Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

Узап бараткан жумада кыргыз-орус экономикалык форумдары болду. Кыргызстанда парламенттик шайлоого бир жума калганда компроматтык материалдар чыга баштады.

"Сен" эмес, "сиз" деп турушкан партиялар...

Бир жумадан кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Кыргызстандык шайлоочулар 14 партиянын ичинен тандап, каалаган партиясына добуш бериши керек.

Бул үгүт өнөктүгү масштабдуу компроматтык согуштар менен коштоло элек. Бирок добуш берүү мезгили жакындаган сайын андай согуштун учкундары пайда боло баштады. Компроматтык согуш адегенде үгүт өнөктүгү башталар алдында КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунда тутанып, бирок алар “эсиң барда этегиңди жап” дегендей болуштубу же “эски дос эстен кетпейт” деп ич ара келиштиби, айтор тыйылышты.

Алардан кийин учурай баштаган компроматтык материалдар негизинен “Бир Бол” жана “Кыргызстан” партияларына каршы болуп жатат.

“Бир Бол” партиясына каршы компроматка токтоло турган болсок, адегенде Игорь Чудиновго кылмыш ишин козгоо демилгеси партияны сестентсе, андан кийин партия лидери Алтынбек Сулаймановдун кайсы бир деңизде катерде чардап жүргөнү интернетте жарыяланды. Алтынбек Сулаймановдун жанында айтылуу мушкер Замир Сыргабаев болгон. Сулайманов Сыргабаев анын пикирлеши экенин жашырбай айтып келатса да, интернеттеги видеотасма Сыргабаевдин артынан калк ичинде ээрчиген терс сөздөр менен “Бир Болдун” лидерин жакындаштырууну, анын жашоо образы кандай экенин көрсөтүүнү көздөгөнү байкалат.

“Бир Болдун” лидерине байланыштуу видеотасмага удаалаш “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин 2010-жылдагы калаба боюнча айыпталган жикчилдердин лидерлери менен байланышы тууралуу маалыматтар чыкты. “Кыргызстандын” өкүлдөрү андай байланышты толук төгүнгө чыгарганы менен алардын мүлкүнө ээлик кылып жатканы боюнча маалыматты четке каккан эмес. Компроматтык маанидеги маалыматтар КСДП тизмесиндеги Жылдыз Бакашеваны да кыйгап өтпөдү. Улуттук китепкананын жетекчисине китепканада жоголгон баалуу диний китеп боюнча кине коюлган.

Жакынкы күндөрү “Ата Мекенге” каршы багытталган компроматтык материалда “жайсаңчыларга” байланыштуу маалымат козголгон. Бул партиянын тизмесиндеги талапкер “жайсаңчылардын анабашы” катары мүнөздөлгөн. Белгилүү болгондой кыргыз интеллигенциясынын арасында Бүбү Мариам аттуу автор жазган “Манастын” варианты боюнча кызыл чеке талаш-тартыш жүрүп келет. “Ата Мекендин” тизмесиндеги “жайсаңчы” деп аталган талапкерге ошол интеллигенция өкүлдөрү каршылык билдирген.

Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов бул үгүт өнөктүгү учурунда масштабдуу компроматтык согуш чыкпады деп эсептейт. Анын пикиринде, буга КСДП менен “Ата Мекендин” өз убагында тизгинди тартканы себеп болду. Ошол эле учурда компромат баарына бар болгондуктан бири-бирине көө сыйпоодон чочулашууда, - дейт Муканбетов:

- Баары тууралуу айта турган сөз бар. “Абийир кодекси” дегенге баары кол коюшту го. Ошондон кийин койгула, журналисттер менен коомчулук өкүлдөрү айтып жатканы жетишет, бири-бирибизге тийишпейли дегендей болду. Анан ар биринин кемчилиги бар. Ошондуктан азыр акча чачып аткан алты партиянын ар бирине “кара пиар” жүргүзсө болот. Ошон үчүн бири-бирибизге тийсек баарыбыз шерменде болобуз, андан көрө электорат менен иштейли деп, иштеп атышат.

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо салып жаткан “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бир дагы партия КСДПнын кемчилигин айтканга даабай жатканын белгилеп, буларга токтолду:

- Партиялар бири-бирин каралап сүйлөгөн жок. КСДПга тийишкен жок. Башында “Ата Мекенди” каралоо байкалган. Анан ал азайып, менин байкоомдо “Республика Ата-Журтка” каршы сын көбөйдү. Бирок партиялар бири-бирине ачык компромат, жамандоо жүргүзгөнүн байкаганым жок.

Динара Ошурахунова партиялардын мындай сактык мамилесин келечекте кызматташып калуу мүмкүнчүлүгү менен байланыштырды. Ошол эле учурда болгон маалыматтардын ачык айтылышы шайлоочулардын тандоосуна жеңилдик берерин Ошурахунова кошумчалады.

Убадалар жана реалдуу турмуш...

Узап бараткан жумада Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү жана анын артынан кийин жасала турган иштерге байланыштуу бир катар иш- чаралар өткөрүлдү. Маселен, 25-сентябрда Москвада буга байланыштуу тегерек стол болуп өттү. Ага чейин Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын региондорунун ортосунда кызматташуу боюнча экономикалык форум болду. Форумга Орусиянын Новосибирск, Саратов, Оренбург облустарынын жана Башкириянын жетекчилери катышты.

Форумдун негизги максаты - эки мамлекеттин региондорунун ортосунда экономикалык кызматташууларды өнүктүрүүгө жол ачуу. Мындай максатта Орусиянын Сибирь тарабындагы Свердловск, Челябинск облустары менен да буга чейин жолугушуулар, сүйлөшүүлөр болуп келген. Бирок алардан практикалык кайтарым болгону тууралуу маалыматтар жокко эсе. Ал эми бул ирет Бишкектеги жолугушуу Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин болду. Ошондуктан кызматташууну өнүктүрүү үчүн жаңы жагдай түзүлүүдө десе да болот.

Бирок жаңы жагдайдын алдында, тескерисинче, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен соодасы солгундап баратат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, биримдикке кирген мамлекеттер менен республиканын соодасы быйылкы жылдын жети айында 14% төмөндөп кеткен.

Ал эмес кошуна Казакстан менен соода согушунун алгачкы белгилери пайда боло баштады. Маалым болгондой Казакстан Кыргызстандан сары майды ташууга бир жума мурун чектөө киргизди. Астана ошондой эле Орусия менен соода согушун ачууну ойлонуп жатканын орус маалымат каражаттары жазууда. Ал маалыматтарга караганда, Казакстандын товарлары орус товарларынын алдында атаандаштыкка туруштук бере албай, жергиликтүү ишканалар жабыркап жатат. Мындай учурда казак өкмөтү Орусиянын айрым товарларына чектөө киргизүүгө камданганы айтылууда. Эгерде андай чектөөлөр киргизилсе, Евразия экономикалык биримдигинин негиздерине доо кетерин орус тарап эскертүүдө.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер өз ара айрым товарлардын сатылышына чектөө киргизүүсүн нормалдуу көрүнүш катары баалап, ал эми сооданын кыскарышын валюталардын туруктуу болбой жатышынан көрөт:

- Соода, ишкерликтин төмөндөөсү Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө байланыштуу эмес. Ал Казакстан жана Орусияда улуттук валюталардын өтө олуттуу девальвация болушуна байланыштуу. Байкап көрсөңүз, 20-августка чейин Казакстанда 1 доллар 152 теңге болсо, азыр 300 теңге болуп калды. Бир ай ичинде теңге 100% арзандады. Кудай сактасын, бизде да сом 100% арзандаган болсо, анда импорттук товарлар сатылбай туруп калмак. Эми азыр адаптация болуу үчүн убакыт керек.

Сергей Пономарев Орусия региондорунун жетекчилери, ишкерлери менен өткөрүлүп жаткан форумдар өз жемишин берип, жаңы долбоорлор ачылат деген үмүттө.

Ал эми Кыргызстан ишкерлер кеңешинин төрагасы Марат Шаршекеев Кытай, Индия ишкерлери тарабынан тарабынан активдүүлүк байкалып жатканын белгилеп, аны Евразия экономикалык биримдигинин базарынын ачылышы менен байланыштырды:

- Евразия экономикалык биримдикке кирүү менен чоң базар ачылып жатпайбы. Бирок азыр баары күтүп атышат. Шайлоо кандай өтөт, өкмөттү кандай жана канча мөөнөткө шайлашат? Ошонун баарын күтүп атышат. Инвесторлордо мурунку мезгилге караганда даярдык чоң. Бирок биз жактан туруктуулукту күтүп жатышат. Биздин айыл чарба, туризм, тоо кендерибизге, ГЭС курууга кызыгышууда. Иши кылып түрдүү багыттарда иштөөнү көздөгөн чоң компаниялар бар.

Кыргызстандык ишкерлер кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна көп үмүт артып жатышкан. Бул фонд ишкер долбоорлорду 12% насыя менен камсыздарын жарыялаган. Айрым эксперттер фонд мындай шартта насыя бере баштаса, башка банктар да насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүүгө барат деген ишенич билдирген. “Бирок Кыргызстандагы жергиликтүү коммерциялык банктар андай шартта насыя берүүгө жөндөмсүз экенин, бул маселе Кытай банктары ачылса гана чечилерин” Шаршекеев белгиледи.

Айтмакчы, 25-сентябрда Бишкекте кыргыз-кытай ишкер форуму дагы болду. “Улуу жибек жолунда кызматташууну кеңейтүү” деп аталган форумда вице-премьер-министр Валерий Диль кытай ишкерлерин курулуш материалдарын жасоо, кайра иштетүү жана банк тармагына чакырды.

Үгүт өнөктүгүндө партиялар убадалар менен “жыргал заманды” куруп жатышат. Өзгөчө бийликтеги партиялар “жыргал замандын” орноп калганын айтышууда. Ал эми реалдуу турмушта сооданын төмөндөөсү, валюталардын арзандоосу, инвестициянын басаңдоосу үстөмдүк кылып жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG