Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Депутаттар Пирматовду калкалап калды


Кыргыз парламенти “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестигинен ажыратууга макулдук берген жок.

Бул маселе 28-мартта парламенттин жыйынында талкууланганда 18 депутат гана макул болуп, алардын 89у депутатты кол тийбестиктен ажыратууга каршы болушту.

Башкы прокуратура козголгон кылмыш иши боюнча Исхак Пирматовду тергөө ишине тартууну суранып, бир ай мурда парламентке кайрылган болчу.

Комиссиянын корутундусу

Эртең менен парламент жыйыны башталар замат бир топ депутаттар Исхак Пирматовдун кол тийбестигин кароо демилгесин көтөрүп чыгышып, башкы прокурор Аида Салянованы сессияга чакыртышты. Андан соң “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча бир ай мурда түзүлгөн депутаттык комиссия өз тыянагын жарыялады.

Комиссиянын төрайымы, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Галина Скрипкина Пирматовго кылмыш ишин козгоого, аны тергөө ишине тартууга эч кандай негиз жоктугун билдирди:

- Комиссия Башкы прокуратура келтирген далилдер депутат Пирматовго бейтарап, ачык-айкын кылмыш ишин козгоого жетиштүү эмес деген чечимге келди. Биз бардык фактыларды карап чыктык.

Скрипкина кылмыш ишин козгоодо Башкы прокуратура бир топ мыйзам бузууларды кетиргенин белгиледи. Ал эми комиссиянын “Ата Мекен” фракциясынан дайындалган эки мүчөсү - Жоомарт Сапарбаев менен Гүласал Садырбаева анын жыйынтыгы менен толук макул эместиктерин билдирди.

Скрипкинанын баяндамасынан соң, көпчүлүк депутаттар бул маселени талкуулабастан, түз эле добуш берүүгө өтүүгө кесиптештерин чакырды. Ошондой эле жыйынга катышып отурган башкы прокурор Аида Саляновага сөз берүүнүн зарылчылыгы жоктугун да айткандар болду. Бирок бул маселени ар тараптуу талдап, чекит коюу үчүн бардык тараптарды угуу зарылдыгын депутаттардын бир даары билдирди.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов:

- Себеби бүгүн баарын айтып, чекит койбосок, эртең “карга карганын көзүн чокубайт”, “мына, парламенттин кылганын көрдүңөрбү” деп айтып чыгышат. Эртең бизди президент, өкмөт, сот, прокуратура менен сүзүштүрүп коюшат. Ушуга жол бербеш үчүн талкууга кенен-кесир убакыт бергиле, эл да көрсүн.

Депутаттар: прокурорду укпайбыз

Анткен менен “Республика” жана “Ата Журт” фракцияларынын көпчүлүк депутаттары бул сунушка каршы болушту. “Республикачы” Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, башкы прокурорго сөз берилбесин айтып чыкты.

- Мына, регламентте жазылып турат: тиешелүү комиссиясын төрагасынын баяндамасы угулат, андан кийин фракциялардын өкүлдөрү жана маселеге тиешелүү болгон депутатка гана сөз берилет. Башкы прокурорго сөз берилбейт. Ага суроолор болсо гана беребиз. Ушул регламент боюнча кетели.

Жогорку Кеңеш, 30-ноябрь, 2011-жыл
Жогорку Кеңеш, 30-ноябрь, 2011-жыл
Жыйынтыгында кол тийбестиги каралып жаткан Пирматов сүйлөгөндөн кийин гана түз эле добуш берүүгө өтүштү. Пирматов өз сөзүндө күнөөсү жоктугун, кылмыш иши негизсиз козголуп жатканын белгиледи.

- Менде кол тийбестигимен кооптонуп, же тергөөдөн качайын деген оюм болгон эмес. Болгону акыйкат жана калыс маалымат эл журтка жетсе экен деген гана максат болгон.

Башкы прокуратуранын Пирматовду тергөө ишине тартуу үчүн кол тийбестигинен ажыратуу сунушу добушка коюлганда 107 депутат катышып, алардын 89у депутатты кол тийбестиктен ажыратууга каршы болушту. 18 депутат гана ага макулдук берип, негизинен алар “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү болду. Мындан тышкары Социал-демократтар фракциясынан эки депутат колдогон.

“Ата Мекен” фракциясы буга чейин эле депутат Пирматовду кол тийбестиктен ажыратууга макул экендиктерин билдирген болчу. “Атамекенчи” депутат Туратбек Мадылбеков Пирматовдун депутаттардын колдоосу менен тергөө ишине тартылбай калышы ага абийир алып келбейт деп эсептейт.

- Элде бүдөмүк ой калбаш үчүн өзү барып катышып, соттон акталып кетсе, же сот чечим чыгарса жакшы болмок. Адам баласы бир күн менен эле жашабайт да. Эртең элдин арасына чыгабыз, ар кимде ар кандай ой калышы мүмкүн. Ошон үчүн далилдүү кагаздарын көтөрүп алып, сотто акталса жакшы болмок. Мындан кийин элдин алдына чыгып, “мына, убагында мени туура эмес күнөөлөгөн, бир тараптуу тергеген, эми сот калыс чечим чыгарды” десе болмок.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Башкы прокуратура өткөн жылдын 31-декабрында кылмыш ишин козгоп, ал боюнча Исхак Пирматовду тергөө ишине тартууну сурап, парламентке 21-февралда кайрылган. Ага ылайык, депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.

Башкы прокуратуранын ырасташынча, Исхак Пирматов 2008-2010-жылдар аралыгында Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге жол берип, мамлекетке 258 миллион сомдук чыгым алып келген.

Башкы прокурор Аида Салянова депутаттардын Башкы прокуратуранын жүйөсүн укпастан чечим кабыл алганын мындайча баалады:

- Ошол эле Пирматовдун, ошол эле Скрипкинанын сүйлөгөнүн угуп отурдук. Алардын айткандарына бизде жооптор бар болчу, бизге да сөз берилет деп отурганбыз. Тилекке каршы, сурашкан жок, бизсиз эле өздөрү чечим кабыл алып койду. Бирок мен бул иш боюнча өзүбүздүн юридикалык баабызды айтып келатам. Ал эми парламент бүгүн саясий баасын берип, биздин сунушту канааттандырган жок.

"Азаттык": Мындан кийинки иштер кандай болот? Ушуну менен бул ишке чекит коюлабы?

- Ооба, мыйзам боюнча биз бул кылмыш иши боюнча өндүрүштү токтотушубуз керек.

Парламенттин өз кесиптешин коргоп калышы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Маселен, укук коргоочулар кеңеши парламенттин чечимин сот жана прокуратуранын ишине кийлигишүү катары баалап чыгышты.
XS
SM
MD
LG