Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Асылбек Жээнбеков ким?


Кыргызстандын парламентине 15-төрага болуп Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков шайланды.

Асылбек Жээнбеков 1963-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда туулган. Кесиби - агроном. Айыл чарба институтун, Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн. Саясатка келгенге чейин, он жылдан ашык убакыт илимий, айыл чарба иштери жана ишкердик менен алектенген.

Чоң саясатка 2007-жылы, Жогорку Кеңешке депутат болуу аркылуу аралаша баштаган. Ушул эле жылы Социал-демократтар партиясынын катарына өткөн.

Депутаттардын арасында анча байкалбаган Жээнбеков коомдук-саясий чөйрөнүн назарына 2009-жылдын этегинде түшкөн. Президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактоо маселеси көтөрүлгөндө кызыл чеке талаштан оолак саясатчы катары көрүнгөн депутат датаны тактап берүүнү сурап, Конституциялык Сотко кайрылган. Бул Курманбек Бакиевдин келерки шайлоону жарыялашына шарт түзүп берген.

Президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик менен СДП баштаган оппозициялык күчтөр ортосунда күрөш курчуп турган ошол мезгилде мындай кадамы коомчулукта оппозициялык партия мүчөсүнүн бийлик менен кызматташуусу катары сыпатталган болчу. Жээнбеков өзү кезинде бул аракетин депутаттык укугунан гана пайдалануу катары түшүндүргөн. Оппозициялык фракция да буга маани бербегендей түр көрсөткөн.

Асылбек Жээнбеков - Ош облусунун губернатору, социал-демократ Сооронбай Жээнбековдун жана коомдук-саясий ишмер, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Жусупбек Шариповдун бир тууган иниси. Ошондуктан, Асылбектин чоң саясатка аралашышын саясатта кабыргасы каткан агаларынын таасиринен да көрүшөт.

Асылбек Жээнбеков былтыркы парламенттик шайлоодо депутаттык мандатка Социал-демократтар партиясынын тизмеси аркылуу ээ болду. 2010-жылдын 23-декабрынан тарта СДП фракциясынын атынан вице-спикер болуп иштеди. Социал-демократтар өздөрү, алардын талапкерлери Жээнбековду партиянын ишине бекем берилип, ысык-суугуна күйгөн мүчөлөрүнүн бири деп, айрыкча апрель ыңкылабындагы эмгегин, июнь окуясынын кесепеттерин жоюудагы салымын айтып келишет.

Ошентсе да КСДП башында турган азыркы бийликке атаандаштар жаңы төрага аймактык кызыкчылыкка байланышкан өксүктү жаба турган ыңгайлуу фигура болгону үчүн гана шайланып калды деп эсептешүүдө. Буга Асылбек Жээнбеков парламентке төрага болууга жетиштүү саясий тажрыйба да, аброй да топтой элек болчу деген жүйөөнү келтиришүүдө.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин баамында, бул тандоодо саясий салмак эмес, партиялык кызыкчылык, регионалдык кызыкчылыктарды эске алуу зарылчылыгы алдыңкы планга чыкты:

- Бул киши саясий процессте эч көрүнгөн жок, революцияда же башка учурда. Тизмеси боюнча эле коюп коюшту. Менеджер болуш керек деп айтып атышат, бирок авторитеттүү адам болуш керек да, төрага деген оңой эмес. Сөзсүз саясий авторитети болуш керек, фракциянын лидери да болуш керек. Бул андай эмес. Көп эле ой чыгат, балким Атамбаев чөнтөк парламент кылам дейт, ушундай көз караш болуп атат.

Ал эми талдоочу Жолборс Жоробеков Коалициялык көпчүлүктүн тандоосунда шек жок деген ишенимде:

- Азыр саясатта болсун, экономикада болсун, бийликтин бардык бутактарына жаш, жаңы жаштар келип атат. Ошондуктан бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө Асылбек Жээнбеков акыркы 4-5 жылдын ичинде абдан салмактуу, өзүнүн ою бар, принципиалдуу, өсүп келаткан жаш жигит экенин көрсөттү.

Ошентип, 48 жаштагы жаңы төрага Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын тарыхына Жогорку Кеңештеги 15-төрага катары кирди. Үй-бүлөлүү. Алты баланын атасы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG