Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Норвегия АКШнын 300дөй деңиз аскерин өз аймагына жайгаштырат


Норвегиянын Коргоо министри Ине Эриксен Серейде.
Норвегиянын Коргоо министри Ине Эриксен Серейде.

Норвегия 2017-жылдын 1-январынан тарта АКШнын деңиз аскерлерин убактылуу өз аймагына жайгаштырат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Норвегиянын коргоо министри билдирди. Ал чет өлкөлүк аскерлер Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан бери биринчи жолу бул мамлекеттин аймагында жайгашаарын кошумчалады.

Министр Ине Эриксен Серейденин билдирүүсүнө караганда, 300дөй аскер Орусиянын чек арасынан 1000 чакырым алыстыктагы Тронхейм шаарынын жака белиндеги Вэрнес аскерий базасында жайгашат.

Бул процесс “НАТО альянсынын алкагында функционалдык иштин сапатын көтөрмөлөөгө багытталганын” билдирди министр.

Өткөн аптада Орусиянын Ослодогу элчилиги буга таң калуусун билдирип, Норвегия лидерлери буга чейин Орусияны бир нече ирет коркунуч катары айтып келишкенине басым жасады.

XS
SM
MD
LG