Линктер

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын биринчи сессиясы өз ишин аяктап, депутаттар шайлоочулар менен жолугушууга, андан ары эмгек өргүүсүнө кетишти.

Жогорку Кеңеш жаңырып иштеген акыркы сегиз айда өз милдетине жараша сапаттуу иштей алдыбы? Кандай маанилүү мыйзамдарды чыгарууга жетишти? Көпчүлүк коалиция бирдиктүү позицияда боло алдыбы? Оппозициялык фракциялар эмнеге үн катпайт? Азыркы Жогорку Кеңеш парламентаризмди калыптандырууга эмне салым кошо алды?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин төрага орун басары Нурбек Алымбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков жана саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев катышты.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш төрагасы азыркы чакырылыш иштей баштагандан бери 157 мыйзам кабыл алып, 98 мыйзамга президент тарабынан кол коюлганын айтты. Ортодогу 60ка жакын мыйзамга кол коюлбай жатышын кандай түшүндүрөсүз?

Нурбек Алимбеков: Биз акыркы эки жумада өтө көп мыйзамдарды үчүнчү окууда кабыл алдык. Ооба, президенттин кабыл алуусунда дагы мыйзамдар бар, ага дароо эле кол коюлбайт, анын өз мөөнөтү бар. Биз кабыл алган мыйзамдар эч жакка кеткен жок, жакынкы убактарда президент кол койсо, иштеп баштайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Ошол сиздер кабыл алган мыйзамдарга президент макул болбой, вето койгон учурлар болдубу?

Кыргызстандагы тендердик комиссияларда, бюджеттен акча которулган жерлерде депутаттардын катыштыгы бар экендиги билинип калып жатпайбы.

Нурбек Алимбеков: Болду, андай практика көп эле болот. Президенттин каршы пикири менен келгенде мыйзам чыгарууга демилгечилер менен президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашуу комиссиясы түзүлүп, эмне үчүн кайра кайтарылгандын себептерин талкуулап, бир пикирге келишет.

“Азаттык”: Азыркы Жогорку Кеңеш кабыл алып жаткан мыйзамдардын 70 пайызы Орусиянын Мамлекеттик Думасынан көчүрүлгөн мыйзамдар деп калышат. Буга кошуласызбы?

Нурбек Алимбеков: Бул айтылгандарга эч кошулбайм. Бирок биз мыйзамды даярдап, кабыл алып жатканда чет мамлекеттердин тажрыйбасына таянабыз. Биз алардан элдин менталитетине, мамлекетибиздин өзгөчөлүгүнө туура келе турган жактарын гана кабыл алабыз.

“Азаттык”: Алыбек мырза, Жогорку Кеңеште оппозиция эмнеге унчукпайт? Өз милдетин аткарбай көпчүлүк коалициянын оозун карап отурат деп сындашса, парламенттеги оппозиция фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламенттеги оппозициянын жаңы үлгүсүн түптөп жатканын айтты. Демек үн катпай деле оппозиция болот турбайбы?

Бир депутат өндүрүштүк, кадрдык маселеге кийлигишип, өзү сот, өзү прокурор, өзү президент болуп алышып, аны аша чаап пайдаланып жатышат.

Алыбек Акунов: Аны мен дагы уктум, жалпы коомчулук укту. Ал кандай жаңы үлгү, маңызы азырынча коомчулукка белгилүү боло элек. Коомдо, мамлекетибизде жасалбай жаткан, өкмөттүн колу жетпей, көңүл бурулбай жаткан маселелер абдан эле көп. Аны ким айтып чыгыш керек эле? Албетте оппозиция көтөрүш керек болчу. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, депутаттар болбогон жерден эле комиссия түзө салууну адат кылып алышты. Өндүрүштүк маселелерди деле депутаттар карап жатканына кандай карайсыз? Алардын негизги милдети мыйзам чыгаруу эмеспи?

Бейшенбек Абдыразаков: Албетте, алардын биринчи милдети мыйзам чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө болуш керек. Парламентке жалаң олигархтар, байлар келген үчүн жеке кызыкчылыктар көбүрөөк аралашып жатат.

Кечээ жол боюнча маселе көтөрүлгөндө депутаттардын кулагы чыгып калбадыбы. Жеке кызыкчылыгы ордунан чыкпай калганда комиссия түзүшүп, текшеришип, Темир Сариевди өкмөт башчыдан алып тынышты. Кыргызстандагы тендердик комиссияларда, бюджеттен акча которулган жерлерде депутаттардын катыштыгы бар экендиги билинип калып жатпайбы. Алар шайлоодо чачылган акчаны кайдан алышат? Ошол тендер ж.б. иштерге аралашып беш жылдын ичинде топтош керек.

Экинчиден, кадр маселесине кийлигишип андан пайда көрүшөт. Ошентип бир депутат өндүрүштүк, кадрдык маселеге кийлигишип, өзү сот, өзү прокурор, өзү президент болуп, парламенттик башкарууга жамынып алып, аны аша чаап пайдаланып жатышат.

“Азаттык": Алыбек мырза, ар түрдүү маселе деп депутаттар өз айылынын маселесин айтып эле жатып калышат. Айылдагы көпүрөнүн бузулганын же мектептин ремонтун депутат айтпаса чечилбейби?

Биз мыйзамды даярдап, кабыл алып жатканда чет мамлекеттердин тажрыйбасына таянабыз.

Алыбек Акунов: Биз парламенттик башкарууга өтө электе бир мандаттуу округдан депутаттарды шайлаганда жергиликтүү маселелерди койчу. Азыр ошол салт уланууда.

Шайлоолор жүз пайыз партиялык тизме менен өтүп жатат, бирок аны аткаруу жоопкерчилиги болбой жатат. Демейде, шайлоодон жеңген партиянын лидери өкмөт башчы болот, парламенттик башкаруунун маңызы ошондо. Бизде ал аткарылган жок.

Бизде партиялык тизме боюнча шайланыш керек деп коюп, расмий түрдө мыйзам жүзүндө жазылбаса деле жасалма округдарды түзүшүп, ошол жактан элдин добушун алып келип жатпайбы. Анан элге убада берип келгенден кийин аймактын майда маселелерин айтып чыгышып, партиялык принциптер сакталбай жатат, унутта калууда.

“Азаттык”: Нурбек мырза, депутаттардын бирден жардамчысы, айдоочусунан баш тарттык дегендери менен фракциялардын штаттык бирдиктери эки эсе көбөйүп, бюджеттик акчаны үнөмдөдүк деген куру бекер кеп дегенди кандай түшүндүрөсүз?

Нурбек Алимбеков: Андай эмес. Биз айдоочудан жана бирден жардамчыдан баш тартканбыз. Сиз айтып аткан катчылык мурда деле бар болчу. Бул жолу биз күчтөндүрөлү деп жатабыз. Эгер 120 айдоочу, 120 жардамчы кыскарса, секретариатка отуздун тегерегинде кызматкер алдык. Ошол кыскартуулардын эсебинен 70 миллион сомго чейин бюджеттик акчаны үнөмдөй алдык.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш президенттик администрацияга толук көз каранды болуп калды, ансыз бир дагы маселени чече албайт дегенге кандай пикирдесиз?

Нурбек Алимбеков: Эч кандай көз карандылык жок. Кабыл ала турган мыйзамдарды эч тоскоолдуксуз эле кабыл алып жатабыз, бул сөзгө мен кошулбайм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG