Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Биометрикалык паспорт бериле баштайт


Электрондук-биометрикалык паспорт боюча түзүлгөн мекемелер аралык топ ишин жыйынтыктады.

Ага ылайык, техникалык тапшырма даярдалды. Эми паспорт басып чыгаруу үчүн эл аралык компанияларды тандоо үчүн сынак жарыяланмакчы.

План боюнча, кыргыз өкмөтү келерки жылдан тарта жаңы үлгүдөгү паспорт бере башташы керек. Айрым байкоочулар иш өтө жай жүрүп жаткандыктан кыргыз жарандары келерки жылдары айрым өлкөлөргө кере албай калышы ыктымалдыгын эскертүүдө.

Электрондук-биометрикалык паспорт боюнча түзүлгөн мекемелер аралык топ жалпысынан тогуз ай иштеди. Топтун жетекчиси, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, маселе ар тараптан талданды:

- Кыргызстанда бул маселеге тиешеси бар бардык эксперттердин пикирин уктук. Ушундай кылдат караган жакшы болот экен. Бизге эки ай убакыт берген, бирок биз тогуз айдын ичинде абдан жакшы бышырдык. Бардык эксперттер техникалык тапшырманы талкуулап, жакшы деңгээлге чыгардык.

Эрлан Сапарбаев
Эрлан Сапарбаев
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаевдин айтымында, мекемелер аралык топ иштеп чыккан техникалык тапшырмага ылайык инвестициялык сынак жарыяланат жана анда тажрыйбасы бар эл аралык компания тандалат:

- Келген компания өзүнүн каражатына керектүү жабдууларды алып берет, паспортко керектүү материалдар менен камсыз кылат, биздин адистерди окутат. Жергиликтүү биздин бөлүмдөрдү автоматташтырып берет. Ушунун баарын инвестор өзүнүн эсебинен жасайт. Бюджеттин тартыштыгын эске алып, биз инвестициялык сынак өткөрүүнү чечтик.

Антсе да биометрикалык паспорт боюнча өкмөттү сындагандар болууда. Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев коррупциялык айла-амалдардан улам, мекемелер аралык топтун ичинде талкуу көпкө созулганын айтууда.

- Тилекке каршы, аткаруу бийлигинде, өкмөттө биометрикалык паспортко каршы топтор тогуз айдан бери каршы каттарды жазып, астыга жылдырбай жатыптыр. Паспорт, же виза алыш үчүн бизде үч-төрт мекеме бар. Ошол эле Мамкаттоо, ошол эле ТИМдин Консулдук башкармачылыгы, УКМК. Ошолордун баары тыйын-тыпыр алып жүрүп, паспорт берүү “кормушка”, же болбосо “жем жей турган акырга” айланган. Ошондой коррупциялык схемага малынгандар биометрикалык паспортко каршы болуп жатышат. Ошондуктан биз бул маселени кабыргасынан коюп, тезирээк чечишибиз керек.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мындай дооматтарды четке какты жана биометрикалык паспорт берүү азыркы замандын талабы экенин белгиледи:

- Кээ бирөөлөр өзүбүз эле чыгара койолу деп айтып жатпайбы, өзүбүз чыгара албайбыз. Акчаны чыгара албай жатып, паспортту кантип чыгарабыз? Ал жерде жарандын туулганынан баштап бардык маалыматтар камтылган чиптер болот. Ал өтө татаал процесс. Буга азыр бардык мамлекеттер өтүп жатат. 2015-жылдан тартып ушундай паспорттору жок адамдар ажыга бара албай калат. Анткени бул жаңы, заманбап талап. Андан сырткары бул таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн да өтө керектүү механизм. Жанагындай, “айлампа” уюштурулуп, бир кишинин беш жолу добуш берген адат артта калат. Анткени шайлап чыккандан кийин Кыргызстандын бардык аймагындагы шайлоо комиссияларында бул адам добуш берген деген маалымат чыгып калат. Башкача айтканда, эми баарын компьютер жасайт.

Кыргыз өкмөтү биометрикалык паспорттор 2014-жылдан тарта бериле баштаарын билдирген. Жаңы үлгүдөгү мындай паспорттордо электрондук чип орнотулат, анда жарандын аты-жөнү, туулган жылы, күнү өңдүү маалыматтан сырткары көздүн карегинин санарип сүрөтү, бармак басым мөөрү киргизилет.

XS
SM
MD
LG