Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Эл Ассамблеясы ишин өзгөрткүсү келип жатат


Кыргызстан Эл Ассамблеясы улут, этностор аралык мамилерди, талаш-тартыштарды жөнгө салуу миссиясын аткара албай жатат.

Өткөн жылдагы июнь калабасында арачылык милдетин да өтөгөн жок.

18-июнда Бишкекте өткөн Кыргызстан Эл Ассамблеясынын кезексиз курултайында ушул ой басымдуулук кылды.

Абдан чоң үмүт жүктөлгөн Ассамблеянын бара-бара таскагы басаңдап, алтургай анын бар-жогу байкалбай баратканын президент Роза Отунбаева белгиледи:

- Өткөн жылдагы окуяларда Ассамблея андан күтүлгөн ролду ойной алган жок. Ассамблея өлкөдөгү окуяларга сырттан баам салып, саясий чечимдерди кабыл алууда четте калды.

Окуяларды алдын алып эскертүүдө, тараптарды жараштырууда Ассамблеяда чыныгы механизм жок. Андыктан Кыргызстан Эл Ассамблеясынын макамын жана иштөө формасын түп-тамырынан өзгөртүү зарыл. Булар этностор аралык ынтымак саясатын жайылтуунун куралы болушу керек.


Буга улай кыргыз мамлекет башчысы Ассамблеянын алкагында бирдиктүү тил жана маданият мейкиндигин түптөө аркылуу бара-бара бирдиктүү өлкөгө айлануу зарылдыгы турганын айтты.

Отунбаева Кыргызстанда жашаган бардык улуттарды кыргыз тилин билүүгө чакырды.

- Бардык улуттун өкүлдөрү башталгыч мектептен кийин кыргыз тилин билиши керек. Сынак тапшырып эле баа алып коюш эмес, билүүлөрү керек. Бул үчүн бизде болбогон, бирок дүйнөдө таралган ыкмаларды колдонушубуз керек.

Германия, Францияда, башка кайсы гана европалык өлкө болбосун көптөгөн мигранттар жашап, иштешет. Алардын балдары мектепте келгенден кийинки жылы эле ошол жердеги тилде эркин сүйлөп, окуп калышат.


Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлү бар. Алардын өз ара ынтымагын данакерлөөчү коомдук уюм катары дал ушул Ассамблея түзүлсө керек эле.

Бирок жакшы ниет менен түзүлгөн Ассамблея бара-бара бийликтин камчысын чаап, шайлоодо керек добуш топтоо, ал эми айрым улуттук диаспора лидерлери үчүн бизнесинин калканычына айланып кеткенин серепчилер айтууда.

Бул жагдайды курултайда парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков да белгилей кетти.

Ошентип азыр Ассамблеянын ишин заманга жараша кайра түзүү милдети жаралды окшойт.

Айткандай, жаңы устав да иштелип чыгыптыр.

Ассамблея мүчөсү Равшан Сабировдун айтымында, мурда Ассамблеясынын кеңеши жалаң гана этностук топтордон куралып, ага 55 адам кирсе, жаңы уставга ылайык кеңештегилердин курамы да, саны да өзгөргөн.

- Ага белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, коомдук бирикмелер киришет. Бул жерде Кыргызстандын бардык региондорун, кызыкчылыгын колдогон белгилүү инсандар кеңешке кирет. Андан сырткары бүгүнкү күндө бул жаңы устав боюнча Кыргызстан Эл Ассамблеясынын ардактуу төрагасы болуп президент шайланат.

Сабировдун айтымында, Ассамблея төрагасын кеңештин мүчөлөрү шайлашат.

Коомдук ишмер Накен Касиев Ассамблеяга өлкөгө кадыр-барктуу делген инсандардын кирип жатышын колдоого алат. Анын айтымында, мындан аталган уюмдун кадыр-баркы, таасири өсөт. Бирок ага өлкө башчысынын ардактуу төрага болушун туура көрбөйт.

- Менимче кандай болсо да муну аткаруу бийлигине, же президенттин бийлигине чапташтын кереги жок. Бул өзүнчө элдик курултай деп атабыз, элдик болсун деп атабыз.

Кыргыз эли үчүн бул башында ойлонгондой, элдердин ортосундагы тынчтыкты сактай турган уюм болсо эң жакшы болот. Эми президентти эл шайлагандан кийин ансыз деле элдин атасы болуп турат да.


Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Ассамблеянын концепциясындагы Кыргызстандын эли деген сөздү өзгөртүүнү сунуштайт:

Равшан Сабиров
- Биз ачык эле айтышыбыз керек, кыргыз эли деп эле. Себеби биз кыргыз эли деп сүйлөгөн кезде Кыргызстанда жашаган бардык жарандар эске алынат. Дүйнөлүк практикада да ушундай.

Экинчиден, кыргыз паспорту менен кайсы чет өлкөгө чыкпа, кайсы этностон экениңе карабастан, колуңда кыргыз паспорту болгондон кийин кыргыз деп кабыл алат. Ошондуктан азыркы концепцияда ушуну так айтып коюшубуз керек. Кыргыз эли жана Кыргызстандын эли дегенде жиктелүү болуп атпайбы.


1994-жылы 21-январда “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” аттуу ураан алдында өлкөдөгү этностук топтор кирген Кыргызстан Эл Ассамблеясы түзүлгөн. Бүгүнкү кезексиз өткөн курултайга 800 чамалуу делегат катышууда. Ассамблеянын президентин Ассамблея кеңешинин 65 мүчөсү шайлайт.

XS
SM
MD
LG