Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Атабаев: Ажылык сапардын баасы белгисиз


Максат Атабаев
Максат Атабаев

Кыргызстанда ажылык зыяратка баруучуларды 11-апрелден тарта каттоо башталат. Зыяратчыларды каттоо тартиби, быйылкы жылдагы өзгөчөлүктөр, Сауд Арабия бөлүп берген квота тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев “Азаттыкка” маек берди.

“Азаттык”: Быйыл ажылыкты каттоо тартиби кандай жүргүзүлөт? Өткөн жылга караганда өзгөчөлүктөр барбы?

Максат Атабаев: Зыяратка барууну каалагандарды каттоо 11-апрелде башталып,11-майга чейин уланат. Алгач каттоо иштери жүрөт, андан кийин ажыга баруучулар электрондук чүчүкулак аркылуу тандалат. Жалпысынан 34 каттоо пункту иштейт. Ысык-Көл облусунда, Нарын, Талас, Ош жана Бишкек шаарында казыяттарда гана каттоо жүргүзүлөт. Баткен, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында казыяттар менен биргеликте райондордогу муфтияттын өкүлдөрү да тартылат. Бул аймакта 28 каттоо пункту уюштурулат.

"Азаттык": Зыяратка баруучуларды тандоодо кандай талаптар коюлууда?

Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. Мындан тышкары ажыга баруучулардын кийимдеринин өлчөмү жана уюлдук байланыш номуру алынат.

Максат Атабаев: Электрондук чүчүкулакка катыша турган талапкерлер ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз 500 сом өлчөмүндөгү төлөм тууралуу РСК банктын көчүрмөсүн тапшырууга тийиш. Жергиликтүү мечиттердин имамдарынан ажыга мурда барбагандыгы тууралуу маалымкат, кеминде 2015-жылдын 1-октябрына чейин жашап жаткан жеринде каттоосу бар ID-карта талап кылынат. Бул талап эски паспортунун мөөнөтү бүтүп, алмаштыргандарга тиешелүү эмес. Ошондой эле чет элдик паспорт, аялдар үчүн махрамдын болуусу шарт. Тактап айтканда, күйөөсү менен барса нике күбөлүгүн, жакын туугандары менен барса, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын алып келиши керек. 3×4 өлчөмүндөгү төрт даана ак фондо тартылган, быдырлуу кагаздагы түстүү сүрөткө түшүүсү зарыл. Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. Мындан тышкары ажыга баруучулардын кийимдеринин өлчөмү жана уюлдук байланыш номуру алынат. Зыяратка жашы 18ден өткөн жарандар гана бара алат. Электрондук чүчүкулактан өткөндөр жогорудагы талаптардан тышкары №086 үлгүсүндөгү медициналык документ тапшырып, келишимге жана ажылык виза алуу үчүн анкетага кол коюшат.

Баары электрондошуп атат. Мурун кол менен жазылып катталса, азыр электрондук түрдө болот. Бул үчүн атайын базалар ачылат, зыяратка баруучуларды каттоо штабындагылар анын кандай жүрүп жатканын интернет аркылуу онлайн көрө алат.

“Азаттык”: Былтыр деле ажыга барчулар чүчүкулак ыкмасы аркылуу тандалган эле. Бирок анын жыйынтыгына нааразы болгондор, калыс өткөнүнөн шек санагандар да болгон. Быйыл мындай нааразылык жаралбайбы? Акыйкат тандоо жүргүзүү боюнча кандай аракеттер бар?

Максат Атабаев: Быйыл ажылыкты уюштурууда өзгөчөлүк жана жаңылануу бар десек болот. Анткени, баары электрондошуп атат. Мурун кол менен жазылып катталса, азыр электрондук түрдө болот. Бул үчүн атайын базалар ачылат, зыяратка баруучуларды каттоо штабындагылар анын кандай жүрүп жатканын интернет аркылуу онлайн көрө алат. Негизинен чүчүкулак 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал кезде чүчүкулактан өтпөй калгандардын тизмеси быйыл үч жолу киргизилет. Эгер быйыл да кошулбай калса, эмки жылы төрт жолу мүмкүнчүлүк берилет. Анда да өтпөй калса, кийинки жылы автоматтык түрдө кабыл алынат. Себеби, беш жолу катышып, жолу болбой калгандарды кабыл алуу тууралуу эреже бар. Чүчүкулак ыкмасы эл алдында өткөрүлгөндүктөн, биз былтыркы жылдан бери нааразылыктарды деле уккан жокпуз. Өткөн жылы Ош жана Жалал-Абаддагы эл акыйкат өттү деп ыраазы болгон.

“Азаттык”: Сауд Арабия канча квота бөлүп берди? Баасы бычылдыбы?

Максат Атабаев: Быйыл Кыргызстанга жылдагыдай эле 3685 орун бөлүндү. Ажылык сапардын баасы азырынча белгисиз. Жакын арада Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү Сауд Арабияга барып, зыяратка байланыштуу маселелерди талкуулайт. Буга чейинки сапарда аталган өлкөнүн Ажылык министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, ошонун алкагында электрондук тандоо өткөрүлө турган болууда.

Маалымат үчүн: Былтыр ажылык зыяраттын баасы бардык чыгымды кошкондо киши башына 2550 доллар деп эсептелинип, мурдагы жылга караганда 150 долларга кымбат болгон. Бул жылы Мекке шаарындагы диний жөрөлгөлөр болжол менен августтун этеги сентябрдын башына туш келет.

XS
SM
MD
LG