Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Бажы биримдиги: сапатсыз дары түйшүгү


Учурда башка мамлекеттерден кырк миңдей аталыштагы ар түрдүү дары-дармек алынып келинет. Дары-дармекти ташыган элүү ири жана эки жүздөн ашык майда компаниялар бар.

Учурда башка мамлекеттерден кырк миңдей аталыштагы ар түрдүү дары-дармек алынып келинет. Дары-дармекти ташыган элүү ири жана эки жүздөн ашык майда компаниялар бар.

Медицина жаатында ишмердик жүргүзгөн бейөкмөт уюмдар Бажы биримдигине киргенден кийин дары-дармек менен камсыздоо тармагында жаңы көйгөйлөр жаралат деп билдиришүүдө.

Алардын пикиринде Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөгө сапатсыз дары-дармектердин ташылышына шарт түзүлөт. Алар мындай бүтүмгө өз алдынча жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгынан соң келишкен. Бейөкмөт уюмдардан түзүлгөн Дары-дармек менен камсыз кылуунун тазалыгы коалициясынын мүчөсү Бурул Макенбаева:

Бурул Макенбаева.

Бурул Макенбаева.

- Кыргызстан өзү дары-дармек чыгарбайт. Бажы биримдигине кирсек, аларды көбүнчө Орусиядан алып калабыз. Бирок ал жактан чыккан дарылардын сапаты начар. Биздин изилдөөлөргө ылайык, Орусия өзү чыгарган дарыларды өздөрүндө көп колдонбойт. Алар эми Кыргызстанга ташылып келиши мүмкүн да.

Бажы биримдигине кирген өлкөлөр өз компаниялары үчүн аймакта эркин соода-сатык, бизнес кылуу үчүн шарттарды түзүү аракетинде. "Мындай шартта дары-дармек соодасы менен шугулданган Орусиянын фармацевтик компаниялары артыкчылыкка ээ болуп, Европа өлкөлөрүнүн фирмалары кескин кыскарат", - дейт фармацевтика боюнча адис Бермет Барктабасова:

- Эл аралык компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Себеби Бажы биримдигинде Орусиянын компанияларына артыкчылык берилет да. Анан Орусия компанияларынын дарыларынын баасы да арзан болот. Бирок сапаты начар болуп жатпайбы. Элибиз ошол сапатсыз дарыларды сатып ала берет.

Кыргызстанда эл арасында дарыгерлерге кайрылгандын ордуна, дарыканадан дары алып, өз алдынча дарылануу тажрыйбасы кеңири жайылган. Мындай шартта өкмөт элди сапаттуу дары менен камсыздоосу зарыл экенин кошумчалады Барктабасова.

Кыргызстан дары-дармек камсыздоо жагынан импортко көз каранды. Атамекендик өндүрүштүн ички рыноктогу үлүшү болгону 3%ды түзөт, дарылардын 97 пайызы чет жактан ташылат: Орусиядан 16%, Белорусиядан 1%, Казакстандан 1%, калганы Европа өлкөлөрүнөн келет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык каражаттар жана дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы Жумакан Урмамбетова өлкөнү дары-дармек менен камсыздоо тармагына Бажы биримдигинин таасири тийбейт деди:

- Бажы биримдигине кошулсак эле сапатсыз даарылар көбөйөт дегенге кошулбайм. Кайсы биримдикке кирбейли талаптар, шарттар ошол эле бойдон калат. Андыктан Бажы биримдигине кирген күндө деле азыркыдай иш жүргүзө беребиз.

Ташболот Балтабаев.

Ташболот Балтабаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, медицина илимдеринин доктору Ташболот Балтабаев аталган тармакта Бажы биримдигине киргенден кийинки жагдайга тынчсызданууга негиз жок экенине ишендирет.Тескерисинче аткезчилик менен ташылган дарыга көзөмөл күчөйт.

- Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Ошол жактан дары-дармек ала беребиз. Бажы союзуна кирген күндө деле ал жактан алсак болот. Ал эми бейөкмөт уюмдар неге бул маселени көтөрүп жатат билбейм, алардын өз кызыкчылыктары бар го. Бирок Бажы биримдигинде мыйзамсыз, аткезчилик жол менен келген дарыларга көзөмөл күчөйт.

Учурда сырттан кырк миңдей аталыштагы ар түрдүү дары-дармек алынып келинет. Дары-дармек ташыган элүү ири жана эки жүздөн ашык майда компания бар. Кыргызстандын дары-дармек базарындагы башаламандык, алардын сапаты боюнча ар кандай кептер айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG