Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

"Арай көз чарай" талкуусунун кезектеги чыгарылышында эл өкүлдөрүнүн жүрүм-турум маданиятынын оош-кыйыштары талкууга алынды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Бурул Макенбаева жана Жаштар парламенти коомдук уюмунун мүчөсү Медер Алиев катышты.


Талкуунун биринчи бөлүгү


Талкуунун экинчи бөлүгү


"Азаттык": Маалыматка караганда, "Ата-Журт" фракциясы Кара-Кече мамлекеттик ишканасынын башчысына талапкерди көрсөтүү боюнча жыйынга биринчи вице-премьер-министр баштаган 12 мамлекеттик жетекчини чакырган экен. Бул жыйын кеминде чиновниктин 2-3 саатын алары белгилүү иш. Калган фракцияларды да чакырса, төрт эсе убакыт коротот экен.

Мындан тышкары депутаттар министрлерди, алардын орун басарларын ар кандай себептер менен ыксыз көп чакырат деген да сөздөр айтылып жатат. Андай болсо фракция, комитет, сессия деп аталгандардын баарын мамлекеттик чиновниктер кыдырып жүрө берсе ким иштейт, алар качан иштешет? Дегеле бул парламенттеги нормалдуу көрүнүшпү, маселенин чечүүнүн башка кандай оптималдуу жолдору бар?

Камила Талиева: Бүгүнкү күндө мамлекетте парламенттик башкаруу системасы жаңы эле телчигип атат, бир жылга жакындап калды. Ушул аралыкта өзүнүн иш стилин коомчулукта көрсөтүп атат. Жарандык коомдун пикирин угуп жашашыбыз керек. Ушундай учурда гана биз өсүп-өнүгө алабыз.
Сөзсүз түрдө расмий стилде кийиниш да керек, себеби парламенттик мамлекет болгондон кийин, элдин жүзү, аброю болгондон кийин депутаттар кийим маселесине да кылдаттык менен мамиле жасаш керек.

"Ата Журт" фракциясы 12 министрди чакырыптыр, бул фракциянын жетекчисинин менеджерлик сапатына байланыштуу болсо керек деп ойлойм. Фракцияда маанилүү, актуалдуу, глобалдуу маселелер болгондо гана атайын саат бөлүп, кыска мөөнөттүн аралыгында келип бериңиз деген сураныч менен чакырабыз. Ар бир министрдин астында элдин жүгү турат. Булардын убактысы алтынга тете. Бул айткан сын-пикирлердин жүйөлүү жактары бар. Муну туура кабыл алышыбыз керек.

Бурул Макенбаева: Парламенттин классикалык үч функциясы бар. Эң биринчиси, эл өкүлү, экинчиден, мыйзам чыгарат, үчүнчүдөн, аткаруу бийлигин көзөмөлдөйт. Аткаруу бийликти көзөмөлдөө парламенттин түзмө-түз милдети. Кээде көп чакырып коюп аткандыр. Бирок парламент үйрөнүп келатат. Биз ачык, көп маалымат алып атабыз. Бир жылга жетип-жетпей, бирок прогрессивдүү жол менен үйрөнүп келатат.

"Азаттык": Медер мырза, ушул ыкма мамлекеттин өнүгүшү үчүн канчалык кайтарымдуу?

Медер Алиев: Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Себеби бүткүл парламенттик башкаруу системасында парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөп туруусу абзел иш. Бирок биздики аша чаап кетүүдө, акыл-эске сыйбаган иштер болууда. Депутаттар коомдун күзгүсү.

Депутатка тренинг керек

"Азаттык": Мындан тышкары элдин оозуна кирип калган, депутаттардын мамлекеттик чиновниктерге жасаган мамилеси жөнүндө, депутаттар эл шайлаган адамдар болгондон кийин дайыма коомчулуктун көз кырында болот экен. Мисалы, министрлер баштаган мамлекеттик кызматкерлерге депутаттар өктөм мамиле жасап, кагып-силккен учурларды телевизордон көрүп, ичинде журналисттер да байкап жүрүшөт. Бул кадыресе көрүнүшпү, же маданиятка байланышкан нерсеби?

Камила Талиева: Бизде мамлекеттик кызматкердин этикасы деген бар. Ал жерде бүгүнкү күңдө чечилбеген элдин көйгөйлүү маселелердин тегерегинде кээде эмоцияга алдырган, кээде министрлердин жоопторуна ынанбай калган учурлар болот. Мындан трагедия жаратуунун кереги жок, бул - иштин кызыкчылыгы.

Коомчулук деле айтып атат, парламент бир топ жакшы иштерди жасап атат деп. Баарыбыз Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айландыргыбыз келет. Көйгөйлүү маселени жакшынакай жатык тил менен маданияттуу түрдө айтсак деле алар кабыл алат. Коомчулукту сөзсүз түрдө унутпашыбыз керек, маданияттуу сүйлөш керек.
Коомдо кандайдыр бир чоң резонанс жараткан маселе боюнча ачык жыйын өткөрүшсүн, коом билсин. Бирок ачык жыйын өткөргөндө телевизордон көрүп атпайбызбы, адамдык фактор ойноп кетүүдө.

"Азаттык": Ошол эле мезгилде депутаттардын ошондой мамилеси жалпы парламенттин аброюна көлөкө түшүрүп койгон жокпу деген маселе пайда болот экен.

Бурул Макенбаева: Бул жерде эки проблема болушу мүмкүн. Биринчиси, этиканын, маданияттын проблемасы. Экинчиден, кээде айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Аны ачык айта албай кекетип, кысым жасап аткандай.

Бизге маалымат түшүп атат, кээ бир депутаттар министрлерге телефон чалып, кадр маселесине кийлигишип, баш тартып койсо телевизордун алдында агрессивдүү түрдө каралоого аракет кылышат. Мыйзам чыгара турган институт аткаруу бийликти көзөмөлдөш керек, бирок түздөн-түз кийлигишпеш керек. Ошондуктан парламент этика комитети аркылуу иштеп, маалыматты чогултуп, депутаттарды тартипке чакырыш керек.

Медер Алиев: Дүйнө жүзүн карап көрсөк депутаттар бири-бирине кол көтөрүшөт. Бул туура эмес. Бирок тилекке каршы бул боло турган иш. Жаңы парламенттик башкаруу системасы болгондон кийин аз-аздан жаңы өсүп келаткан баладай болуп, жаңы үйрөнүп атышат го деген ойдомун. 5 млн. калк биздин депутаттардан үлгү алат. Анан ушундай жүрүм-турумдары туура эмес болуп калат.

"Азаттык": Азыр депутаттар себептүү да, себепсиз да өздөрүнө тиешелүү жетекчилерди чакырып алган учурлар көп болуп атат дешет. Ушуга ишенсе болобу?

Камила Талиева: Мен этика комитетинде төраганын орун басарымын. Бизге атайын факты менен кайрылган учурлар болгон жок. Бирок элде айтылып атат деген нерсеге сөзсүз түрдө көңүл бурушубуз керек. Этика комитети ушундай фактылар боло турган болсо, сөзсүз түрдө мыйзамдуу түрдө кийлигише алабыз.

Эшикти жаап алып, эмне кылып жатышат?

"Азаттык": Парламентти биз жалпы эл шайлаган бийликтин структурасы деп эсептейбиз. Андай болгондо эмне үчүн жыйындар жашыруун өтүш керек? Парламентте жашыруун жыйындардын өтүшү зарылбы?

Камила Талиева: Мыйзамда, регламентте кайсы учурда жабык жыйын өткөрүш керек деген так көрсөтүлгөн. Ошол мыйзамдын чегинде гана жашыруун жыйындар өткөрүлүп келет.

"Азаттык": Бүгүн укук коргоочулардын айрымдары билдирүү таратышты, жабык жыйын өткөрүүнү токтотуу керек деп. Бурул айым, сиз буга кандай карайсыз?
Ар бир министрдин астында элдин жүгү турат. Булардын убактысы алтынга тете.

Бурул Макенбаева: Бул туура, мен колдойм. Мыйзамда үч учурда болот, бул - мамлекеттик сыр, жеке жашоонун сыры жана коммерциялык сыр. Жөн эле жашыруун жыйын өткөрө берген туура эмес, аны токтотуш керек.

"Азаттык": Мисалы, Кара-Кеченин жетекчисин жабык жыйында талкуулоо зарыл беле?

Бурул Макенбаева: Мунун жабык өткөрүүнүн зарылчылыгын көргөн жокмун.

Медер Алиев: Коомдо кандайдыр бир чоң резонанс жараткан маселе боюнча ачык жыйын өткөрүшсүн, коом билсин. Бирок ачык жыйын өткөргөндө телевизордон көрүп атпайбызбы, адамдык фактор ойноп кетүүдө. Ар бир депутат маселени талкуулабай эле, телевизордун алдында пиар кылып отурат. Жабык жерде өткөндө журналисттер болбойт, ал жерде чыныгы иштешке муктаж болушат.

Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн кнопка басып...

"Азаттык": Негизи эле депутаттардын отурумдарга катышуу адеби, маданияты, добуш берүү тартиби жөнүндө сөз кылсак. Бизге бир угарман жазып атат, "депутаттар сабактан качкандай такыр келишпейт. Өткөн жума күндү эле мисалга алсам, үркөрдөй болгон депутаттар отурушту, калганы кайда, анда мен эмне үчүн салык төлөп жатам" дейт. Чынында добуш берүү маалында жок депутаттардын ордуна алардын кнопкасын басабыз деп чуркап жүргөн депутаттар көзгө өөн эле учурайт экен. Бул кадыресе көрүнүшпү, же муну менен элдешүүгө болбойбу?

Бурул Макенбаева: Жашыруун жыйындар болсо ушундай фактыларды коомчулук билбей калышы мүмкүн.

Камила Талиева: Биз этика комитетинде ар отурумубузда ушул маселени көтөрүп атабыз. Регламентте деле "мынча жолу келбесе айып төлөйт" деген бар. Эмки жыйынга алып чыгабыз, эки күндүк отурумду эсептеп чыктык. Коомчулук да билсин эмне үчүн келген жок. Эки күндүк отурумга депутат милдеттүү түрдө келип катышышы абзел.

"Азаттык": Талаштуу эмес маселелер болсо өтүп кете берет, талаштуу маселелерде бул коомдук резонанс жаратышы мүмкүн. Мисалы, жакында президенттик администрациянын аппарат башчысы Эмил Каптагаевге байланышкан токтом кабыл алууда бул легитимсиз, легитимдүү деген маселе көтөрүлүп атпайбы. Ушундайга келгенде депутаттардын бирөөлөр үчүн добуш бергендерди каттап, ошого жаза көрсөтүүнүн механизмдери барбы?
Дүйнө жүзүн карап көрсөк депутаттар бири-бирине кол көтөрүшөт. Бул туура эмес. Бирок тилекке каршы бул боло турган иш.

Камила Талиева: Дүйнөлүк парламенттик коомчулуктагы тажрыйбаларды эсепке алып, жаңы регламентибизге киргизип атабыз. Кудай буйруса, ушул ай ичи биздин ички документибиз болгон жаңы регламент кабыл алынса, ошондо баары жазылган, бул жерде жоопкерчилиги каралган, механизм бар.

"Азаттык": Депутаттардын бирөө үчүн добуш бериши бул саясий кызыкчылыгыбы, же депутаттардын өзүнүн жоопкерчилигин сезбеген жеңил баа мамилесиби?

Медер Алиев: Эки тараптан тең караса болот. Бирок көп учурларда айрым депутаттар өздөрүнүн жеке иштери менен чыгып кетүүгө аргасыз болот. Аны көзөмөлдөгөн орган жок.

"Азаттык": Депутаттардын ишмердигинен баштап баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, кийгенине чейин шайлоочулардын көз кырындагы маселе. Ушундан улам депутаттардын кийинүү этикасы деген маселе көтөрүлөт экен. Расмий кийинүүгө, регламенттин талаптарын аткарууга милдеттүү деп айтылып жүрөт. Бул депутаттын этикасы жөнүндө мыйзамда бар экен. Камила айым, сиз ушул маселени дагы бир жолу айтып чыккан экенсиз. Мыйзамдын күчү келбей жатабы, мамлекеттик кызматчынын кийинүү маселеси проблема болуп атабы?

Камила Талиева: Мамлекеттик кызматкердин кийим-кечеси, жүрүм-туруму элдин көзөмөлүндө болгондон кийин сөзсүз түрдө мыйзам чегинде болуш керек. Биздин регламенттин 90-беренесинде "мамлекеттик кызматкер расмий кийим киет" деп жазылган. Депутаттын этика кодексинде да турат. ЖК иш маалында депутаттар иштин расмий мүнөзүнө шайкеш келген стилинде кийим кийүүгө тийиш деп турат. Униформа боюнча ЖКда токтом кабыл алсак деп даярдап атам. Биздин аппараттагы кызматкерлер расмий стилде кийиниш керек. Себеби коомчулук көрүп турат.
Мыйзамда үч учурда болот, бул - мамлекеттик сыр, жеке жашоонун сыры жана коммерциялык сыр. Жөн эле жашыруун жыйын өткөрө берген туура эмес, аны токтотуш керек.

Бурул Макенбаева: Кийим-кечеге униформа киргизгенди колдобойт элем. Униформа тоталитардык режимдердин белгиси болот. Эл кандай көп мүнөздүү болсо, парламент да ошондой болуш керек. Мен депутаттардын кийингенине каршылыгым жок. Андан көрө мазмундуу жактан деңгээлин жогорулатса, ошондо жакшы болмок.

Медер Алиев: Менин оюмча, профессионализмге көңүл буруш керек. Сөзсүз түрдө расмий стилде кийиниш да керек, себеби парламенттик мамлекет болгондон кийин, элдин жүзү, аброю болгондон кийин депутаттар кийим маселесине да кылдаттык менен мамиле жасаш керек. Жалпы бардыгына бирдей кийим болсо жаңылыштык болуп калат деп ойлойм.

"Азаттык": "5-каналга" аккредитацияны чектеп койдуңар, ушул өңдүү журналисттерге чектөөлөр болбойбу?

Камила Талиева: Жок, болбойт. Мен демократ депутат катары аны колдобойм, биз демократиялык мамлекетте жашап аткандан кийин эркин болушубуз керек.

Бурул Макенбаева: Журналисттерди төртүнчү бийлик деп айтат, бир бийлик башка бийлик бутагына чек койбош керек.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG