Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Оштогу лотерея чыры


Ошто электрондук лотереядан 700 миң сом утуп алган Азамат Эрмекбаев байгесин ала албай, тескерисинче, милициядан ыдык көргөнүн айтып чыкты. Ошол себептүү ал кумар оюндарынын артында укук коргоо органдарынын жетекчилери турат деп шектенүүдө. Бирок экинчи тарап муну куру доомат деп эсептейт.

Дээрлик бир миллион сомго жакын байгенин айынан чыккан чатак экинчи борбор калаадагы “Лотерея-37” оюн-зоок клубдарынын биринде орун алган. 30 жаштагы оюнчу компьютерге адаттагыдай эле акча коюп, чоң сумма утуп алган. Бирок клуб ээлери ири утушту жөн эле берип койгусу келген эмеспи, айтор “шылуундук кылды” деп оюнчуну милицияга карматып койгон. Оюнчу Азамат Эрмекбаев окуяны мындайча баяндайт:

- Ош шаарында жайгашкан “Лотерея-37” клубуна кирип, оюндан 700 миң сом таза акчалай байге утуп алгам. Кассада акча жок деп, ошол жерден дароо беришкен жок. Анан клубдун жетекчиси "эки-үч күндөн кийин берейин, бир аптадан кийин берейин" деп, созуп жатты. Акыры бир тыйын да бербей, он күн өткөндөн кийин мени Ош шаардык милициясына айтып, каматып койду. Мен бейкүнөө 13 күн убактылуу кармоочу жайда жатып чыктым. Ызама чыдабай, милициянын үстүнөн прокуратурага арыз жаздым. Бирок ушу күнгө дейре байгеден да кабар жок, мени туура эмес, тергеп камап салган тергөөчүгө да чара көрүлгөнү белгисиз.

Азамат Эрмекбаев
Азамат Эрмекбаев

Окуя өткөн жылдын 25-октябрында орун алган. Алдамчылык беренеси боюнча иш козгогон тергөөчүлөр оюн учурунда Эрмекбаев жарыкты өчүрүп, керектүү шарды атайын кутучага салып жиберген деп жыйынтык чыгарган.

- Кардарлар чоңураак суммада байге утуп алса, булар эптеп бербей коюунун айласын жасап, ар кандай жолдорго барышат экен. Лотереянын жетекчилери оюн учурунда шылуундук кылган деп, болушунча каралаган. Аны болсо тергөөчү деле текшербей-этпей, мени айыптуу деп жыйынтык чыгарып койгон. Негизи оюн учурунда лотерея ойноткондор өздөрү ар кандай ыкмалар менен, кардарларды алдайт. Көбүрөөк утуп баратсаң интернетин үзүп салат же уткандан кийин оюнчуларга акчасын бербей коет, кыскасы каалагандай иштешет,- дейт Азамат Эрмекбаев.

Кеп болуп жаткан “Лотерея-37” оюндук тармагы Кыргызстандагы ири компаниялардын бири деп эсептелген “Астра Клуб” мекемесине тиешелүү. Ага Алексей Пак аттуу жаран ээлик кылат. Бирок Оштогу клубдарын Тимур жана Айбек деген балдар иштетери маалым болду. Алардан окуя боюнча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

​Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул ишти тергөөдө чекилик кетиришкенин мойнуна алды. Мекеменин маалымат катчысы Замир Сыдыков буларга токтолду:

- Бизде электрондук лотерея аппараттары боюнча тиешелүү эксперттердин жетишсиздиги бул кылмыш ишин иликтөөдө кедергисин тийгизип жатат. Анткени жабдуулар канчалык деңгээлде талапка жооп берерин так аныкташыбыз керек. Бирок бул ишти тергөөдө айрым кемчиликтерди кетиргендиги үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Феруза Матазимовага жетекчилик сөгүш жарыялады. Иш азыр прокуратуранын кароосунда.

Казино ордун лотерея басты

Казино ордун лотерея басты

Кыргызстанда кумар бизнесине 2012-жылы тыюу салынган. Бирок кумарпоздукка алдырган жарандардын жакындары маселе дагы деле чечилбей келатканын айтышат.

Бирок жабырлануучу Азамат Эрмекбаев тергөөчүлөр лотерея ээлери менен макулдашып, байгеден түңүлтүү үчүн аны убактылуу кармоочу жайга киргизип койгонун айтууда. Анткени бул клубдарды милициянын жетекчилери “коргоого” алышы мүмкүн экен.

Азамат Эрмекбаев кайрадан кепке кошулду:

- Ош шаарындагы электрондук лотереялар сыртында эле лотерея деп жазып алганы болбосо, ичине кирсең кадимки эле казино. Оюндарды эч качан туура өткөрүшпөйт. Өтө көп алдап коюшат. Буга чейин да мага окшоп бир топ оюнчулар чоң суммада акча утуп, бөлүп-бөлүп, жарымын алып, же таптакыр ала албай калган учурлары болгон. Эми мен башыма түшкөндө гана анын баарын анык сезип отурам. Бир нерсе десең, “биздин “крышабыз” милиция, колуңдан не келет?” деп кууп чыгышат. Мени алдап койгон лотереянын ээси “менин “крышам” Ош шаардык милициянын башчысы Кылыч Жолдошев... Каалаган жагыңа арызданып бар, ал баарын басып коет” деп ачык эле айтты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев бул боюнча өзү маек берген жок. Бирок мекеменин өкүлү Замир Сыдыков милиция жетекчисине карата айтылган маалыматтарды четке какты:

- Азыр мыйзам бузган кээ бир адамдар кайсы бир чоң адамдын атын атап, “ошонун жардамы менен кылмыш жоопкерчилигинен бошоп кетем” деген ойдо ушундай туура эмес сөздөрү айтып жатышат. Ош шаарындагы электрондук лотереяларга Кылыч Жолдошевдин эч кандай тиешеси жок. Андай болушу таптакыр мүмкүн эмес.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кабарлашынча, Ош шаарында электрондук лотерея ойнотуучу 15 пункт бар. Анын көбүн эле “Астра Клуб” фирмасы тейлейт. Башка пункттарды “Гледис Компани” жана “Нур сити” аттуу бирикмелер иштетет. Бирок адистер алардын баары аткаминерлердин колдоосу менен кармалып турарын эскертишет.

Оштогу "Лотерея 37" клубунун ичи.
Оштогу "Лотерея 37" клубунун ичи.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев мындай дейт:

- Күч кызматтарынын жетекчилери, прокурорлор же ар кайсы кызматтагы аткаминерлер кымбат баалуу машинелерди кайсы акчага сатып алып жатат? Айлыгы аз болсо, катар-катар үйлөрдү кайсы каражатына куруп жатат? Ошол акчалардын баары бүт ушуга окшогон казино, лотерея оюндары, кыскасы акча түшө турган майталкан орундардан түшөт. Ал жайларга чиновниктер өздөрү ээлик кылышы мүмкүн же түздөн-түз “крышалык” кылышы ыктымал. Ал жерде ар кандай мыйзамсыз аракеттерди да жасашы мүмкүн. Анан ошонун эсебинен жан багышат.

2015-жылы Кыргызстанда 15тей электрондук лотерея ойнотчу фирмалар катталса, өткөн жылы ал фирмалардын саны 30га чукулдаган. Бирок бир эле фирманын бир канча түйүнү болушу мүмкүн.

Оштогу лотерея чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:40 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG