Линктер

Паспортто улутун жазуу же жазбоо кимге кандай артыкчылык берип, кимге кандай тоскоолдук жаратат?

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, никеси жана турган жери тууралуу маалыматты алып таштоо демилгеси коомдо кызуу талаш жаратты.

Өкмөттүн мындай демилгесине каршы болгон жарандар атайын кыймыл түзгөнгө да үлгүрүштү. Мындай көрүнүш Кыргызстанда улуттук аң-сезим менен атуулдук көз караштын жогорулагандыгын көрсөтөбү же бул айрым жарандардын утурумдук популисттик аракетиби?

“Арай көз чарай” талкуусундамына ушул талаш маселеге жооп изделди.

Талкууга Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев жана “Улуттук конгресс” кыймылынын теңтөрагасы Шамшыбек Медетбеков катышты.

Конституциянын 20-беренесине ылайык, ар бир жаран өзүнүн улутун өзү ырастайт. Ал бала төрөлгөндө эле берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы же энесине жараша улуту кандай экендиги жазылат. Аны паспортко жазуунун зарылдыгы жок.

“Азаттык”: Дастан мырза, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү паспорттордо жарандын улуту, жашаган жери жана никеси тууралуу маалыматты алып таштоо демилгесин көтөрдү эле, бирок ага айрым жарандар каршы экенин билдирип жатышат. Эми бул аракет ишке ашабы? Жаңы үлгүдөгү паспорт качан колубузга тиет?

Дастан Догоев: Кыргызстандын Туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңеш 2014-жылы 25-апрелде кабыл алган чечимге ылайык Мамлекеттик каттоо кызматы калктын улуттук бирдиктүү электрондук маалымат системасын түзүп жатат. Ал төрт компоненттен турат. Алар жарандардын абалын каттоо системасы, паспорттук система, жашаган жеринин даректерин топтоо системасы жана биометриялык маалыматтардын базасы. Ушул комплекстүү система улуттук коопсуздукту күчөтүү, ички жана тышкы миграцияны көзөмөлдөө, мониторинг жүргүзүү жана калктын так санын билүү максатын көздөйт. Андан кийинки максат - сапаттуу кызмат көрсөтүү деңгээлин жогорулатуу. Аталган компоненттердин ичинен 3-система биометрикалык база жана анын негизинде жаңы муундагы паспортторду берүү. Азыр ИКАО деген мекеме бар, ал чек арадан өтүүчү документтердин талаптарын коет. Анын 9303 деген эл аралык стандартынын негизинде 150дөн ашык улуттук жана биометрикалык паспорттор берилет. Өкмөттүн токтому менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын ичинде эки эксперттик топ түзүлгөн, анын бири паспорттун дизайнын, экинчиси коргонуу жана техникалык талаптарын иштеп чыгат. Алар азыр долбоорлорду даярдап жатышат, даяр болгондо өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин кароосуна берилет. Мамлекеттик каттоо кызматы 2014-жылдан бери ар тараптуу иликтөөлөрдү жүргүздү. Анда жарандардан дарегин алмаштырганда, үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө паспортту алмаштырууга мажбур болгондугу көп убара кылары аныкталды. Ошон үчүн ал маалыматтарды жана улут жөнүндөгү маалыматты алып таштоо идеясы пайда болуп, ал тууралуу маалыматты электрондук чипке киргизгени жатабыз. Ал эми улут маселеси боюнча айтаар сөзүбүз - паспорт адамдын кайсы мамлекеттин жараны экендигин тастыктаган документ. Конституциянын 20-беренесине ылайык, ар бир жаран өзүнүн улутун өзү ырастайт. Ал бала төрөлгөндө эле берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы же энесине жараша улуту кандай экендиги жазылат. Аны паспортко жазуунун зарылдыгы жок.

Паспортто улут жөнүндөгү маалыматты алып таштоо улуттар арасындагы ынтымакты, биримдикти эч качан бекемдебейт. Эгер өзүнүн ким экендигин ырастаган документинде улуту жазылбаган болсо, ал бара-бара тамырын унутат дегенди билдирет.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, паспортто улут жөнүндө сөзсүз болуш керек деп, “Улуттук конгресс” деген атайын кыймыл түзгөн экенсиздер. Анын зарылдыгы канчалык? Кыймылды эмне максат менен түздүңөр?

Шамшыбек Медетбеков: Биз Кыргызстан деген мамлекетти мурунку муундан кандай абалда алсак, биз кийинки муунга ошондой абалда өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Ушундан улам Кыргызстанда жашаган көп улуттардын улуту ким экендиги паспортко жазылышы керек деген максатта ушул кыймыл түзүлдү. Анын катарында саясий партиялар, коомдук уюмдар жана саясий, коомдук ишмерлер бар. Алар атайын кайрылуулар менен кайрылышкандыктан кыймыл түздүк. Эгерде паспортто улуту жөнүндөгү маалымат жазылбай кала турган болсо кийинки урпактарыбыз бара-бара ким экендигин унутуп калышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Алардын арасында аз сандагы улуттардын өкүлдөрү дагы бар. Алар дагы көп улуттардын арасына балдарыбыз аралашып, кийин улутун унутуп калат деп кооптонуп жатышат. Паспортто улут жөнүндөгү маалыматты алып таштоо улуттар арасындагы ынтымакты, биримдикти эч качан бекемдебейт. Эгер өзүнүн ким экендигин ырастаган документинде улуту жазылбаган болсо, ал бара-бара тамырын унутат дегенди билдирет.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG