Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

Ар кандай башаламандыктар же чукул кырдаалдар учурунда мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттери жана укуктары такталды.

Буга өткөн жылкы июнь коогалаңында бийликтин жана күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуудагы кыйынчылыктар себеп болгон. Мына ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш “Өзгөчө кырдаал тууралуу” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизди.

“Өзгөчө кырдаал тууралуу” мыйзамга толуктоолорду киргизүү биринчи кезекте аны Баш мыйзамга шайкеш келтирүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзамдын мурдагы редакциясындагы кемчиликтерди жана жетишпестиктерди толуктап-оңдоо зарылдыгы келип чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, парламенттин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүүдөгү негизги жагдайларга токтолду:

- Июнь коогалаңында "Өзгөчө абал тууралуу" мыйзамда көп кемчиликтер бар экенин байкадык, ошонун негизинде бир топ өзгөртүүлөр киргизилди. Өзгөчө абал дегенге так аныктама бердик. Комендант, жергиликтүү комендант, алардын милдеттери так жазылды, президенттин, Жогорку Кеңештин укуктары Конституциянын негизинде такталды.

Июнь коогалаңын иликтеген үч комиссиянын тең тыянагында окуяны алдын алуудагы же аны өрчүтүп жибербей өз учурунда басып калуудагы бийликтин иш аракетинин алсыздыгы көрсөтүлгөн.

Мында айрыкча бийлик менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктүн жоктугу жана укук-милдеттердин так бөлүштүрүлбөгөндүгү сынга алынган болчу.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов буга "Өзгөчө кырдаал тууралуу" аракеттеги мыйзамдын чийкилиги таасир эткендигин айтты:



- Былтыр июнь окуясында өз ара милдеттерди бөлүшүүнүн жоктугунан бир кыйла аксаганбыз. Керек болсо чечим кабыл алууда жергиликтүү бийлик менен коменданттардын ортосунда карама-каршылык болгон. Мунун бардыгы мыйзамдагы так эместиктерден болгон.

Мурдагы Баш мыйзамда өзгөчө кырдаалды президент жарыялап, парламент беките тургандыгы көрсөтүлгөн болчу.

Азыркы Баш мыйзамда жалпы өлкөнүн аймагы боюнча өзгөчө кырдаал жарыялоо укугун парламент өзүнө алып, кайсы бир аймакка коменданттык саат киргизүү укугун мамлекет башчысына калтырган. Муну айрымдар куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысынын бийлик укуктарын негизсиз кыскартуу катары кабыл алышкан.

Бирок мыйзам долбоорунун демилгечиси Исмаил Исаков бул багытта президенттин жетиштүү бийлиги бар экендигин белгиледи:

- Президент кайсы бир опурталдуу деп табылган аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоого укугу бар. Бул боюнча мамлекет башчысы менен парламенттин ортосунда маселе болушу мүмкүн эмес. Себеби ар биринин өзүнүн укук-милдеттери көрсөтүлгөн.

Мыйзамга түзөтүүлөр, толуктоолор жана өзгөртүүлөр көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан кабыл алынды. Кийинки кароого чейин ага айрым түшүнүктөрдү кеңири чечмелөө сунуштары берилди. Ошондой эле эпидемияга же кандайдыр бир мал ылаңына жана табият кырсыгына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаалдардагы жагдайларга тактоо киргизүү жагы табышталды.
XS
SM
MD
LG