Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештеги намазкана кайсы каражатка, кимдин колдоосу менен салынганы коомго ачык айтылышы керек деген талапты коюуда.

Парламенттин иш башкармалыгы парламентте намазкана ачууга мамлекет бюджетинен эч кандай каражат кетпегенин белгилеп, ошол эле кезде ага канча акча сарпталганын ачык айта элек. Ал ортодо стратегиялык объект деп эсептелген мамлекеттик мекемеде намазкананын болушу коомчулукта ача пикирди жаратып, түрдүү талкууга жем таштады.

Жогорку Кеңештин имаратында эки намазкана бар. Биринчиси - 2011-жылы ачылган. Бешинчи чакырылыштагы парламенттин 26 депутаты, аппарат кызматкерлеринин кайрылуусунан кийин ​150 киши кенен бата турган экинчи намазкана 2014-жылы пайда болгон.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы намазкананы ачууга көмөктөшкөн, каржылаган булакты коомчулукка ачык көрсөтүүнү талып кылууда. Коалициянын өкүлү Азамат Адилов Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин мамлекеттик мекемелерде атайын чоң намазкананын болушу туура эмес деп эсептейт.

- Биринчидин, биздин өлкө Конституция боюнча светтик өлкө. Болгондо да бул мыйзам чыгаруучу жогорку орган. Анан ошол жерде диний жайдын болушу туура эмес. Мен ишеним менен жашагандарга каршы эмесмин, өзүм да Кудайга ишенем, мен да мусулманмын. Бирок шаарда мечиттер бар. Ошол жакка барышса болот. Анан башка мамлекеттик органдар да чоң намазкана ачабыз деп чыгышат.

Аталган уюм Ак үйдө ачылган намазкананын каржы булагын көрсөтүүнү талап кылып буга чейин сотко кайрылган болчу. Анда намазкана Американын эл аралык кызматташтык агенттиги - ЮСАИД жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен ачылганы белгилүү болгон.

Намазкана менен кошо китепкана, окуу жана пресс-борбор, ошондой эле парламенттин архиви кошо салынган.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кожомкулов жакын арада сарпталган каражат боюнча маалымат берилерин билдирүүдө.

- Бизге ушул боюнча расмий кат келген. Ошого жооп берем, документтерди карап чыгып, анан жооп берейин.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын маалымат катчысы Нуркан Керимбаевдин белгилешинче, намазкана менен кошо китепкана, окуу жана пресс-борбор жана парламенттин архиви кошо салынган. Буларга Саид Баюми башында турган Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар ассамблеясы 14 млн. 849 миң сом бөлүп берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мамлекеттик мекемелердин демөөрчүлөрү, жасалып жаткан иштерге каражат кайсы булактан алынганы элге ачык көрсөтүлүшү керек деген демилгелерди колдоп чыкканы үчүн айрым диний көз караштагылар сынына кабылды.

- Мен мечит болушуна, ислам динине, мусулмандарга эч кандай акаарат, каяша сөз да айткан жокмун. Ар бир динди, ишенимди урматташ керек деп атам. Болгону парламент эки жүздүү саясат кылганы туура эмес деп айттым. Буга чейин 5-чакырылыштын депутаттары чет жактан акча алгандардын бардыгын "тыңчы" катары коомдук талкууга алып чыгып, элдин баарына жек көрсөтүштү. Кеп мечитте эмес, намазканабы же окуу борборубу, кандай имарат болбосун, кимден канча алганын, акча кимге которулганын, ким курганын жана канча каражат жумшалганын, тендер болгонбу-жокпу ошонун бардыгын ачыктап маалымат берип коюуда. Мечит, намазканалар көп салынсын, элибиз ыймандуу болсун, анда маселе жок. Болгону булакты ачыктап койгула деп сурадым, азыр жообун күтүп атам - дейт эл өкүлү Акаев.

Ачыктыкты талап кылган Акаевдин пикири кызуу талкууга алынып, ага сын айткандардын катарында диний аалымдар да болду. Алардын бири мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жергиликтүү радиолордун биринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөргө токтолду.

- Жанардын айткандары таптакыр жарыбаган иш болду. Жеке эле өзүнө эмес КСДП партиясына да шек түшүрүп коюп жатат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңеште эле эмес, башка да мамлекеттик мекеме-органдарда, оорукана жана башка жайларда намазканалар бар.

Ал эми Казакстанда мамлекеттик жана коомдук жайларда, мекемелерде намаз окууга тыюу салынганы айтылган. Ага ылайык, мурда аскердик казармаларда да мечиттер болсо, азыр ислам динин карманган аскерлер көздөн далдаа жерде намаз окушу керектиги белгиленген.

Дин катуу көзөмөлдөнгөн Өзбекстанда Ислам университетинде да атайын мечит жок экени белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG