Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Айрым журналисттер Жогорку Кеңештин сессиясына катышып, ишин чагылдыруу укугунан ажыроодо.

Төрага Асылбек Жээнбеков 11-ноябрдагы сессияда Жогорку Кеңеш жөнүндө туура эмес маалымат тараткан журналисттерге аккредитация берилбей турганын билдирди. Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жетекчилиги дресс-код, туура эмес маалымат таратты деген шылтоо менен өздөрүнө жакпаган журналисттерди киргизбей, сөз эркиндигин чектеди деп сындап жатышат.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жана журналисттер жөнүндө сөз парламенттин 11-ноябрдагы жыйынында да козголду. “Бир Бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү аккредитация ала албай жатканын айтып, маалымат таратууда чектөөлөр болуп жатканын белгиледи. Буга жооп кайтарган төрага Асылбек Жээнбеков "калпты" жазган айрым журналисттер Жогорку Кеңешке кире албай турганын билдирди. Буга макул болбогондорду сотко берип, укугун коргоого чакырды.

Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбеков

- Мен аккредитацияга макулдук берилбей калган учурду уга элекмин. Айрым калп жазган журналисттерге аккредитация берилген жок. Ошолор боюнча гана маселе болушу мүмкүн. Билбейм сиз кайсы боюнча айтып жатасыз. Мен тактап сурайын. Кимге баш тартылган болсо толук кандуу маалыматты бардыгы уксун, бериңиздер. Эгер негизсиз баш тартылган болсо, алар сотко кайрылууга укуктуу.

Учурда Жогорку Кеңеш журналисттерди толугу менен аккредитациядан өткөрүп бүтө элек. Бирок айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү парламенттен бейрасмий жооп алышканын билдирүүдө. Алардын бири “Республика” гезитинин журналисти Махинур Ниязова.

- Бул жылы расмий баш тартканы тууралуу айтыла элек, бирок аккредитация албайт окшойм. Өткөн чакырылышта айрым депутаттардын демилгеси менен парламенттин ишин чагылдыруу укугунан ажыраганбыз. Бул жолу да айрым кесиптештерге берилбей турганын айтышыптыр. 6-чакырылыш тууралуу биз курч эч нерсе деле жаза элекпиз. Албетте өткөн чакырылыш тууралуу жазган айрым маалыматтар аларга жаккан эмес, кээ бир учурда бизди ачык эле калпты жазып жатат деп күнөөлөшкөн. Азыр биз баш тартканы тууралуу расмий маалыматты күтүп жатабыз. Биз эмненин негизде берилбей жатканын кат жүзүндө жазгыла деп сураганбыз. Менимче, баш тартууга негиз берген себептер деле жок. Азыр Жогорку Кеңештин маалымат кызматы дресс-кодго байланыштырып жатат. Биз Ак үйгө кандай кийинип келишти жакшы билебиз. Ошондуктан бул ага байланыштуу эмес.

Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш алгачкы жыйындарын журналисттер депутаттардын ишин чагылдыруу үчүн парламент имаратына кандай кийинип келиши керек деген нерсени талкуулоо менен баштаган. Талапка ылайык кабарчылар ачык түстө, өтө кыска, ачык жана спорт кийимдери менен келбеши керек. Бирок айрым журналисттер дайыма эле парламентте отуруу бешенеге жазылбай турганын, кээде тоо-ташка, митингди чагылдырууга туура келерин белгилешүүдө.

Жарандык коомдун өкүлдөрү 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишин баштабай жатып журналисттерге тиш кайраганын сөз эркиндигин чектөө катары сыпаттап жатышат. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү, журналист Гүлзада Медералиева качан бийликтин ар бир бутагы, ошол эле эл өкүлдөрү ачык болгондо гана калп маалыматтар тарабайт деген оюн ортого салды.

- Калп маалыматтар качан чыгат? Качан ушунтип жабык болгондо бүдөмүк сөздөр чыгат. Өздөрү ачык болуп, түз маалымат бергенде гана Жээнбеков айткандай туура эмес, калп маалымат кетпейт. Ошондуктан дресс-код, калпты жазган журналисттер киргизилбейт деген суу кечпеген шылтоо болууда. Муну менен алар өздөрүнө ыңгайсыз адамды киргизбей атат деген аргументке негиз берип жатышат.

Жанар Акаев

Жанар Акаев

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев журналисттерди бөлүп, мактагандарга гана уруксат берүү парламенттин ишине, өлкө эркиндигине доо кетирет деп эсептейт.

- Кыргызстан – эркин өлкө, сөз эркиндиги бар дейбиз. Анан журналисттерди чектеген туура эмес. Жалаң эле парламентти мактагандар кирип, башка пикирде, сындап жазгандар эшикте калбашы керек. Буга эч качан жол бербейбиз, бул маселени Жогорку Кеңештин аппаратына да айтайын деп атам.

Сентябрь айында баш кеңсеси Францияда жайгашкан Адам укуктары үчүн эл аралык федерациясынын президенти Карим Лахиджи Кыргызстанда укук коргоочулардын ишмердигин, сөз эркиндигин ооздуктоо күчөп баратканын билдирген. Ал “Вечерний Бишкек” басылмасынын мисалында сөз эркиндигине да чектөө коюлуп жатканын белгилеп, демократиялык багытты тандаган өлкө бийлиги мындай кадамга барбоосу зарылдыгын айткан.

Быйыл жазында жарыяланган "Фридом Хаус" эл аралык уюмунун жылдык баяндамасында да Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы өткөн жылга салыштырмалуу начарлаганы айтылган. Медиа-эксперттер соңку кезде журналисттерге байланышкан сот иштери көбөйгөнүн белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG