Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Тез паспорт алуудагы баш айлантмалар


Кыргызстанда кыска мөөнөттө паспорт жасатуунун баасы боюнча кайрадан талаш чыкты.

Өкмөт 28-мартта анын баасын эки эсеге арзандаткан токтом чыгарган. Ага паспорт жасоочу “Интел-Линкс” ишканасы макул эместигин билдирип, тез арада паспорт алууга документ кабыл алуу убактылуу токтогон болчу. Бирок аталган ишкана 4-майдан тарта кыска мөөнөттө паспорт жасатуунун баасын арзандатканын билдирип, ошол эле кезде бааны ылдыйлатпаганы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматын айыптоодо. Ал эми аталган мамлекеттик кызмат дооматтарды четке какты. Мекемелер араздашып жаткан чакта паспортко зар жарандар документ берүүчү жерлерде жөөлөшүп, кезек күтүүдө.

Үмүтү таш капкан эл

Кыска мөөнөттө паспорт бүтүрүүгө документ кабыл алып жаткан Маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкектеги башкы имаратында 4-майдан бери кыжылдаган эл. Мындан тышкары ага жакын жайгашкан паспорт акысы үчүн акы алып жаткан РСК банкына да эл батпайт. Элдин көбү паспортту кыска мөөнөттө жасоонун баасы арзандабаганына нааразы.

Алардын бири Кайыргүл айым бир айдан бери паспорт ала албай жүрөт:

- Азыр кассага 3800 сом төктүрдү, банкка барып дагы 3800 сом төлөп кел деп жөнөттү. Ички жана чет өлкөлүк паспорт биригип 7600 сом болуп жатат. Мурдагы баадан айырма 300 сом. Ушул үчүн биз бир айдан бери кыйналдык...

Мамлекеттик каттоо кызматы болсо паспортту тез арада жасоонун баасы арзандаганын билдирүүдө. Аталган кызматтын маалымат катчысы Анара Мамытова мындай дейт.

- Мурда Бишкекте ID-кардды эки күндө жасап, бүткөрүүнүн баасы 50 евро турса, азыр 45 евро болуп жатат. Ал эми жалпы жарандык, же чет өлкөлүк паспортту эки күндө бүткөрүүнүн баасы мурда 100 евро турса, азыр 79 евро.

Анара Мамытованын айтымында, паспортторду тез арада жасоонун баасы 10-20 пайызга чейин арзандаган. Бирок өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 28-мартта токтом чыгарып, кыска мөөнөттө паспорт жасоонун баасын эки эсеге чейин арзандатууну тапшырган болчу. Токтомдо белгиленген баага ылайык, ID-кардды эки күндө жасоо 22 еврого, ал эми чет элдик паспорт 40 еврого чейин арзандашы керек эле. Бирок көп өтпөй паспорт жасоочу ишкана буга каршы болуп, анчалык арзандатуу мүмкүн эместигин айтып чыккан.

Акыры 4-майда Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги маалымат таратып, паспорт баасы бычылганын, ал дээрлик өкмөттүн токтомунда белгилендей баада арзандаганын маалымдаган. Паспорт жасоочу “Интел-Линкс” ишканасы да 4-майдан тарта кыска мөөнөттө паспорт жасатуунун баасын ылдыйлатканын айткан. Ага ылайык жарандар кайрадан документтерин тапшырып башташкан.

Сандардын чатагы

Бирок жарандар анын баасы мурдагыдай эле калып жатканын ырасташууда. Паспорт жасоочу “Интел-Линкс” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Жумадылов буга Мамлекеттик каттоо кызматын күнөөлөп жатат. Ал паспорт жасоону арзандатышканын, бирок ортодогу сумманы эми мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы алып жатканын билдирүүдө.

Анын айтымында, мурда ID-cardды 8 күндө жасоо 40, төрт күндө жасоо 45, эки күндө жасоонун баасы 50 евро болчу. Азыр болсо 8 күндө жасоо 17, төрт күндө жасоо 20, эки күндө жасоо 23 евро. Жалпы жарандык паспортту 8 күндө жасоо 70, төрт күндө жасоо 85, эки күндө жасоо 100 евро болсо, азыр 8 күндө жасоо 30, төрт күндө жасоо 35, эки күндө жасоо 39 евро болду:

- Паспорт жасоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын акысы мурда жок болчу. Башкача айтканда, алар үчүн акча төлөнчү эмес. Азыр алар 8 күндө жасалган ички паспорттон 18, төрт күндөгүдөн 20, эки күндөгүдөн 22 евро алышууда. Ал эми сыртка чыгуучу паспортту 8 күндө жасоодон 30, төрт күндө жасоодон 35, эки күндө жасоодон 40 евро алып жатат. Кайсы кылган жумушу үчүн бул акчаларды алып жатканын “Инфокомдун” өзүнөн сурап алгыла.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Кирилл Исмаилов айтылган дооматтарды четке какты. Ал буга чейин “Интел-линкс” ишканасы аткарып келген иштерди мамлекет өзүнө алганын билдирди. Ага ылайык, алынган каражаттар паспортторду жеткирүүгө, имараттардын ижара акысын төлөө сыяктуу иштерге жумшалмакчы.

- Биз киргизген баага - паспортторду жеткирүү, кайтаруу, имараттардын ижара акысы, чарбалык-материалдык буюмдарды сатып алуу жана башкалар кирет. Болгону бул иштерди мурда “Интел-Линкс” аткарып келген. Биз азыр алардан паспортторду жасоодон башка бардык чыгымдарды өзүбүзгө алдык.

Белгилүү болгондой, “Интел-линкс” паспорт жасоонун баасын жогорудагы кызматтарды мамлекетке өткөрүп берүү менен арзандаткан. Бирок жарандар ал кызматтар үчүн каражатты эми башка мекемеге - Мамлекеттик каттоо кызматына төлөшүүдө.

Ал эми Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги сандардын чаташтыгы боюнча аныктоо иштерин жүргүзүзүп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG