Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

19-октябрда Бишкекте "Көз карандысыз Кыргызстандын калыптанышындагы парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференция өттү.

Анда Евробиримдиктин өкүлдөрү, Грузиянын, Түркиянын депутаттары Кыргызстанда парламенттик башкаруунун келечеги бардыгын белгилешип, бул жолдон кайтпоого үндөштү.

Кыргызстан Борбор Азиядагы парламенттик демократияны тандаган алгачкы өлкө. Мындай башкаруунун бир жылдык жыйынтыгына дүйнө коомчулугу кандай баа берүүдө?

Президент парламенттик башкаруу менен өнүгүүгө чакырат

Эл аралык конференцияда кыргыз демократиясына жана парламенттик башкаруу системасы орногондон кийинки Кыргызстандын абалы талкууланды.

Президент Роза Отунбаева акыркы бир жылда Кыргызстан оор сыноодон өтүп, айрым кемчиликтер болгону менен парламенттик башкаруу системасы өз пайдубалын бекемдеп жатканын белгиледи:

- Өтүп жаткан жыл Кыргызстанда парламенттик жыл болду. Бул мөөнөт калк үчүн парламенттик университетке айланды. Азыр жарандар коалиция, фракциялардын иши эмне экенин түшүнүп калышты. Көп учурда депутаттардын өздөрү бул оюндун тартиби менен иштебей жатышат. Кээде коалициялык көпчүлүктүн айрым депутаттары өздөрү тандаган өкмөткө каршы болгон учурлар бар. Эл муну көрүп жатат.
Элдин митинг, каршылык акциялары аркылуу келип айткан маселелеринин 90 пайызынын чечилгени парламенттик башкаруу системасынын иштегенинин далили... Акматбек Келдибеков


Эгемен Кыргызстандын тарыхында парламент беш жолу чакырылып, үч жолу таркатылган. 2010-жылга чейин Жогорку Кеңеш президенттик башкаруунун көлөкөсүндө калып келген. Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөндөн кийин шайланган депутаттык корпус бийликтин чечүүчү бутагына айланды.

Бул аралыкта парламенттик башкаруу өзүн актады дейт, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков:

- Элдин митинг, каршылык акциялары аркылуу келип айткан маселелеринин 90 пайызынын чечилгени парламенттик башкаруу системасынын иштегенинин далили. Себеп дегенде, буга чейинки президенттик, парламенттик-президенттик башкарууда өкмөт эч качан парламентке көз каранды болгон эмес. Өкмөт парламент айткан маселелердин көпчүлүгүн чечкен эмес.

Түркия Кыргызстандын багытын колдойт

Кыргызстандагы парламенттик демократия батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө АКШнын колдоосуна ээ болууда. Парламенттик башкаруунун ийгиликтүү үлгүсүн көрсөткөн Түркия да Кыргызстандын тандап алган жолун кубаттап келет.

Жыйындын катышуучулары.

Жыйындын катышуучулары.

Эл аралык конференцияга катышкан Түркия парламентинин вице-спикери Мерал Акшенер тажрыйба бөлүшүүгө даярбыз деп жар салды:

-Кыргызстанда бир жылдан бери өкүм сүрүп жаткан парламенттик демократиянын өнүгүшү үчүн ар түрдүү тажрыйба, билимдерибиз менен бөлүшкөнгө даярбыз. Мунун далил катары жакында Кыргызстан менен Түркия парламенттери арасында келишимге кол коюлду. Түрк калкы жана парламенти кыргыз калкынын өткөөл мезгилди ийгиликтүү басып өтүшүнө тилектештигин билдирип, алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөдө бакубатчылыктын өнүгүшүн тилейбиз.

Кыска убакыттын ичинде чоң реформалар жасалган, президенттик башкаруу өкүм сүргөн Грузия да Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоого алат. Бул тууралуу Грузия парламентинин депутаты Георгий Годаберидзе конференцияда парламенттик башкаруу системасын заман талабы катары атады.

Коңшулардын мамилеси кандай?
Биз сиздердин жаңы башкарууңарга кызыгуу менен карап жатабыз. Келечекте, убактысы жеткен мезгилдерде биздин эл да ушундай парламенттик башкарууга өтөөрүбүзгө көзүбүз жетет...
Уали Курмангали


Ал ортодо күчтүү президенттик бийлик өкүм сүргөн коңшу өлкөлөр Кыргызстан тандаган жолду жерүү менен мамиле кылып жатканы маалым. Кезегинде орус президенти Дмитрий Медведев парламенттик демократия Кыргызстан үчүн катастрофа деп баа берген.

Казак парламентинин депутаты Уали Курмангали коңшу өлкөлөр Кыргызстанга кызыгуу менен көз салып турганын жашырбайт:

- Парламенттик башкарууга өттүңүздөр. Бул жаңы башкаруу. Бул азыркы демократиялык өлкөлөрдөгү болуп жаткан жаңылык. Албетте биз сиздердин жаңы башкарууңарга кызыгуу менен карап жатабыз. Келечекте, бир убактарда, убактысы жеткен мезгилдерде биздин элде да ушундай парламенттик башкарууга өтөөрүбүзгө көзүбүз жетет.

Жыйындын катышуучулары.

Жыйындын катышуучулары.

Кыргызстанда жаңы башкаруу системасы калыптанып жатканда эйфорияга алдырбоо керек дейт, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев:

- Азыр көрүп жатпайбызбы, парламент сотторду чакырып жатат. БШКны, прокуратураны чакырып, отчет алып жатат. Конституцияда бир берене бар, ар бир бийлик өзүнүн ыйгарым укуктарынан чыкпашы керек. Мен ушуну каалар элем. Бул жакшылыкка алып барбайт.

Кыргызстан эки элдик толкундоодон кийин акыры парламенттик башкарууга өттү. Буга эки президенттин жекебасар бийлигине чыдабаган элдин козголоңу түрткү берди. Бирок азыр деле бул башкаруунун келечегинен күмөн санагандар бар. Президенттикке талапкерлердин бир катары кайрадан күчтүү президенттик бийликке кайтууга үндөөдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG