да оңой эмес. Ар биринде өзүнчө ой-пикир бар. Менимче, демократиялык өлкөлөрдө парламентке тиешелүү процесстер болуп жатат. Биз оппозициялык фракция катары аларды көп сындайбыз, мүмкүн коалиция өз функциясын жакшы түшүнбөй жатабы, эмне үчүн “бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгара албай жатат деп айтабыз. Ооба, коалиция бир организмдей болуп иштеши керек эле. Элди, коомду бөлүп-жарбай биримдикке чакыруу коалициянын бирден бир милдети. Коалиция бузулса, өкмөт да ыдырайт. Анын баары элдин турмушуна терс таасирин тийгизет.

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG