Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Парламенттик демократия сыноосундагы Кыргызстан


Симпозиумдан бир көрүнүш, 19-март.

Симпозиумдан бир көрүнүш, 19-март.

Бишкекте кыргыз-түрк “Манас” университетинде парламенттик демократиянын артыкчылыгы менен тобокелчилигинин тажрыйбасын талкуулаган симпозиум өтүп жатат.

Бир жыл мурун экинчи президентти бийликтен кулатып, жаңы Конституция кабыл алып, парламенттик башкаруу жолуна түшкөн Кыргызстан башынан чоң сыноолорду өткөрүүдө. Өлкөнүн түштүгүндө өткөн жылы этнос аралык жаңжал чыгып кан төгүлдү, бул кайгылуу окуянын жарасы айыга элек. Уюшкан кылмыштуулук жана коррупциядан бүтүн өлкө чоң зыян тартууда. Жаңы шайланган парламентте эле эмес, фракциялардын ичинде биримдик жок, коалициялык өкмөт ыдырап кетүү коркунучунда турат.

Парламенттик системанын артыкчылыгы
Депутаттар өздөрү былык иштерди ачыкка чыгарууда. Анткени көмүскө схемаларга аралашууну каалашпайт. Кааласа да арты кандай болорун түшүнөт. Бул парламенттик системанын жакшы жагы жана башталышы.
Роза Отунбаева

Илимий симпозиумда чыгып сүйлөгөндөр Кыргызстан соңку жыйырма жылда басып өткөн жолду жана азыркы күндөгү кайнаган саясий окуяларды талдоого алып, парламенттик системанын артыкчылыктары менен өксүктөрүн белгилеп сүйлөп жатышат. Экинчи жакта парламенттик республикада жүз жылдай жашаган Түркиянын тажрыйбасын Түркиянын Улуттук Улуу Мажилисинин вице-спикери Садык Якут баштаган ишмерлер, илимпоздор белгилеп өтүштү.

Президент Роза Отунбаева симпозиумда чыгып сүйлөп, Кыргызстанды парламенттик демократияга алып келген тарыхый шарттын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, азыркы учурда саясий сахнадагы окуялардын катып калбай, элге көрүнөө кайнап турганынын өзүн парламенттик системанын артыкчылыгы катары белгилеп өттү.

- Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү былык иштерди ачыкка чыгарып жатышат. Анткени алар көмүскө схемаларга аралашууну каалашпайт. Каалаган күндө да арты кандай болорун түшүнүшөт. Бул тенденция парламенттик системанын жакшы иштерининин биринчилеринен болот жана бул иштин башталышы гана.

Профессор Жумагул Сааданбеков парламенттик башкаруу эли бир тектүү, бир кылка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып жатканын айтып, Италия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасын мисал тартты. Ал эми Кыргызстан көп этностордун, көп тилдердин, көп диндердин өлкөсү. Анын үстүнө кландар аралык, аймактар аралык курч карама-каршылыктар бар. Кыргызстандын өнүгүү жолунда азыр эки проблема курч турат, бул өткөн жылдагы кандуу жаңжалдан кийин кыргыз-өзбек элдешүүсү баштала элек, ал эми түндүк-түштүк тирешүүсү кашкайып ачыкка чыкты.

Бул проблемаларды чечүүнүн жолу катары Жумагул Сааданбеков атаандаштык демократиясы менен катар консенсустук демократияны дагы кошо ала жүрүү зарыл дейт.

- Эң коркунучтуусу ушул шайлоо түндүк-түштүк ажырымына алып келбейт деп ким кепилдик бере алат. Ушул себептен президенттик алты жылдык мөөнөткө кезектешип, түштүктөн да, түндүктөн шайлоо жөнүндө макулдук келишимине келбейлиби. Консенсустук демократиянын алгачкы кадамы катары ушул келишим өлкөнү монолитке айлантар. Тагдырыбызды оң жакка бура турган кадам болуп калар.

Бул проблеманы чечүү үчүн Жумагул Сааданбеков президентти түндүк-түштүк болуп, алты жылдан кезектешип шайлап туруу жөнүндө келишимге келүү жөнүндө сунушун билдирди.

Парламенттик башкаруунун өксүгү
Эң чоң өксүк – парламентаризм системасы жөнүндө элдин түшүнүгү аздыгында.
Кубан Абдымен

Саясат таануучу Кубан Абдымен Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун учурдагы өксүгү катары соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыгында калың элдин кызыкчылыгы парламенттен сыртта калганын белгилейт. Бул өксүктөн арылуунун жолу парламенттик демократиянын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жалпы элдин билим деңгээлин көтөрүү зарыл:

-Коалиция түзүп алып, бийликти колго алып, өлкөнү башкарып жаткан үч партиянын артында турган шайлоочулардын саны болгону 13 гана пайызды түзүүдө. Ал эми калган дээрлик 90 пайызга жакын шайлоочулардын кызыкчылыгын бул парламент билдирбейт. Мунун артында эмне турат. Эң чоң өксүк – парламентаризм системасы жөнүндө элдин түшүнүгү аздыгында. Бул проблеманы чечүү үчүн мындан эки-үч жыл мурда көтөрүлгөн парламентаризм институту демилгесин ишке ашырып, коомдун бардык катмарына парламентаризм түшүнүгүн жеткирүүчү топ түзүп, ырааттуу түрдө иш алып баруу керек.

Парламенттик система Кыргызстанда ишке ашарына коңшу өлкөлөр, асыресе Россиянын башкаруучулары ишенбей, ал түгүл бул жаңылыш жол экенин ачык эле айтып келатышат. Кыргызстан өткөн жылы жаңы Конституция боюнча парламентти шайлап, жаңы жылдан коалициялык өкмөт ишке киришкен. Бир эле учурда президенттик системаны калыбына келтирүүнү жактаган саясий күчтөрдүн да аракети акырындап активдешүүдө.
XS
SM
MD
LG