Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Жарандыгы жок адамдар


Кара-Суунун Жаңы-Кыштак айылында 30 пайызында өздүгүн аныктаган документи жок. (Сүрөттө: жаңыкыштактык эне-бала, 18-сентябрь, 2013.)
Кара-Суунун Жаңы-Кыштак айылында 30 пайызында өздүгүн аныктаган документи жок. (Сүрөттө: жаңыкыштактык эне-бала, 18-сентябрь, 2013.)

Буга чейинки иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда болжол менен 20 миңге жакын жарандыгы жок адамдар бар.

Ар кандай себептер менен өлкө жарандыгына ээ боло албагандар түрдүү кыйынчылыктарга, анын ичинде укук бузууларга кабылышууда.

Оштун Кара-Суу районундагы Жаңы-Кыштак айылында жашаган Анвар менен жубайы Дилфузанын да өздүгүн тактаган документтери жок. Ошол себептен эки жаштагы эгиз балдары да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок чоңоюуда.

- Шаарда аз-маз иш болсо чыгабыз, алыс жакка барып иштеп келиш үчүн документ талап кылынат экен. Мен мектепте бир аз окугам, кат тааныйм. Бирок алып-кошконду билбейм, - дейт Анвар

Ал эми Дилфуза окуганды да билбейт экен. Бул жубайлар башталгыч билимди да алышкан эмес. Күн сайын жаш балдарын туугандарыныкына таштап коюп, Ош шаарына барып жалданып иштешет.

Кыргызстанда Дилфуза менен Анварга окшогондордун саны аз эмес. Бириккен улуттар уюмунун качкындардын укугун коргоо боюнча кеңешчиси Хуршед Юнусов буга чейинки жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнө таянып, Кыргызстанда болжол менен 16 миңден 20 миңге чейинки адамдар жарандыгы жок жашап атканын белгилейт:

- Булар 1974-жылкы советтик паспортун Кыргызстандыкына алмаштырбай калган адамдар. Арасында чек ара аймагында жашагандар, Кыргызстандын жаранына баш кошкон чет өлкөлүктөр да бар. Адамдар паспортту алмаштырууга, жарандыкты тактоого муктаждык жок деп эсептешип, качан керек болгондо, айталы бир жакка барарда ушул маселеге туш болууда. Бул абдан олуттуу маселе, документи жок адамдарга албетте көп жерде чектөө болот. Тилекке каршы, бул аларды кылмышка түртөт. Же болбосо, жөнөкөй эле социалдык жөлөк пул алуу укугуна ээ болбой калышат.

Мына ушул маселени чечүү максатында Бириккен улуттар уюму менен Мамлекеттик каттоо кызматы биргелешип Улуттук планды иштеп чыгышкан. Анын алкагында быйыл советтик үлгүдөгү кочкул түстүү паспорту менен жүргөн 12 миң адамга Кыргызстандын паспорту берилди. Алдыда дагы СССР документи менен жүргөн 12 миң кишини кыргызстандык кылуу иши турат.

Мындан тышкары, биз жогоруда айткан Анвардын үй-бүлөсү сыяктуу дегеле паспорту жок адамдар да бар. Калкты каттоо депатаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев ушуга токтолду:

- Ар кандай себептерден улам үй-бүлөлөр бала төрөлгөндөн кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылбай, натыйжада документсиз калгандар көп кездешет. Айрыкча жаңы конуштарда, же үйдө төрөлгөндөр. Айрым маалыматтар боюнча, түрдүу курактагы 8 миңге жакын адамдын документи жок. Буларды алгач төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен камсыз кылышыбыз керек. Мурда 14-16га чейин документ топтоп анан паспорт алышса, акыркы 2-3 жылда бул маселе жөнөкөйлөдү. 5-6 кагаз толтуруп, паспорт алууга болот. Такыр эле жөнөкөй кылып салган да болбойт, бул коопсуздукка байланыштуу.

Жарандыгы жок адамдар өздөрү паспорт столуна келип арыз таштабаса аларды аныктоо кыйын. Ал эми үймө-үй кыдырып тактоого мүмкүнчүлүгүбүз жок дейт Сатыбалдиев.

Адистер маселени чечүүдө калкка укуктук маалымат берилүүсү да маанилүү экенин, экинчи жагынан документ алууга адамдар өздөрү кызыгышы керектигин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG