Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

БУУ: Жер-Ортолук деңизинде быйыл 3740 качкын чөгүп өлдү


2015-жылы деңиз аркылуу Европага бир миллиондон ашуун качкын өткөн.
2015-жылы деңиз аркылуу Европага бир миллиондон ашуун качкын өткөн.

Улуттар уюмунун Качкындар комиссариаты быйыл Жер-Ортолук деңизи аркылуу Европага өтүүнү көздөгөн 3740тай качкын деңизде мерт кеткенин билдирди. Өткөн жылдын ушул маалында да ушундай көрсөткүч катталган. Бирок өткөн жылы Европага агылган мигранттардын саны быйылкыдан кыйла көп болчу.

Башкармалыктын маалымат катчысы Уильям Шпиндлер 25-октябрда жасаган билдирүүсүндө мерт кеткендердин саны чочулоону жаратарын айтты.

“Бул Жер-Ортолук деңизинде биз күбө болгон эң жаман окуя”-деди ал маалымат жыйынында.

2015-жылы деңиз аркылуу башкалка издеп Европага бир миллиондон ашуун качкын өткөн. Ал эми бул жылы алардын саны үч эсе төмөнүрөөк.

XS
SM
MD
LG