Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Бакетаев: Оппозиция болгондо гана өнүгүү болот


Парламенттеги оппозициялык фракциялардын ролу тууралуу суроолорго саясат талдоочу Бакыт Бакетаев жооп берди.

- Бүгүн коалициянын курамы ачыкталары күтүлүүдө. Буга чейин кеңири коалиция түзүү демилгелери көтөрүлгөнү менен парламентте оппозициялык фракция болушу керек деген пикирлер да болду. Парламенттик өлкөдө оппозициялык фракция болушу керекпи?

- Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу фракциялуу парламент түзүлдү. Азыр булар жаңы жаңы үйрөнүп келе жатат. Сереп салганда, биздин фракциялар идеологиялык жактан бирикпей, кандайдыр бир башка кызыкчылыктарынан улам биригип жатат.

Эл түшүнбөй жатат. Мисалы, социалистик маанайдагы партиялар, Социал-демократтар менен “Ата Мекен” эмнеге бирикпейт? Булар ыңкылапты баштап, эл колдоп берди. Булар реформа кылабыз деп революцияга көтөргөн элди. Бирок эки жыл болду, электр энергиясы менен айлык акыдан башка эч нерсе колунан келбей жатат.

- Өзүңүз айтып кеткендей, фракциялардын идеологиялары жактан бирикпей жатышынын негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз? Кимдер биригип, кимдер оппозиция болушу керек?

- Менин оюмча, ачык айкын эле экиге бөлүнүү керек. Реформаторлор жана консерваторлор болуп. Консерватордук маанайдагы жакшы партиялар бар. Реформаторлор эки ыңкылапты тең уюштурган саясий лидердердин партиялары. Ушул багытта биригиши керек. “Ата-Журтка” окшогон партиялар консерваторлорго бириксе болот. Башкаруучу коалицияга бир жыл кошулбай, эки жыл карап турушу керек.

Тарыхка сереп салсак, “Алга, Кыргызстандын” депутаттары “Ак Жолго” биригип кетти. “Ак Жолдун” айрым депутаттары башкаруучу коалицияга кирип кетишти. Ошондуктан эл эмес, саясат таануучулардын да башы айланып калды. Кимиси, эмне кылып жатканын түшүнбөй турабыз.

- Кезегинде Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар эле. Негизи оппозиция бийликти кайсы бир мааниде камчылап, ишин жакшыртышына шарт түзөт эмеспи. “Ата-Журт” фракциясы коалицияга кирбей калса, оппозициялык блок түзөбүз деди эле. Натыйжада Кыргызстанда канчалык күчтүү оппозиция пайда болушу мүмкүн?

- “Ата-Журттун” курамында бир катар маселелер боюнча мыкты лидерлер бар. Булар коалицияга барбай эле, бир жыл ачык айкын оппозицияда жүрүп берсе, азыркы бийлик коррупцияга барса жана ката кетирсе, аны жакшы көзөмөлдөп берет эле.

Ага болбой, тигил жакка жардам беребиз деп кийлигишип жатпайбы. Менин оюмча, классикалык парламент болушу үчүн эки чоң көз карашка бөлүнүшү керек. Диалектика жана оппозиция болгондо гана өнүгүү болот.

XS
SM
MD
LG