Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Акыйкатчы институту жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерге төлөнгөн кенемтенин ордун толтуруп берүүнү мурдагы омбудсмен Турсунбек Акундан талап кылууда.

Мындай көрүнүштөрдү башка мамлекеттик мекемелерден да жолуктурууга болот. Адистердин баамында, кадрларды улам алмаштырган жетекчилердин айынан мамлекет жыл сайын миллиондогон сомдорду төлөп берүүгө мажбур, анын оорчулугу бюджетке эле түшүүдө.

Мыйзамсыз иштен алынганын сот аркылуу далилдегендердин катарында Анара Абдынасырова бар. Он жылдан ашык Акыйткатчы институтунда иштеген аял калыстык үчүн сөз сүйлөй коем деп, ал кездеги жетекчи Турсунбек Акундун "каарына” калганын айтууда:

- Бир кызды коргоп калганбыз. Аны да жумуштан кетиргени жаткан. Анын жаш кызы бар эле. Акун сен ага болушасың деп эле мага асылып туруп алды. Ошентип иштебей калдык. Сотко кайрылып, акыры жеңдик. Анан дагы ал иштеп жүргөндө “силер Бакир уулунун кадры болосуңар” деп көп айтчу. Кийин биздин ордубузга бүт өзүнүн адамдарын койбодубу.

Кадларды жумуштан кетирүүнүн айынан мамлекет казынасы миллиондогон чыгым тарткан

Кадларды жумуштан кетирүүнүн айынан мамлекет казынасы миллиондогон чыгым тарткан

Мындан төрт жыл мурун ээлеген ордунан кол жууган Анара Абдынасырова менен кошо дагы алты адамга Акыйкатчы институту бюджет эсебинен бир жарым миллион сомдон ашык акча төлөп берүүгө мажбур болгон. Турсунбек Акун акыйкатчы кезинде бошотулган кызматкерлерге таандык сот чечимдерин аткаруу кийинки жетекчиликтин мойнуна түшкөндүктөн, Бакыт Аманбаев башында турган мекеме мурдагы акыйкатчынын аракетине баа берүүнү сурап, адегенде Башкы прокуратурага, андан кийин Свердлов райондук сотуна кайрылган. Мекеменин өкүлү Бактыбек Рысалиев соттук териштирүү уланып жаткандыгын белгилеп, сотко кайрылуу жүйөсүн минтип түшүндүрдү:

-Турсунбек Акундун буйругу менен ал адамдар жумуштан кетип атпайбы. Төлөнүп берилген акча аппараттын акчасы. Эми Акундун мыйзамсыз жасаган иштеринин аракетинен чыгымга учурап атабыз. Ошондуктан ал төлөп бериши керек. Азыр бул жарандык ишти Свердлов райондук соту карап жатат.

Мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун болсо өз дарегине айтылган дооматтарды четке какты:

- Эми мыйзамсыз алынбайт да. Иштебей койгон кызматкерлерди эмне кылышым керек? Партиялардын ишине катышкан, кечигип келгендерди кетиргем. Мыйзамсыз алынган кызматкерлерге бюджет акча төлөп берсин деген мыйзамдын негизинде компенсация кайтарылды. Ал эми жетекчи өзү төлөп бериши керек деген мыйзам кийин чыккан.

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун быйыл март айында өзгөртүлгөн “Мамлекеттик кызмат” жөнүндөгү мыйзам тууралуу айтып жатат. Ага мыйзамсыз материалдык чыгымды мурдагы жетекчи өз капчыгынан төлөөгө тийиш деген берене киргизилген.

Анткен менен, мамлекеттик кадр кызматы мыйзамсыз иштен алынган кызматкерлерге олчойто акча төлөгөндөрдүн алдыңкы сабында Акыйткатчы институту турарын белгиледи. Мамлекеттик кадр кызматынын өкүл Элтуран Акматалиевдин маалымдашынча, соңку эки жылда бюджеттик мекемелерден 30га жакын киши жүйөсүз иштен алынышкан.

- Булардын айрымдары жумуш ордун которуп кетишкен болсо, көбүнчө мурунку жумушун улантып жаткандар. Бирок сот узак убакытка созулуп жаткандыктан, учурда көптөгөн процесстер каралууда.

Ал эми буга чейин чыккан сот чечимдеринин негизинде мамлекеттен төлөнгөн компенсациялардын эсеби 2 миллион сомдон ашат.

Мыйзамсыз бошотулгандыгын далилдөө үчүн кадрлары сотко кайрылган мекемелердин катарында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, баңгизатты көзөмөлдөө кызматтары, каржы, эмгек жана миграция, ички иштер министрликтери да бар.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова мыйзамсыз иштен бошотуу аркылуу каржылык зыян келтирген жетекчилердин катарына юристтерди, кадр бөлүмүнүн кызматкерлерин кошуп жазалоо керектигин сунуштайт.

- Эгер сот жумуштан алынгандын пайдасына чечип берсе да, жетекчилик гана жоопкерчиликти алып калбастан, аны менен жумуштан бошотуу чечимин кабыл алган адамдарды да төлөттүрүү керек деген ойдомун. Жүйөсүз фактылар менен жумуштан алгысы келерде, кесепети кандай болорун ойлоно жүрүшөт.

Эксперттер кадр саясатындагы туруксуздукту биринчи кезекте ар бир жаңы мекеме башчысынын “өз командасын” түзүү адаты менен байланыштырат. Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунда биринчи жетекчини тез-тез алмаштыруу тажрыйбасы кадр саясатындагы башкы өксүк катары айтылып келе жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG