Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет биометрикалык паспорт жасоону жеке компанияга берүү мамлекеттик коопсуздукка каршы деп эсептейт.

УКМКнын жогорудагыдай корутундусунан кийин биометрикалык паспортту жасоо боюнча буга чейин иштелип чыккан долбоор арсар абалда калды.


УКМК улуттук кызыкчылыкты коргоп чыкты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирүү таратып, биометрикалык паспорт боюнча долбоорго каршы чыгуунун себебин түшүндүрдү. Атайын кызматтын маалымдашынча, УКМК биометрикалык паспортко эмес, аны жасоо укугун чет элдик компанияга берүүгө каршы.

Аталган органдын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет биометрикалык паспорт жасоону атайын создуктуруп жатат деген дооматты четке какты.

- Биз биометриялык технологияларды колдонуу менен жасалчу паспорттун жаңы үлгүсү боюнча инвестициялык сынак жарыялоого каршы эмеспиз. Бирок аны жасоо укугун жеке компанияга берүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз. Бул Кыргызстандын улуттук жана экономикалык кызыкчылыгына каршы келет.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

УКМК мамлекет чоң суммадагы каражат таап болсо да, паспорт жасоону өзү гана ишке ашыруусу керек деп эсептейт. Өкмөттө электрондук-биометрикалык паспорт боюнча быйыл февраль айында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Тогуз ай иштеген мекемелер аралык жумушчу топ инвестициялык сынак жарыялоо жана тажрыйбасы бар эл аралык компания тандап алуу боюнча бүтүмгө ушул ай башында келген.

Жумушчу топтун мүчөсү, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов эми долбоор арсар абалда калганын белгиледи.

- УКМК бул жерде сынактан таза эмес эл аралык компания утуп калышы мүмкүн экенин айтып жатат. Паспорт бул улуттук коопсуздукка байланышкан маселе болгондуктан, жарандар тууралуу маалыматтарды башка жакка чыгарбай, муну өзүбүз, мамлекет жасаш керек деген пикирди карманууда. Ошондуктан мамлекет насыя алса дагы, өз күчү менен гана жасаш керек деген УКМКнын кайчы пикиринен улам долбоор токтоп турат.


Кымбатка турган иш

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарбаев биометрикалык паспортту жасоо чоң каражатты талап кыларын жана бюджеттин тартыштыгын буга чейин айткан болчу.

- Келген компания өзүнүн каражатына керектүү жабдууларды алып берет, паспортко керектүү материалдар менен камсыз кылат, биздин адистерди окутат. Биздин жергиликтүү бөлүмдөрдү автоматташтырып берет. Ушунун баарын инвестор өзүнүн эсебинен жасайт. Бюджеттин тартыштыгын эске алып, биз инвестициялык сынак өткөрүүнү чечтик.

Кыргыз өкмөтү биометрикалык паспортко өтүү зарылдыгын жакынкы жылдардан тарта кээ бир мамлекеттер бул паспортсуз өз мамлекетине киргизбей калышы мүмкүн экендиги менен негиздешкен. Эгер долбоор ишке кирсе, анда 2014-жылдан тарта жарандарга биометрикалык паспорт берүү башталарын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин корутундусу негизсиз, ошол эле кезде биометрикалык паспортко шашылуу зарылчылыгы жок деп эсептейт:

- Биздин укук коргоо органдары мамлекеттеги реформаларды, өзгөрүүлөрдү колдобостон, мамлекеттеги жакшы саамалыктарга бут тосуп, реформаларды алдыга жылдырбай келатат. Экинчиден, менин көз карашым боюнча, азырынча биометрикалык паспортко өтүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Жаңылбасам бизге бир же эки гана мамлекет ушундай паспортко өткүлө деген катуу шарттарды койгон.

Ошентип Кыргызстанда электрондук - биометрикалык паспорт боюнча маселе жана аны кандай шартта киргизилери азырынча ачык бойдон калууда.

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортто маалыматтар атайын орнотулган электрондук чипте болмок. Ошондой эле ага жарандын аты-жөнү, туулган датасы, көз карегинин санарип сүрөтү, бармак басым мөөрү киргизилмекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG