Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Жогорку Кеңеште чек араны кайтаруу үчүн жергиликтүү тургундарга курал берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, чек ара аймактарынан тандалып алынган тургундарга Чек ара кызматы келишимдин негизинде курал бермекчи. Мамлекеттик чек ара кызматы бул демилге мыйзамдарга кайчы келерин айтып, каршы чыгууда.

Чек арага жакын жашаган тургундарга курал берүүнү демилгелеген мыйзам долбоорду депутат Бакыт Төрөбаев иштеп чыккан. Ага ылайык, чек арага жакын аймактарда жашаган айрым тургундарга “чек ара сакчысы” деген макам берип, курал-жарак менен камсыз кылуу каралган. Төрөбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай аракет чек арадагы коопсуздукту сактоого жардам болот:

- Чек ара сакчылары - бул чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары. Алар Чек ара кызматы менен келишим түзүп, белгилүү бир чек ара бөлүктөрүн кайтаруу милдетин алат. Бул үчүн ага атайын кызматтык курал берилет. Курал берүүдө анын алдына бир катар талаптар коюлат. Муну менен биз чек аранын коопсуздугун сактайбыз, экинчиден, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылабыз.

Төрөбаев кошумчалагандай, курал берүүдө ал адамдардын психикалык саламаттыгы, мурда соттолуп -соттолбогону да эске алынат. Ошондой эле курал-жаракты алган адамдар мыйзамдан тышкары колдонгон учурда жоопкерчиликке тартылмакчы. Аталган мыйзам долбоору бейшембиде биринчи окууда кабыл алынды.

Чек ара чатактары көп катталган Кыргызстанда чек аралаш аймактарда жашаган тургундарга курал берүү демилгеси мурда да бир нече жолу көтөрүлгөн. Муну көбүнесе чек арага жакын айылдарда жашаган тургундар сунушташчу. Өткөн айда тажик чек арачылары менен куралдуу атышуу орун алган Баткендеги Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев Төрөбаевдин демилгеси өз убагында көтөрүлдү деген пикирде:

- Бул эми коопсуздуктан улам көтөрүлүп жатат да. Биз деле мурдатан эле айылдагы акыл-эси ордунда, кадыр-баркы бар адамдарга курал берип, атайын мергенчилер тобун түзүүнү сунуштап келгенбиз. Себеби, көпчүлүк учурда биздин чек арачылардын бардык тилкелерди кайтарууга шаасы жетпей калган учурлар көп эле болот.

Султанбай Айжигитов - Баткен облусунун мурдагы губернатору. Ал чек арага жакын аймактардагы тургундарга курал берүү демилгесин 2000-жылдардан бери көтөрүп келгендердин бири. Алтургай бул боюнча өзүнүн долбоорун бийликтерге сунуштаган. Айжигитов бул демилгени ишке ашырууда ыктыярчыларды тыкыр тандап алуу зарыл экенин айтат:

- Куралды бергенде ой келди эле бере бербей, андагы көзөмөлдү тыкыр жүргүзүшүү керек. Бул эл үчүн да мамлекет үчүн да кооптуу. Ошон үчүн мыйзамды абдан катуу талкуулап, мындай ыктыярчынын ар бир кадамын көзөмөлгө алчудай шарт түзүү керек.

Анткен менен Мамлекеттик чек ара кызматы аталган мыйзам долбоорунда карама-каршылыктар арбын болгондуктан, аны “чийки” деп колдобой турганын билдирүүдө. Аталган кызматтын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, чек араны кайтарууга жергиликтүү тургундарды тартуу мурдатан эле колдонулуп келген. Бирок аларга курал-жарак берүү учурдагы бир катар мыйзамдарга каршы келет:

- Бул мыйзам долбоорунда курал-жаракты жайкын тургундарга берүүнүн нормалары аныкталбай калыптыр. Буга кошумча болуп, бул тармактагы “Курал-жарак жөнүндө” мыйзам баштаган бир катар нормативдик-укуктук акттарда катардагы жарандарга курал алып жүрүүгө тыюу салынган. Башкача айтканда, учурдагы мыйзамга да каршы келип жатат. Буга байланыштуу мыйзам долбооруна бир нече сунуштарыбызды жибердик. Ошондуктан, биз чек ара сакчысына Чек ара кызматы курал-жарак берүүсүн туура эмес деп эсептейбиз.

Чек ара кызматынын мындай позициясын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков да туура деп эсептейт. Медетбековдун пикиринде, мындай демилге тескерисинче чек арадагы коопсуздукка доо кетириши мүмкүн:

- Эми бул демилге жакшы эле ниет менен көтөрүлүп жатса керек. Бирок жөнөкөй тургундарга курал берүү бул туура эмес демилге. Анткени атайын даярдыгы жок адамдар куралды өз билгендей колдонуп, жаңжалдар чыгышы, адам өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан, чек арада курал бир гана аскерлерге берилиши зарыл.

Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасы толук такталып бүтө элек. Талаштуу аймактарда чыр-чатактар маал-маалы менен чыгып турат. Расмий маалымат боюнча былтыр 40тан ашык чек ара жаңжалы катталган. Быйыл болсо жыл башында кыргыз-тажик чек арасында атышуу орун алып, Кыргызстандан алты жана Тажикстандан үч чек арачы жарaат алган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG