Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү, бачабаздык көрүнүштөрү тууралуу “Баланын укугун коргоочулар лигасы” фондусунун программаларынын координатору Айзат Көкүлова ой бөлүштү.

- Өспүрүмдөргө сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн, бачабаздык кылды делген учурлар коомчулукта көп айтыла баштады. Бул көрүнүш чындап эле тез ылдамдык менен көбөйүп жатабы? Же мурда эле ушундай деңгээлде беле?

- Эки тарабы тең бар. Бир четинен ылдамдык менен көбөйүп жатат. Экинчиден, биз коомчулуктун колдоосу менен бул терс көрүнүштү жашыра бербей, ачык айтып калдык.

Тартип коргоо органдары да азыр жакшы иштеп жатат десек болот. Себеби 2008-жылдан бери бизге көп эле адамдар кайрылышты. Башында, 2009-жылдары сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берип, алардын кордук көргөнүн далилдеп берүү өтө эле оор болчу.
Зордуктоо болгонун далилдөө жараяны бала үчүн да, анын ата-энеси үчүн да өтө эле оор болуп жатат. Тыянагы чыкпай калган учурлар да көп болот.

Ата-энелерине да абдан кыйын болчу. Соттор да зордуктаган адамды актап койгон учурлар көп болчу. Медициналык жактан да муну далилдөө өтө эле оор болчу. Азыркы күндө тартип коргоо органдары да бул өтө орчундуу көйгөй болуп жатканын түшүнүшүп, балага жардам берүүгө бардык күчтөрүн жумшап жатышат. Албетте мындан да жакшы иштесе болот эле. Себеби сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүмдөр көп эле.

Мисалы, бизде андай бир кыз бар. Атасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган десек, эки жылдан бери кызга психиатриалык текшерүүлөрдү жүргүзүп, бирок эмнегедир аны көңүлгө албай жатышат. Жоопкерчиликке тартылбай жаткан учурлар көп болуп жатат.

- Бул кыздын окуясы сиздерде катталган акыркы учур болдубу?

- Жок, бул акыркы учур эмес. Акыркы кайрылууларды алсак, сентябрь айынан жаңы жылга чейин бизге жашы жете элек беш баланын ата-энеси кайрылды.

Алардын балдары кандайдыр бир сексуалдык зомбулукка кабылып, башка адамдар балдарга ыплас нерселерди жасашкан. Бүгүнкү күндө он жаштагы кызды зордуктаган адам жоопко тартылды. Калгандары иликтенип жатат.

- Өспүрүмдөргө сексуалдык зордук зомбулук көрсөткөндөр алты жылдан өйдө эркинен ажыратылары айтылат. Деги ушул берене боюнча Кыргызстанда соттолуп, жазасын алгандар болдубу?

- Биздин иш тажрыйбабызда соттолгон учурлар төрт-беш жолу болду. Акыркы жолу жаңы жылдын алдында жанагы он жаштагы кызга болгон зордук-зомбулук боюнча 18 жылга камалды.
Атасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылган десек, эки жылдан бери кызга психиатриалык текшерүүлөрдү жүргүзүп, бирок эмнегедир аны көңүлгө албай жатышат.

Жаш балдар зомбулукка кабылганда эмнегедир сот органдарына болобу, тартип коргоо органдарына болобу, далилдеп берүү өтө эле оор. Психологиялык, психиатриялык экспертизалар чыкса да, анын жыйынтыгын четке каккандар бар. Анан баланы кайра-кайра суракка алышат. Натыйжада зордуктоо болгонун далилдөө жараяны бала үчүн да, анын ата-энеси үчүн да өтө эле оор болуп жатат. Тыянагы чыкпай калган учурлар да көп болот.

- Эми ата-энелер балдарын бул көрүнүштөн канткенде коргой алат?

- Ата-энелери биринчи кезекте балдарын бейтааныш адамдарга ишенип, таштап кетпеши керек. Мисалы, бизде дагы бир окуя болгон. Бир үй-бүлөнүн жашы жете элек эркек баласын спорттук клубга жаздырам деп, тааныбаган эле адам ээрчитип кеткен. Апасы да ишенген экен. Себеби келген киши улгайган эле киши экен. Бирок бала сексуалдык зомбулукка кабылган.

Мындан улам бейтааныш адамдарга балдарды таштабаш керек! Балдардын аракетине көз салып, көңүл буруу зарыл. Жашы жете элек балдардын ден соолугуна, психикасына ата-эне жооптуу. Мындан улам көзөмөлгө алып, канчадан канчага чейин сабакка барып келип жатканын тактап турушу кажет.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG